Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Р.Отунбаева: Кыргызстан укуктук жолго түштү


Өткөөл мезгилдин президенти, Убактылуу өкмөт жетекчиси Роза Отунбаева референдумдун алгачкы жыйынтыктарына баа берип, "Кыргызстан укуктук жолго түштү" деп билдирди. Бул тууралуу ал 27-июндун кечиндеги маалымат жыйынында айтты.

Роза Отунбаеванын айтымында, референдум айрым тоскоолдуктарга карабай ийгиликтүү өтүп, эл үй-бүлөлүк башкаруунун жолун тосуп, стабилдүүлүк үчүн өз добуштарын беришти. Роза Отунбаеваныын айтымында, добуш берүү учурунда референдумду болтурбай коюуга аркеттер катталбай, тынч өттү.

- Биз референдумду ийгиликтүү өткөрүп, Кыргызстан жаңы Конституцияга ээ болду. Бул Баш мыйзамды биз күттүк эле. Эл келиши менен, добушу менен муну аныктады.

Борбордук шайлоо комиссиясы референдумга добуш бергендердин жыйынтыгын чыгырган соң өкмөттүн “убактылуу” деген сөзү алынып салынат. Референдумга коюлган жаңы Конституциянын ичинде өткөөл мезгилдин президенти жөнүндө жобо ишке кирип, Р.Отунбаева президенттин да, өкмөт жетекчисинин да милдетин аткарат.

Убактылуу өкмөт жетекчисинин айтымында, өкмөттүн алгачкы кадамдарынын бири өлкөдөгү коопсуздукту камсыз кылып жана жаңы өкмөттү түзүүгө аракеттер жүрөт. Анткени шайлоо күнү жарыялангандан баштап учурда Убактылуу өкмөттө иштеп жаткандардын айрымдары өз кызмат ордуларын таштап, шайлоого катышууга кетишет. Буга чейин мындай ниеттерин Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев билдиришкен.

Ошондой эле пенсия, айлык акыларды көтөрүү, мектеп, бала бакчаларды куруу иштери уланат. Ал эми тополоңдо үй-жайы өрттөнүп, талкалангандардын үй-жайын ушул жылдын кыш мезгилине чейин калыбына келтирүү аракети көрүлөт.

- Биринчиден биз өкмөттү түзүшүбүз керек. Күч структураларыбызды күчөтүшүбуз керек. Анткени коопсуздук – биз үчүн абдан курч маселе. 100 миңдей адам кайра кайтып келди. Аларды биз качкын дебейбиз. Алар биздин эле адамдар.


Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн курамы толугу менен өзгөрбөй турганын, шайлоого катышуу үчүн кеткен кызматтар үчүн гана мыктылардын мыктысын тандап алууга өкмөт аракет кылаарын белгиледи. Ал эми мыктылар ар кайсы партия жана оппозиция өкүлдөрүнөн тартылмакчы.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин ордун убактылуу басып туруучу мыйзамдык ассамблея түзүлүп, ал маал-маалы менен чогулуп абалга жараша декреттерди кабыл алып турат. Анын курамына 17-мартта оппозиция өткөргөн Элдик курултайда идеяларын сунуштап, 7-апрелден кийин бийликке келген партиялардын өкүлдөрү кирет.

Ошондой эле маалымат жыйында өткөөл мезгилдин президенти түштүктө кырдаал дале болсо татаал экенин, андагы окуяны иликтөө жүргүзүүгө кызыктар экенин жана атайын топ бул окуяны иликтей тургандыгын айтты.

- Ошол иликтөөдө билинет чынында эле кимдин күнөөсү бар экени, ким канчалык күнөөлүү экени. Балким ошол жерде бул же, башка ведомство же кызматкерлердин да күнөөсү бар экени чыгып калат. Муну биз жыйынтык чыкканча күтө туралы.

Борбордук шайлоо комиссиясы толук жыйынтык бир аптадан соң болоорун айтып жатат. Ал эми Р.Отунбаева “референдумга добуш бергендер оң баа берди го” деп ишенерин кошумчалады.

Р. Отунбаева: Референдум боюнча соңку сөз
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:50 0:00

XS
SM
MD
LG