Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:54

Кыймылсыз мүлктүн баасы өлкөдөгү абалга көз каранды


Кыргызстанда апрель жана июнь айларында болгон коогалуу окуялардан кийин бир аз арзандаган кыймылсыз мүлктүн кайра кымбаттай баштаганы байкалууда. Адистер турак-жайдын кымбатташын күзгү сезонго жана элеттен борборго көчүп келгендердин саны көбөйүп жатканы менен байланыштырууда.

Соңку айда жер тамдардын баасы дээрлик мурдагыдай сакталганы менен, көп кабаттуу батирлердин баасы 3-4 миң долларга өскөндүгүн адистер белгилешет. Коогалаң орун алган Ошто жана башка аймактарда турак-жай базарында кандай өзгөрүүлөр болууда?

Алгач апрель ыңкылабы, ага удаа түштүктөгү кандуу коогалаң орун алгандан кийин Бишкек жана башка аймактарда да кыймылсыз мүлктүн баасынын ылдыйлаганы айтылган. Бул айрыкча кандуу капсалаң орун алган Ош жана Жалал-Абад шаарларында өзгөчө байкалган. Айрым адистер ушул тапта турак жайдын баасы 3-4 миң долларга өскөнүн белгилешүүдө. Ал эми жер тамдардын кымбатташы курулуш материалдарына болгон баанын өскөнү менен түшүндүрүлүүдө.

7-апрелден кийин Риэлторлор коомдук бирикмесинин жетекчи орун басары Елена Ананьева жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, кыймылсыз мүлктүн баасы Бишкекте 30-40 пайызга арзандап кеткенин белгилеген эле. Анын айтымында, 7-апрелден кийин бир бөлмөлүү батирдин баасы районуна карап 10 миң долларга чейин арзандап кеткен. Маселен Политех районунда 28 миң доллар болуп турган үйлөр 19 миң долларга араң өткөн. Ошол кезде адистер кыймылсыз мүлктүн баасы 2005-жылдагы деңгээлге келет деп болжолдоп жатышкан.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында биринчи жарымында 1-2 бөлмөлүү батирлер азырак, ал эми 3-4-5 жана байманалуу аймактарда 5 пайыздан 27 пайызга чейин баасы арзандап кеткен. Ушул эле кызматтын маалыматына караганда, июнь айында турак-жай алып-сатуу келишими 21 пайызга кыскарса, июлда бул көрсөткүч 8 пайызды түзгөн.

Алганда кымбат, сатканда арзан

Зулфия Рысбай кызы учурда Бишкектен үй издеп жүргөн чагы. Ал да үйлөрдү арзандады дегенди угуп бир нече кыймылсыз мүлк агенттиктерине баш багып көрдү. Бирок ал айрыкча батирлердин баасы көп деле түшпөгөнүн белгилеп, өкмөт эски типтеги үйлөрдүн ордуна ипотека менен жаңы көп кабаттуу батирлерди курса жакшы болор эле дейт.

- Азыр кантип кымбаттап, арзандап жатканын түшүнбөйсүң деле. Азыр шайлоо болуп, жаңы өкмөт келет деп атабыз. Ошолор мамлекеттик кызматта иштегендерге да туура келе турган баада ипотека менен үй берүү жагын караса жакшы болот эле.
Бишкектеги эски үйлөрдүн ордуна жаңы көп кабаттуу үйлөр курулса жакшы болмок.

Бишкектеги кыймылсыз мүлк агенттигинде иштеген Айбек баалар мурдагыдан өскөнүн, учурда эки бөлмөлүү батирлерге суроо-талап жогору экенин белгиледи.
Көп кабаттуу үйлөр курулууда, бирок баасы кымбат.

- Баалар, тескерисинче, өспөдүбү. Мурда эки бөлмөлүү 104-сериядагы батирди 34 миңге алсаңар, азыр шаардын түштүк кичи райондорунда 38 миң доллар болуп атат. Азыр бир-эки бөлмөлүү батирлер жакшы өтүп атат. Анктени Оштон келгендер көп сатып алып атат. Агенттик коюлган баанын үстүнө миң доллар кошот.

Учурда Бишкекте районуна жана ремонт, сериясына карап бир бөлмөлүү батирдин баасы 15 миң доллардан жогору болууда. Адистердин баамында, 4-5 бөлмөлүү же эки кабат чоң үйлөргө суроо-талап аз.

7-апрелден кийин курулуш материалдары да бир топ кымбаттаган. Ушул тапта жер там куруп жаткан Максат Нышанов мунун бир нече себеби бар деп эсептейт. Анын айтымында, баалардын кыйла көтөрүлүшү өлкөдөгү кырдаалга жана сезонго да байланыштуу болушу ыктымал.

- Курулуш материалдары апрелден баштап эле кымбаттап келатат. Цемент 320 сом болсо, азыр бир кабын 380-390 сомдон алып атабыз. Гипсокартондун бир даанасы жаз айында 240 болсо, учурда 270 сомдон сатылып атат. Такта да кымбаттады, мурда бир кубу 10,5 миң болсо, азыр 18 миңге чейин сатылып атат. Жыл башында эсептелген баадан азыр 20-25 пайызга кымбат түшүп атат. Казакстандан сырье келбей жатат, ал эми Канттагы цемент заоду аз цемент чыгып атат. Ортомчулардын эсебинен да кымбаттап жатат деп ойлойм.

Курулуш материалдары арзан эмес.
Сатуучулар баанын өсүшүн бажыдагы көйгөйлүү маселерге байланыштырууда. Курулуш материалдарын саткан Шамшарбек Калыев айрыкча сырттан келген товарлардын кымбаттаганын белгиледи:

- Ыңкылаптан кийин чындыгында Казакстандан, Кытайдан келген товарлар кымбаттап атат. Бажы өткөрбөй, көп акча алып коюп атыптыр. Биз алган фирмалар ошентип айтып атат. Цемент чындыгында кымбаттап кетти. Бизге арзандаткыла деп эч ким келген жок, фирмадан алган баага 5-10 сом кошуп сатабыз. Өзүбүздөн чыккан товарлар ошол эле баада.

Буга чейин Монополияга каршы агенттиги цементтин баасы мурдагы калыбына келгенин, көзөмөл жүрүп жатканын “Азаттыкка” белгилеген эле. Бирок сатуучулар баа өзгөрбөгөнүн ырасташууда. Дагы бир сатуучу Данияр жыгачтардын, ДВП, ДСПнын кымбатташы Орусияга байланыштуу дейт:

- Баары фирмага байланыштуу. Азыркы маалыматтар боюнча Орусияда токой өрттөнгөндө жыгачтын бир кубу 18 миң болуптур. Ошондуктан ал жактан кымбат келип атат. Ал жактан кымбат алып өз баасында сатсак бизге пайдасы эмне?

Ошто үй арзандады

Учурда Ошто массалык түрдө үй сатуулар, алмаштыруулар, батирге берүүлөр жүрүп жаткан кези. Ош шаарында үйлөрдүн баасы 30 пайызга арзандаган. Адистер мунун себеби июнь окуяларынын натыйжасында түзүлгөн кооптуу кырдаалга байланыштырууда.

Негизинен Ош шаарындагы турак-жайга болгон баа июнь окуяларынан кийин төмөндөөдө. Бирок шаардын бардык эле райондорунда баанын түшүшү бирдей эмес. Мисалы, дээрлик кыргыз улутундагылар отурукташкан Батыш, Анар жана Төлөйкөн кичи райондорунда кайрадан батирлерге болгон талап жогорулаган. Ушундай байкоосун шаардын Анар кичи районунун жашоочусу Гүлжамал айтат.

- Каргашалуу июнь окуясынан кийин кыймылсыз мүлккө болгон баа кескин төмөндөдү. Айрым райондордо, тескерисинче, кымбаттаса, Зайнабидинов көчөсүндөгү буюм базарынын тегерегинде кичи райондордогу үйлөр арзандап кетти. Мунун себеби коопсуздукка байланыштуу болуп атат. Кыргыз улутундагылар башка райондорго кетип, өзбек тектүүлөр атайын агенттикке байланышып сатууга аракет кылып жатышат. Мисалы, Анар кичи районундагы биринчи кабаттагы 3 бөлмөлүү батир 13 миң доллар деп турат. Бул дагы 10-11 миңге түшөт. Апрель, июнь окуясына чейин ушул райондогу мындай үйлөр 20-25 миң доллар турчу.

Ушуну менен катар кээ бир атуулдар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып колдон келсе экиден үй сатып алган учурлар бар. Ош шаарынын тургуну Тургунбай ишкерлер жана колунда акчасы барлар шаарда абал турукташканда кайра сатып, акча табуу аракетин көрүп жатат деген пикирде.
Оштун айрым райондорунда турак-жай кымбаттады.

- Менимче Оштогу коогалаңдан кийин үйлөрдүн баасы арзандап жатат. Менин эле тааныштарым накталай акчага арзанырак үйлөрдү таап жатышат. Мурда 30-35 миң доллардан бир тыйын да түшпөгөн үйлөр бүгүнкү күндө 20-25 миң долларга сатылып атат.

Адистер болсо Ош шаарынын жашоочуларынын мындай топторго бөлүнүүсү эки улуттун ортосундагы ажырымды кайра көбөйтөт деген пикирде. Шаардагы бир жеке кыймылсыз мүлк боюнча агенттигинин жетекчиси Рахат Токтомуратова "Азаттыкка" курган маегинде дал ушул улутка карап отурукташуу азыр билинбегени менен келечекте терс натыйжа берет деп тынчсызданат.

- Сатуу да, сатып алуулар да абдан көп болуп атат. Баа түшүп кеткен. Кээде кыргыз райондорунда жашаган өзбектер өздөрү келип сатып же алмаштырган учурлар көп байкалууда. Ушундай эле учур кыргыз улутундагыларда болуп жатат.

Ош шаарында турак-жайга катарлаш эле дүкөндөрдүн, соода түйүндөрдүн кожоюндары шаардын кооптуу делген аймактарындагы бизнесин токтотуп, башка бирөөлөргө арзанырак баада ижарага берип же биротоло сатып жаткандары байкалат.

Таласта кырдаал башка

Кыргызстанда апрель жана июнь окуяларынан кийин миграция күч алып, турак-жай үчүн баа төмөндөдү дегени менен Таласта, тескерисинче, баа күндөн күнгө көтөрүлүүдө. Бүгүнкү күндө үйдү сатып алуу арзанга турабы же аны куруубу?

Апрель окуясынан кийин Талас шаарын кыдырганда дарбазаларда «там сатылат» деген жазуулар көбөйгөнүн байкаса болот. Бирок там сатып алууну каалагандар дээрлик жокко эсе деп кейиген сатуучулар да аз эмес. Ал эми турак-жай сатып алууну каалагандар анын баасы кымбат болгонуна нааразы.

Динара Жапаркулова эки баласы менен ижарадан ижара көчүп, тиричилигин өткөрүп келет. Бир жарым айдан бери ата-энеси, бир туугандары жардам берип, акча чогултуп, турак-жай сатып алуунун аракетинде. Бирок ага баа кымбат болгон үчүн сатып алууга ылайыктуу там таппай бушайман.

- Көп кабаттуу үйлөрдөгү квартираларды барып караганда ремонттору жок, суу түтүкчөлөрү чирип, эскирген. Ага карабастан баалары кымбат. Подьездеринин баарынын эле ремонту жок. Эң кымбаты ушул 25 миң долларга такалып жатат. Менин көңүлүмө жаккан там жок болуп жатат. Жер тамдардын баасы деле асмандын башы. Эми кандай кыларымды да билбей турам. Үй сатып алалбайт окшойм.

Талас шаарынын тургуну Анарбек Дүйшөналиев насыяга үй сатып алган. Ал үйдү сом эмес, доллар менен соодалашкан. Бирок доллардын наркы көтөрүлүп, сатып алган тамы соодалашкандан да кымбатка турган.

- Сатып алган тамым 18 миң долларга турду. Май айында алганда 45,4төн эсептелинген, азыр болсо доллардын курсу 47ге чыкты. Тамдар кымбат эле. Бишкектен кийин эле Таласта там кымбат болушу керек. Доллардын курсу көтөрүлүп, айырмасы миң долларга кымбат болуп калды.

Турак-жайга баа улам көтөрүлөт деп ишенгендер да көп. Ошондон улам Талас шаарынын чет жакаларынан жер алып, эки жылдан бери үй салып, быйыл ага көчүп кирген Нурлан Изакеевдин айтымында, турак-жайды сатып алганга караганда аны курган арзанга турат.

- Сатып алганга караганда там салган арзанга турат. Мисалы, мен 15 миң долларга 6 бөлмөлүү там куруп алдым. Чийки кирпичтен. Акчасы да билинбей кете берет. Ал эми жаңы тамды ошол баада таппайсың.

Талас шаарындагы жеке нотариус Эсенбек Качыкеевдин айтымында, сатып алынган баадан белгилүү бир өлчөмдө пайыз алынары тууралуу мыйзам кабыл алынгандан бери үйдү өзүнө каттаттырууда кожоюндар мурдагыдай бааларын келишимде айтылгандан кыйла арзан көрсөтүп келишет.

- Үй сатып алганда каттаттырып жатканда атайым мамлекеттик пошлина бар. Ал үйдүн баасына эч тиешеси жок 90 пайызын төгөт. Мурда ошондой болчу, үйдүн баасынан кандайдыр бир пайыз алынчу, ошого карап көпчүлүгү эле «үйдүн баасын азырак кылып көрсөтөлү, үйдү каттаганда арзанга турат» деп ойлошот, бирок азыр андай эмес. Азыр баарына эле бирдей төлөм алынат.

Таласта көп кабаттуу үйлөрдөгү бир бөлмөлүү квартира 350-400 миң сом, эки бөлмөлүү үй 450 миңден 600 миң сом жана үч бөлмөлүү үй 600 миң сомдон 700 миң сомго жетиши мүмкүн. Ал эми жер там алууну каалагандар бир кабаттуу үйдү орто эсеп менен 700 миңден 1 миллион сомго чейин төлөсө, эки кабаттуу үй бир жарым миллиондон 2 млн сомго чейин жетет.

Адистердин баамында турак-жайга болгон бааны ачык божомолдоо мүмкүн эмес. Ал өлкөдөгү кырдаалга да байланыштуу болот.

XS
SM
MD
LG