Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Жалал-Абад: кырдаал калыбына келди


Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май.
Жалал-Абаддагы тополоң, 14-май.

15-майда Жалал-Абад облусунда абал тынч болду. Губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов кечээки окуяларды мурдагы президент К. Бакиевдин инилери башында турган күчтөр уюштурган деп эсептейт.

Бүгүн Жалал-Абаддагы жагдай 14-майдагы ок атышуулардан кийин кайра өзүнүн тынч нугуна түштү. Автоунаалар жүрүп, базар жана соода түйүндөрү кайра ачылды. Обулустук бийликти экс-президенттин жактоочуларынын колунан кечээ кайтарып алуунун башында губернатордун милдетин аткаруучу Бектур Асанов турду. Ошондон бери жергиликтүү бийликти милициянын өзгөчө багыттагы жоокерлери кайтарууда.

Өткөн күндөгү капсалаңды мурдагы бийликти жактаган деструктивдүү күчтөр уюштурганын өз иш кеңсесинде өткөн маалымат жыйынында облус башчысы тастыктады. Бектур Асановдун белгилешинче, жума күнү ок атууну экс-президенттин жактоочулары баштаган. Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери саат төрттөн кийин курал алууга аргасыз болгон. Коогалаңда жабыр тарткандардын 99 пайызы жаңы бийликти кубаттагандар К. Бакиевдин жактоочуларынан бир киши жарадар болгон. 14-майдагы окуя боюнча изилдөө иштери башталып, шектүү делген он кишиге издөө жарыяланды.

Облус жетекчиси суроолорго жооп берип жатып, кечээки окуяларда жапа чеккендерге Бишкекте 7-апрелде жабыр тарткандарга кандай жардам көрсөтүлсө, ошондой жардам көрсөтүлөөрүн айтты.

Калабалуу окуялар болоордон мурда ага экс-президенттин мурдагы аппарат башчысы Ү. Сыдыков менен анын уулу да телефон чалып убактылуу бийликке каршы иштөөгө чакырган. Жаңы бийликти эл колдоооруна ишенген Б. Асанов бул багытта өзүнүн так позициясын жашырбай, алардын өтүнүчүн четке каккан:

- Бийлик биздин колубузга өтөт дегендей сөз айтты, бирок мен баласына айткам, бүгүнкү күндө бул туура эмес иш. Мындай шартта жарандык согуш болуп кетиши мүмкүн. Экинчиден, бүгүнкү эл азыркы бийликти колдоп жатат. Ү.Сыдыков өз тарабына өтүүгө үндөдү. Мен ачык эле айттым, мен бүгүнкү бийлик менен гана иштейм деп. Бүгүнкү күндө облуста кырдаал стабилдүү. Мен бүгүн эртең менен өмүрү кыйылгандардын тууган-уругуна көңүл айттым. Облустук бийлик бир айдан ашык убактан бери кан төгүлүп кетпесе экен деп этияттык менен иш аракет кылып аттык. Эгерде биз мындан кечиктирсек, мындан да көп кан төгүлмөк. Ошондуктан биз кечээ ушул кадамга барууга, элдин талабына көнүүгө макул болдук.

Маалымат жыйында мындан ары тынчтыкты сактап калуу маселеси көтөрүлдү. Губернатордун милдетин аткаруучунун жообу боюнча, эртеңден тарта жарым аскерлештирилген элдик кошуун түзүлөт. Облустун бейкуттугун коргоого 2500гө жакын жаш жана күчтүү адамдар тандалып алынып, кийин элдик милиция ошолордун эсебинен куралат. Анткени тартип сакчылары мурунку бийлик менен иштешкени үчүн кечээки окуяда өздөрүнүн кайдигерлигин көрсөтүштү, – деп айтты Бектур Асанов.

Карапайым жарандар болсо, экс-президенттин бир туугандары эмдигиче табыла электигине кабатыр. Жалал-Абад шаарынын тургуну Жаркын Жакиева мурунку бийликте иштегендерден арылуу маселесин козгоду:

- Убактылуу бийликке канааттанбай атам. Бүгүнкү күнү Бакиевдерди кармоо боюнча иш өтө начар жүрүп жатат. Теледен айтылып атат, тууган-уруктары Түркияда, Марат менен Максим болсо Латвияда жүрөт экен. Анан биз кармоо боюнча операциялар жүрүп атат деп атышат. Бирок мен канааттанбай атам ушул жүргүзүлүп аткан ишке, өзгөчө Жалал-Абаддагы атка минерлерге.

Сузак районунан Тургунбай Камбаров карыя убактылуу өкмөттү тартипти бекем сактоого чакырганы бар:

- Катуу тартип болмоюнча ынтымакчылык болбойт экен. Биз канчага чейин иш маалында элди топтоп тополоң кылып, элди дүрбөтүп жүрө беребиз. Мен суранам бийликтен катуу тартип болсун.

Эки күн мурда, 13-майда Жалал-Абад облустук акимчилигин кулатылган президент Бакиевдин тарапкерлери ээлеп алган эле. 14-майда болсо Убактылуу өкмөттүн тарапкерлери чогулуп, Бакиевчилердин чыгып кетишин талап кылды. Натыйжада эки тарап тиреше кетип, ок атылды жана таш бараң болду. Кагылыштан 2 адам мерт болуп, 60 чакты киши жаракат алды.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG