Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Апрель курултайлары: кырдаал кыр учундабы?


Бишкектеги Элдик курултай, 2010-жылдын 17-марты.
Бишкектеги Элдик курултай, 2010-жылдын 17-марты.

Ушул шаршембиде жер-жерлерде Элдик курултайлар өткөнү турат. Оппозиция лидерлеринин айтымында, кийинки кадамдар ошол курултайлардын чечимине жараша жасалмакчы. Анын алдында айрым аймактарда мындай жыйындарга тоскоолдуктар байкала баштаганы кабарланууда.

Оппозициялык Бириккен элдик кыймыл уюштурган 17-марттагы Элдик курултайда бийликке 7 талап коюлуп, аны аткарууга 24-мартка чейин убакыт чектелген. Ошондой эле эгер талаптар аткарылбаса элдик бийликти орнотуу үчун жер-жерлерде элдик курултайлар өтөөрү белгиленген. Бул курултайда тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, сөз эркиндигин камсыздоо сыяктуу талаптар коюлган эле.
Караколдогу жолугушууда атайын даярдалган аялдар тобу чыр салып, ошонун арты менен бизге айып тагуу аракетин жасашты...Э. Каптагаев

Мына ушул талаптардын бири да аткарылган жок деп эсептеген оппозиция эми 7-апрелде жер-жерлерде элдик курултайларды уюштурууну көздөөдө. “Бийлик ээси – эл” деген ураан астында өтчү мындай курултайларды уюштуруу боюнча топтун өкүлү Жыргалбек Турдукожоев учурда дээрлик көпчүлүк аймактарда иш жүрүп, уюштуруу иштерине тоскоолдуктар да болуп жатканын айтат:
Жыргалбек Турдукожоев

- Айрым аймактарда жергиликтүү бийликтер тарабынан каршылыктар болуп жатат. Элдик курултайларга тоскоолдуктарды жасаш үчүн абдан катуу даярдыктар көрүлүп жатканын биздин жер-жерлердеги өкүлдөрүбүз кабарлап жатышат. Бул эми боло жүргөн көрүнүш...

Тоскоолдук демекчи, кечээ Ысык-Көлдүн Каракол шаарына барган Элдик курултайларды уюштуруу комитетинин жетекчиси, парламенттеги СДП фракциясынын башчысы Роза Отунбаева баштаган топ да ушундай тоскоолдукка кабылганын “Азаттыкка” аталган комитетинин өкүлү Эмилбек Каптагаев билдирди.

- Атайын даярдалган аялдар тобу тополоң салып, чыр чыгарып, ошонун арты менен бизге кандайдыр бир айып тагуу аракетин жасашты. Бирок андан майнап чыккан жок. Жолугушуудан кайтканда болсо жергиликтүү милиция токтотуп, ШИИБиге барышыбызды суранды. Ал жерге барсак “рейд жүрүп атты эле, келген-кеткен кишилерди карап аттык эле” деген шылтоо менен бир топко кармашты.

Буга улай эле “Ата Мекен” партиясынын Ысык-Көлдөгү жаштар канатынын лидери Салават Имашовго оппозициянын жолугушуусу учурунда "бир аялдын колун сындырган" деген айып менен кылмыш иши козголгону кабарланды. Салават Имашов өзү муну жалган жалаа деп эсептээрин, бул жолугушууда атайын даярдалган аялдар тобу өздөрү чыр чыгарганын билдирди. Бирок күнгө жекшемби болгондуктан “Азаттыктын” бул окуя боюнча жергиликтүү бийлик жана күч органдарынын өкүлдөрү менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Алманбет Шыкмаматов
Ошол эле учурда оппозициялык саясатчылар өлкөдөгү саясий кырдаал жар кырына жакындап, опурталдуу болуп баратканын айтышууда. Маселен "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Алманбет Шыкмаматовдун пикиринде, бийлик менен элдин ортосундагы ажырым улам кеңейип баратат:

- Азыр Кыргызстандын асманын кара булут каптаган маал. Бул кара булут – саясий кризис, экономикалык кыйынчылыктар... Бийлик элди укпай, эл бийликке ишенбей калган абалга кабылып калдык. Бирок бийлик өз кемчилигин, мажирөөлүгүн такыр моюнга алгысы келбей жатат. Мындан улам элдин нааразылыгы күн санап күчөп баратат.

Бул арада оппозиция эл аралык коомчулукка кайрылып, өлкө жакын арада туруксуздукка туш келиши мүмкүндүгүн эскертти.

Бийлик өкүлдөрү болсо мындай пикирлерге макул эмес. Жакында эле аймактарды кыдырып келген “Ак жол” фракциясынын башчысы Улукбек Ормонов элдин маанайы жакшы деген ойдо:

Улукбек Ормонов
- Биздин депутаттар Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып келишти. Мен Өзгөн районунда болдум. Жалпысынан элдин маанайы аябай жакшы. Ынтымак курултайын талкуулап жатышат. Өкмөт иши, тариф саясаты боюнча биз да элге маалымат бердик. Эми оппозиция өзүнчө курултайларды уюштура турган болсо аларды да угабыз. Бирок баарын мыйзам жолунда кылыш керек.


Канткен менен өлкөдө социалдык-экономикалык абал эле эмес, саясий кырдаал да оорлошуп баратканын айткандар да жок эмес. Бийлик элдин талабын эске албай жатат деп эсептеген саясий серепчи Табылды Акеровдун баамында, чынында азыр кырдаал курчуп баратат:

- Эгерде бийлик өз саясатына өзгөртүүлөрдү киргизбесе, айрым аймактарда, балким бүт өлкө боюнча 2005-жылдагыдай окуялар кайталанып кетиши мүмкүн деп болжосо болот.

Ошентип оппозиция өкүлдөрү ар кандай тоскоолдуктарга карабай 7-апрелде жер-жерлерде элдик курултайлар өтөөрүн, андан кийинки кадамдар ошол жыйындардын чечимине жараша болоорун айтууда.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG