Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:51

Элдик курултай: Аракеттер жана тоскоолдуктар


17-марттагы Элдик курултайда бийликке 7 талап коюлган эле.
17-марттагы Элдик курултайда бийликке 7 талап коюлган эле.

Оппозиция 7-апрелде жер-жерлерде боло турган Элдик курултайга даярдык көрүүдө. Деген менен оппозиция өкүлдөрү курултай алдында аймактык айрым мүчөлөрүнүн сабалышын, белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр көп катталышын бийликтин курултайды болтурбоо аракети катары баалашууда.

7-апрелде республиканын бардык аймактарында өтүүчү Элдик курултайда 17-мартта өткөн курултайдын талаптарына бийлик көңүл бурбай койгондугу эске алынат. Ошол себептүү Элдик бийликти калыбына келтирүү маселеси сунушталышы мүмкүн.

17-марттагы курултайда тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, сөз эркиндигин камсыздоо сыяктуу талаптар коюлган болчу.

Ушул тапта БЭКтин саясий бюросунун жетекчилери дээрлик бардык аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бир топ райондордо да аткаруу комитеттери түзүлгөн. БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, Элдик курултайдын чечимдерин колдогондор күндөн-күнгө көбөйгөн менен бийлик тараптан курултайды болтурбоо аракеттери күч алууда:

- Тоскоолдуктар абдан болуп жатат, чагым болуп жатат. Биз бул сапар бийликти кетсин деп жаткан жокпуз да. Жогорку Кеңеш таркасын деген жокпуз. Социалдык-экономиаклык маселелерди жалпы элдин кызыкчылыгын элге жеткирип, эл менен талкуулайлы деп жатабыз.

А.Бекназаров Ысык-Көлдүн Каракол шаарына Элдик курултайларды уюштуруу комитетинен барган топ да ушундай тоскоолдукка кабылганын белгиледи. Ал эми Ош шаардык мэриясы Элдик курултайды өткөрүүгө жай берүүдөн баш тарткандыгын, комитеттин өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүүлөр күч алып, ал тургай бала-бакча, мектептеги балдарына да кысым көрсөтүлүп жаткандыгын Ош облусу боюнча комитеттин төрагасы Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ жакында эле Ош облусу боюнча Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрага орун басары, укук коргоочу Абдыкайым Кангелдиевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Т.Келдибаев сабалгандар бир гана ал эмес экенин белгилеп жатат:

- Кандайдыр бир криминалдык чөйрөнүн, спорт кийимин, же жарандык кийимчен адамдар активисттердин ар биринин үйүнөн, артынан аңдып, эшиктерин тепкилеп күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бир гана Абдыкайым Кангелдиев эмес, кээ бир активисттердин жакын туугандары да запкы жеп жатат. Алардын көпчүлүлүгү ооруканада травмотология бөлүмүнө дарыланып жатышат. Ошого карабай биз курултайды өткөрүүгө алектенип жатабыз.

ИИМдин Оштогу бөлүмү Кангелдиевди сабаган адамдар изделип жаткандыгын кабарлаган.

Ал эми Нарында шаар бийлиги 7-апрелде Элдик курултайды драма театрда өткөрүүгө уруксат берди. Элдик курултайды өткөрүү комитетинин Нарындагы мүчөсү Эркин Асаналиевдин божомолунда, курултайга 10 миңден ашуун эл келээри күтүлүүдө.

- Жер жерлерде эл менен ар кандай жолгушуулар болуп жатат. Курултайга келгиле деген баракчалар таркатылып жатат. Мэрия бөлүп берген жерде бардыгы мыйзам чегинде өтөт.

Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозиция каалаган убакта курултай, жыйындарды өткөрүп эле келе жатканын белгилеп, тоскоолдуктар болуп жатат дегенге макул эмес. Мисалы “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Табылды Орозалиев оппозиция коюп жаткан талаптар ультиматум менен чеилбей турганын белгилейт.

- Оппозиция болгондон кийин жети эмес он жети талап койсо да болот. Кеп анда эмес да. Кеп койгон талаптарын чоугу отуруп сүйлөшүүдө, бири-бирин угууда. Ынтымак курултайы пикир алышууга чоң аянт болчу. Идеалдуу шарт түзүлгөн болчу. Демонстративдүү келбей койсо эмне кылыш керек? Алардын артынан жалынып барыш керекпи. Маселе ушунда болуп жатпайбы.

Ошодой эле Табылды Орозалиев бийлик оппозиция менен диалого дале болсо даяр экенин билдирди. Ал эми оппозиция өзүнүн кийинки кадамдарын 7-апрелдеги Элдик курултайдан соң, анын чечимине жараша аныктай турганын айтууда.

XS
SM
MD
LG