Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Б. Бөрүбашев: Партиялар Орусияга барып аброюн көтөрүп жатат


Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аскердик кызматташууну жаңыртуу аракеттери жана парламенттик шайлоо алдында бул эки мамлекеттин ортосундагы мамилелер тууралуу саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев “Азаттыкка” маек куруп берди. Ал Кыргызстан Орусия менен аскердик кызматташууга барып жатып, өзүнүн да кызыкчылыгын коргой билиши керектигин белгилейт.


Кыргыз-орус аскердик кызматташтыгы жөнүндө


- Кыргызстан менен Орусия эки тараптуу аскерий кызматташтыкты жаңыртуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Өлкөлөр ортосундагы мындай аракеттерге кандай баа берет элеңиз?

- Менимче бул жакшы эле нерсе, анткени чындыгында орус базасы азыр ар кайсы жакта болуп жатпайбы. Ал эми бириктирүү кандайча болот ал башка маселе. Мисалы, уюштуруу жагынан бириктирүүбү, техникалык жактан бириктирүүбү ошону караш керек. Эгерде ал "Ганси" сыяктуу укуктук жактан бириксе, ал башка нерсе. Себеби ар бир аскердик точканын өзүнүн милдеттери бар. Ошого карата мамиле кылыш керек.

Эми биз мындай аскердик макулдашууларга жетишип жатканыбыз туура эле. Бирок биздин бир кемчилигибиз бар: Орусия болобу же башка мамлекет болобу, биз өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды коргой албай калабыз. Кыргызстандын коопсуздугу, кызыкчылыгы экинчи орунда калып, биздин чиновниктер аларга жеңилдик берип коюшат. Бул жерде чиновниктердин өздөрүнүн кызыкчылыгы болгондугу же алардын эл аралык укуктук нормаларды чала билгендиги ушундай жыйынтыктарга алып келип жатат го.

- Акыркы мезгилдерде түштүктө аскерий база же окуу борборун түзүү маселеси да козголо баштады. Негизи сиздин баамыңызда ал жерге ушундай база керекпи?

- Менимче бизге мындай базанын кереги жок. Анткени кайсы бир мамлекеттин ичинде башка бир согуштук аскер күчтөрү болсо, бул жакшылыкка алып келбейт. База ачкыча алар бизге техникалык-методикалык, усулдук жардам берсе болот. Базанын кереги жок.

Орусияга ыктаган партиялар жөнүндө

- Мына шайлоо да жакындап келе жатат. Талдоочулардын баамында, Кыргызстандын саясий партиялары Орусияга бир жактуу ыктап бараткандай. Сиз бул пикирге кошуласызбы?

- Чындыгында кошулса болот. Шайлоо системасы, шайлоо процесси - бул саясий процесс. Ага башка бир мамлекеттер, башка бир саясий күчтөр же эл аралык уюмдар киришкенге акысы жок да. Муну айтып коюш керек. Бирок ошол эле убакта Кыргызстандын кээ бир саясий партияларынын жетекчилери Орусияга барып, андагы бийлик төбөлдөрү Медведев, Путин менен жолугуп жатышат. Бул деген саясий партиялар шайлоонун астында өздөрүнүн ордун көрсөткүлөрү келип жаткандыгы деп ойлойм.

Туура, орусиялык бийлик төбөлдөрү кимди кабыл алат, кимди кабыл албайт алардын иши да. Демек алар да бир маселени чечип жатышат. Ал биз үчүн азыр сыр бойдон кала берет. Бирок ушул жерден бир тенденцияны байкаса болот. Партиялар Орусияга барып келгенден кийин, аны элге көрсөткөнгө аракет кылып жатышат. Себеби элдин кайсы бир көпчүлүк бөлүгү дагы эле Орусияга үмүт артышат. Ошону шайлоонун жүрүшүндө биздин партиялар пайдаланганы жатышат.

- Ошентсе да эмне үчүн партиялар Орусиянын колдоосун алууга көбүрөк кызыкдар болууда? Эмне үчүн башка мамлекеттерден да колдоо издебей жатышат?

- Менимче мунун себеби бар. Биздин партияларды башка өлкөлөр кабыл алган жок. Балким биздин партиялардын жетекчилери башка өлкөлөргө жакпайттыр же аларды саясий оюнга киргизбей, эсепке албай жатышат. Ал эми Орусия бул боштукту толтуруп жатат. Кайра-кайра чакырып кеңешип жаткандыгы эки жакта тең кызыкчылык бар дегенден кабар берет.

Эмне үчүн Казакстандын саясий партиялары биздикилер менен саясий өнөктөштүк иштерин алпарбайт. Мунун себеби бар болсо керек. Же ошол биздин партиялардын алып бара жаткан саясий линиясы аларга жакпайт.

Улуттук кызыкчылыкты коргоо зарылдыгы жөнүндө

- Мындай шартта улуттук кызыкчылык курмандыкка чалынып калбайбы?

- Жок, минтип айтууга негиз жок. Анткени биз дүйнөлүк коомчулукта жашап жатабыз. Биз чогуу өсүп өнүгүп жатабыз. Биз обочолонууга кетип калбашыбыз керек. Бирок мен сизге бир жагынан кошулат элем. Чын эле биздин жетекчиликтер, саясий партиялардын өкүлдөрү башка өлкөлөр менен сүйлөшкөндө эң биринчи орунга мамлекеттик кызыкчылыкты коюп коюш керек. Сатылбаш керек.

Биз билебиз да биздин президенттер буга чейин Батыш, Чыгыш менен сүйлөшкөндө улуттук кызыкчылыктарды кийинки орунга жылдырып коюшпады беле.

- АКШ президенти Барак Обама Роза Отунбаеваны кабыл алардын алдында оппозициялык “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловду Орусиянын президенти Дмитрий Медведев кабыл алды. Эки ири мамлекеттин Кыргызстанга таасир этүү боюнча мындай аракеттерине кандай баа бересиз?

- Сөзсүз түрдө Кыргызстандын геосаясий абалы өзгөчө да. Ошондуктан АКШ, Орусия өңдүү чоң мамлекеттер Кыргызстанга таасирин тийгизип, Кыргызстандагы өз кызыкчылыктарын коргоого кызыкдар. Муну жашыра албайбыз. Аларга кошумча саясий рычаг керек да, ошону пайдаланганы жатышат.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG