Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Орус президенти Кыргызстан парламенттик өлкө кура аларынан күмөнсүнөт


Медведев Кыргызстандагы окуяларга Торонтодон да кайрылды.
Медведев Кыргызстандагы окуяларга Торонтодон да кайрылды.

Кыргызстандагы референдум жана анын жыйынтыктарын айрым өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери чет элдик басма сөз да комментарийлеп жатат. Батыш гезиттеринде Кыргызстан аймактын алгачкы парламенттик демократиясына айланары айтылса, орус президенти бул система иштеп кетеринен күмөн санап турганын белгиледи.

Батыш басылмалары да Кыргызстандагы референдумга арналган макалаларында бул саясий өнөктүк менен өлкөнүн түштүк аймагында жакында болгон улут аралык тополоңду биргеликте карашты.

“Кыргызстан референдум бул Борбор Азиялык өлкөдө жаңы кыянатчылыктарды тутандырышы ыктымал деген кооптонууларга карабай жаңы, либералдык Конституция үчүн добуш берди”, - деп жазды британдык “Financial Times” гезити дүйшөмбү күнкү санында.

Ал эми америкалык “The Wall Street Journal” басылмасы “Референдум башкаруунун парламенттик системасына чыйыр салып, Кыргызстанды Советтер союзунун Борбор Азиялык мурдагы республикаларынан күчтүү президенттик башкаруу салтын жеңген биринчи өлкөгө айлантат”,- деп белгиледи.

Британдык басылмалардын дагы бир “Daily Telegraph” болсо дүйшөмбү күнкү санында “ Кыргызстан жүздөгөн адамдар мерт болгон улут аралык кагылыштан кийин Орусия мындай кадам бийликти экстремисттердин алуусуна жол ачышы мүмкүндүгүн эскертип жаткан учурда Борбор Азиянын биринчи парламенттик демократиясын куруу үчүн добуш берди”,- деп жазды.

Орусиянын эскертүүсү демекчи соңку күндөрү аны утур-утур башка бирөө эмес, президент Дмитрий Медведев өзү жасоодо. Дегеле орус президенти Кыргызстанда 27- июндагы референдум аяктаган кезде анын күн тартибине коюлган маселени комментарийлеген дүйнөлүк лидерлердин алгачкысы болду. Ал Канаданын Торонто шаарында, Чоң жыйырманын саммити учурунда сүйлөгөн кезинде Кыргызстанда парламенттик республика идеясы кантип ишке ашырыларын элестете албасына токтолду:

- Кыргызстанда парламенттик республика модели кантип иштерин жакшы элестете албайм. Бул түгөнгүс жана чубалган көйгөйгө, парламенттеги чалкештикке, тигил же бул саясий күчтөрдүн бийликке келүүсүнө, бийликтин бир колдон экинчисине көзөмөлсүз өтүүсүнө айланбайбы жана акыр аягында бул бийликке экстремисттик багыттагы күчтөрдүн келүүсүнө көмөктөшпөйбү?

Медведев кошумчалагандай, өлкөдө орун алып жаткан окуялар - Кыргызстандын ички иши. Бирок ал “мен мындан да көптү айта алам, Кыргызстандын азыркы абалында ыктымалдуулуктардын толук топтому бар, анын ичинде эң жагымсыздары да, атүгүл мамлекеттин чачырап кетүүсүнө чейин. Жогорудагыдай сценарийди алдын алуу үчүн күчтүү, жакшы уюшулган, тарыхый реалдуулукту, элдин эркин эске алган бийлик керек. Мындан эмне чыгарын көрөбүз”,- деди.

Кыргызстандын саясий келечегинин бүдөмүктүгү, өлкөдө ооган сценарийинин кайталануу ыктымалдуулугу тууралуу орус президенти ушул айдын ичинде эле бери дегенде үчүнчү ирет айтып жатат. Мындай ойлорун ал ушул айдын орто ченинде “The Wall Street Journal” басылмасындагы маегинде, андан соң өткөн аптада Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен өткөргөн сүйлөшүүлөрүнөн кийин да билдирген. Орус президентинин бул сөздөрүнүн артында эмне жатуусу мүмкүн?

Беларусиялык саясат тануучу Александр Класковский “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде төмөнкүдөй ойлору менен бөлүштү:

-Менимче Медведевдин азыркы учур боюнча камтамачылыгы албетте Орусиянын бул аймакта өз кызыкчылыктары бардыгы менен байланыштуу. Окуялар (Кыргызстандагы) Москва ойлогондон башка сценарий менен кетип жаткандай. Медведев бул Кыргызстандын ички иши деп эскертип кеткени менен анын башка суверендүү өлкө үчүн кандай саясий модель жакшыраак ылайык келери жөнүндөгү ойлорунун саясий жактан тууралыгы боюнча талашып-тартышууга болот.

Бишкектик саясат тануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, саясий күчтөр менен саясатчылар жоопкерчилик менен иштемейинче, Кыргызстандын дарегине карата орус президентиникиндей өйдө -төмөн сөздөр айтыла берет. Андыктан саясий күчтөрүнүн алдында Кыргызстанда парламенттик система иштеп кетерин далилдөө милдети турат. Муну алар сезишеби же жокпу, мезгил көргөзөт:

-Парламенттик системага өтүү баары дароо эле оң калыпка түшөт дегенди билдирбейт. Бирок акырындык менен ыңгайлуу шарттар түзүлүп, алдыга жылуу болот деген ишеним бар. Бизге мындан башка жол жок.

Коңшу өлкөлөрдөн азырынча Тажикстан Кыргызстандагы референдумдун жыйынтыгын кубаттады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG