Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:33

А.Сариев: Шайлоочулардын 90 пайызы жаңы Конституцияны жактырды


Акылбек Сариев, БШК төрагасы
Акылбек Сариев, БШК төрагасы

Жалпы элдик референдумдун алгачкы жыйынтыктары боюнча суроолорго “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев жооп берди.

- Кечээги жалпы элдик референдум жалпысынан кандай өттү, мурдагы шайлоо, референдумдарга салыштырганда кандай кемчиликтер же оң жактары болду?

- Эми кемчиликтерин айта албайм. Эң негизгиси кечээ референдумдун тынч өткөнү биздин көңүлүбүздү ынандырды. Анткени баарыбыз чочуп турганбыз бир нерсе чыгып кетпесе экен деп, Кудайга шүгүр андай болгон жок.

Жыйынтыгын айтсак, бизге түшкөн алдына ала маалымат боюнча, бюллетендердин 93 пайызы саналып чыкты. Бардыгы 2159 добуш берүүчү жайдын 7 пайызга жакын протоколдор карала элек. 2159 шайлоо бекетинин маалыматы боюнча, референдумда 1 миллион 667 миң 895 адам колдоду, 144 миң 959 адам каршы добуш берди. Пайыз менен эсептегенде добуш бергендердин 90, 79 пайызы колдоп, 7,89 пайыз каршы добуш бериптир.

- Мыйзам бузулган фактылар болдубу, добуш берүү учурунда сиздерге кайрылгандар болуп аттыбы?


- Оозеки, телефон менен кайрылып аткандар болду. Ал эми жазуу түрүндө эч ким кайрылган жок. Кечээ базарда иштегендер боюнча кайрылгандар болду, шарт түзүп бергиле деп. Биз ага макул болгон жокпуз, анткени БШК өзүнүн чечими менен убактылуу өкмөттүн кабыл алынган декретине түшүндүрмө берип, базарларда көчмө добуш берүүнү уюштурганга болбойт, мыйзамга туура келбейт деген чечим кабыл алганбыз. Бирок ошого карабай бир-эки базарда добуш бердирип кетти деген маалыматты угуп атабыз, эми азыр аны териштиребиз. Бишкектин Ленин району боюнча деп оозеки айтылган, бирок жазуу түрүндө кайрыла элек. Андан башка “эки базардан уюштуруп бергиле” дегендерге жазуу түрүндө болбойт деп жооп бердик, мындай оозеки кайрылуулар Бишкектен болуп атты.

- Референдумга 189 эл аралык байкоочу баам салыптыр, азырга чейин эл аралык жана жергиликтүү байкоочулардан алдына-ала баасын бергендер болдубу?

- Эл аралык байкоочулар азырынча өздөрүнүн ой-пикирин айта албайт, балким бүгүнтөн баштап кээ бирлери айтат болуш керек. Башка жергиликтүү байкоочулар телефон чалып кайрылып атышты, бул жакта мыйзам бузуулар болуп атат дегендей кылып. Аны биздин мүчөлөр карап, же болбосо жергиликтүү мүчөлөр тактап атты. Бирок дагы айтайын, мыйзам бузуулар боюнча жазуу түрүндө эч ким кайрыла элек.

- Референдумдун жүрүшүндө айрым жерлерде негизги кемчиликтердин бири катары бюллетендин тартыштыгы байкалып атты деген маалыматтар болду.

- Эми бул Бишкекте гана болду, бир-эки добуш берүү жайында ушундай болуп калды. Аны билесиздер, Убактылуу өкмөттүн декретине ылайык, кошумча тизме боюнча ар бир адам каалаган жеринде добуш берди. Ушундай шарт түзүлгөндөн кийин Бишкекте гана бир-эки жерде ушундай көрүнүш байкалды, башка жерлерде мындай тартыштык болгон жок.

- БШК референдумдун жыйынтыгына качан чекит коёт?

- Эми акыркы чекитин протоколдордун түп нускалары жер-жерлерден келип түшкөңдө гана чыгарабыз. Азыр добуштардын 92 пайызы каралып чыкты, дагы 8 пайыздын маалыматын күтүшүбүз керек. Жалпысынан 8 пайыздын көрсөткүчтөрү жалпы жыйынтыкка анча-мынча таасир этиши мүмкүн, бирок көп өзгөрүү болушу күтүлбөйт. Анткени алардын айырмасы аз эле болуп калды.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG