Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Балыкчыдагы митингде БЭКтин талаптары жаңырды


27- мартта Балыкчы шаарында оппозиция өткөргөн митинг жергиликтүү жана жогорку бийликке конкреттүү талаптар койду. Алар 20-апрелге чейин аткарылбаса мөөнөтсүз митингдер башталаары эскертилди.

Митинг Балыкчы шаарындагы маданият үйүндө өттү. Ага ЖКнын социал демократтар фракциясынан депутат К.Кадыров, шаар башчысы Т.Өмүркулов жана күч органдарынын жетекчилери келди.Чогулган эл -”Биз криминалдык бийликке каршыбыз”, “Куугунтук, сүргун токтотулсун”,-деген көрнөктөрдү көтөрүп турду. Трибунада “Жакыр шаарым Балыкчы,- деген плакат илинди.

ЖКнын депутаты К. Кадыров оппозициялык топтор биригип Бириккен Элдик Кыймыл болуп түзүлгөнүн жана анын курамындагы лидерди атады. Митингдин максаты - куугунтукту жана үй-бүлөлүк криминалдык башкарууну токтотууда экенин кеңири чечмелеп, кемчиликтерге токтолду:

-Кыргыздын чыгаан жигиттерине репрессия башталды. Куугунтук башталды. Өкмөт иштебей атат. Биз элди бакпай эле элдин салыгы менен айлык алып, машина тээп жүрөбүз. Бул туура эмес. Системаны өзгөртүү керек.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Муктарбек Жаналиев мурунку мэр Бекжанов да, азыркы мэр Т.Өмүркулов да суу чыгарууга бөлүнгөн акчанын ысырап болуп жок болгонуна нааразы болду:

-Мурунку мэр Бекжанов элден чогулган 650 миң сомду жеп алып качып кетти, прокуратура эмгиче таба албай жүрөт. А азыркы мэр Өмүркүлов сууга бөлүнгөн 10млн сомду чыгыштаган менен натыйжасы көрүнбөй атат. Ага күнөөлүүлө камакка алынды эле. Кайра бошотуп жиберди.

Балыкчы шаарындагы Кумөрдүн химикат сактаган жайы, көл жээктеги май куюучу жайлар, Кызыл Саз аймагында 2006-жылдагы жер титирөөдөн ураганы калган турак үйлөрдүн ж.б.социалдык көйгөйлөр боюнча Талгар Аденов, Сайракан Муканбетова, Ишенбек Өмүралиев өңдүү ондогон кишилер сүйлөгөндөн кийин Куланбек Чакиев атуу аксакал шаарда жакырлар жок, митингдин да кереги жок деди эле, эл аны көпчүлүк трибунадан айдап түштү.

Гимназияда иштеген дагы бир мугалим оппоцициянын таламдарын колдобоого чакырды эле, ал да ушундай кырдаалга туш болду, көпчүлүк мындайларды бийликтин дүжүр адамдары катары кабылдады. Балыкчы шаар башчысы Т.Өмүркулов чечилчү маселелерден суу чырына чекти коюларын убада берди:

-Калмак-Ашуудан суу тартып келүүжумуштарынын 60 пайызы бүтүп калганда сот болуп токтоп калган, жыл аягына чейин курулуш бүтөт.

Балыкчылыктарды кыжырданткан маселе, суу тартып келүүгө радиациялуу түтүктөрдү сатып келген шаар бийлигинен эч ким камалбай, мурда вице мэр болуп иштеген Медеркуловдун камалып отурганы айтылды. Ал оппозиция лидерлеринин бири Жекшенкуловдун бир тууган иниси да. Шаардын ардактуу тургуну С.Урманаев бийлик элге кам көрбөсө чоң чатактар али алдыда экенин эскертип, коррупцияны бийликтегилер өздөрү баштап атканын ырастады..

-Мен министр кезимде беш жылдай коопсуздук кеңешинин мүчөсү болдум, өкмөттүн үйүндо жашап, аны бошотуп бергенден кийин Айдаралиев айдоочусуна каттатып коюп, ошол кездеги 43 миң доллардык үйдү 60 миң сомго сатып алды. Ал вице-премьер, эми айыл чарба министри болуп эле иштеп атпайбы! Муну өкмөт көрбөйт, укпайт. Эмне сокурбу? Анан эле Жекшенкулов Исаков ж.башкалар мыйзамсыз ишке барган болот. Мына бийликтин жүзү!

Митинг соңунда резолюция кабыл алынды. Анда БЭКтин шайлоо комиссияларынын, күч органдарынын жана мамлекеттик сыналгы компанияларынын жарымын оппозициянын сунушу менен дайындоо, саясий куугунтукту токтотуу, шайлоого эл аралык байкоочуларды кеңири чакыруу жөнүндө талаптарын жарыяланды.

Жергиликтүү көйгөйлөрдөн "Таза суу" чырынын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу жана шайлоону дайыма бурмалап өткөрүүгө көмөктөшүп жүргөн Ысык-Көл кинотеатрынын башчысын кызматтан алуу тууралуу талаптар коюлду. Булар 20-апрелге чейин аткарылбаса “Бакиевдерсиз шайлоо” деген ураан алдында мөөнөтсүз митинг башталаары эскертилди.

XS
SM
MD
LG