Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

М. Кайыпов: Шайлоого болгон эл ишеними жоголбош керек


Марат Кайыпов, мурдагы юстиция министри, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү.
Марат Кайыпов, мурдагы юстиция министри, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү.

“Бүтүн Кыргызстандын” саясий кеңешинин мүчөсү Марат Кайыпов партия шайлоочуларынын нааразылыгына үч мыйзам бузуу себеп болгонун айтат.

- Марат мырза, cиздердин партия бүгүн акцияны түштөн кийинкиг калтырганы айтылып жатат. Буга БШКга берилген мөөнөт гана себеп болуп атабы же дагы башка себептер барбы? Анткени кечээ парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу үчүн БШКга саат 11ге чейин убакыт бердиңиздер эле?..

- Буга башка да себептер болду, биздин түштүктөгү жактоочуларыбыз келип жетише албай жатышкандыктан, биз акциянын убактысын саат 14:00гө жылдырдык. Бүгүн кечээгиден эки-үч эсе көп эл чогулат деп күтүп атабыз. Шайлоочулардын нааразылыгына БШКнын үч чоң мыйзам бузуусу себепкер. Биринчиден, БШК кошумча тизме 198 миң адамга көбөйгөнүн айтып, Шайлоо кодексинин 22-статья, 9-пунктун бузуп жатат. Анткени ал жерде так жазылган: эгерде шайлоочунун аты кошумча тизмеге кирсе, анда ал негизги тизмеден өчүрүлүш керек деп. Бирок алар өчүрүшкөн эмес.

Экинчиден, 23-берененин 7-пунктунда так, даана: Борбордук жана жергиликтүү шайлоо комиссиялары эч убакта шайлоо бүткөндөн кийин, бюллетендерди саноо аяктаган соң, шайлоочулардын санын өстүрүүгө тыюу салынат деп турат. Булар болсо 12-октябрда саат 13:00дө маалымат жыйынында “шайлоочулардын саны өсүп кетти” деп айтышты. Бул өтө чоң мыйзам бузуу. Үчүнчү – эң негизгиси, БШК өзү сентябрь айында 227-токтому менен 2 млн. 800 миң бюллетень чыгарган, демек, алар шайлоочулардын так санын билген. Мынча сандагы бюллетень кыргызстандык шайлоочулардын санынан 0,5% көп бюллетень чыгарылган. Жанагы кошумча тизме менен киргендер болуп калса, ошол 0,5% ашпайт. Кыргызстан өзүнчө эле бөйрөктөн шыйрак чыгарып, дүйнөлүк практикадан айырмаланып кетпеши керек. Уят болуп атабыз, кантип эле бир түндүн ичинде шайлоочулардын саны 200 миңге ашып кетиши керек?

- Эми сиз кандай ойлойсуз, сиздердин партиянын парламентке келишине бут тосуунун артында ким турат?

- Албетте, президент Роза Отунбаева баш болгон утурумчу өкмөт турат. Анткени, эгерде биз парламентке келсек, дагы эки партия менен биригип, парламенттеги көпчүлүк добушту алып коёрубузду 11-октябрь күнү түн ичинде эсептеп чыгышкан. Ошондуктан, биз 145 миңден ашуун добуш алсак, 5% чекти 150 миңге көбөйтүп коюшту. Эгер биз 150 миң алсак, анда чекти 160 миң добушка чыгарышмак. Бул бет тырмаарчылык болуп атат.

- Айрым эсептер боюнча “Бүтүн Кыргызстан” парламентке келип, ал “Ар-намыс” жана “Ата Журт” партиялары менен коалиция түзгөн учурда деле парламентте көпчүлүк добушка ээ боло албайт болчу. Сиздер кантип эсептедиңиздер?

- Биздин санагыбыз боюнча үч партиянын коалициясы 62 добушту алмакпыз. Биз эсептеп, 11-октябрь күндөн тартып куттуктоолорду алып, коалиция түзүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү кеңешип атканбыз. Ошону билип, утурумдук бийлик бизди парламентке келтиргиси келбей атат, эгер биз келсек, алар өз бийлигинен ажырайт.

- Демек, кечээ сиздин партиялашыңыз Мирослав Ниязов убактылуу өкмөттүн отставкасын талап кылар мезгил келип жетти деп айтканына да ушундай негиз бар турбайбы?..

- Албетте. Биздин партия эч убакта шайлоо ортосунда кан төгүп, бийлик алууга каршы. Биз төңкөрүштөргө каршыбыз, ошондуктан, биз шайлоону күткөнбүз. Элдин добушун алган соң, ошол добушту коргоп калуу үчүн бардык чараларга даярбыз, акырына чейин турабыз. Биз толкуп турган элди токтоткубуз келбейт, анткени эгер биз токтотуп, бурулуп кетсек, анда бүт Кыргызстандын эли шайлоого түкүрөт, элдин шайлоого болгон ишеничи биротоло жоголот, минтип отурсак, мамлекетибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн.

- Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG