Дамира айымдын эки кызы тең мектеп окуучусу. Өзүм базарда иштейт, тапкан ташыганы тамак-ашка, анан кыздарынын мектебине кетет:
-Өткөндө кызым мектептен ыйлап келди. Анан эки жума сабака барган жок. Себеби, мектепке акча алып барыш керек эле. Акча жок болчу. Кызым университетте окугандай эле болду. Эки-күндүн биринде эле акча деп келе берет. Китептерин сатып бергенбиз. Кыз киши теңтуштарынын арасынан басынып калат экен.
Дамира айым менен биргеликте Нуржан Казыбаева дагы базарда чай сатып соода кылат. Аларды мектептеги акча чогултуу маселеси кыжалат кылып келет:
-Мектепке деп алгач 550 сом, андан кийин 900 сом бергем. Эми айына 70 сомдон фондго деп тапшырып жатабыз. Пол жууган чүпөрөкө, анан кароолчуга деп өзүнчө акча суратышат. Билбейм, мектептер билим бербей эле окуучулардан акча сурай беришчү болду.
Бишкек шаарындагы мектептер окуучулардан көп нерсе үмүттөнүшөт экен. Ошондуктан мен уулумду айылдан окутуп жатам дейт Нуриля айым:
-Балам 3-класстын окуучусу. Аны Таласка калтырып койгом. Себеби бул жактагы мектептердин өзүнүн шарттары бар экен. Акчаң жок болсо шаардагы мектептерден билим алууга мүмкүн эмес. Ошондуктан уулум айылда окуп жатат.
2006-жылдын 28-июнунудагы өкмөттүн №465 токтомуна ылайык мектеп фондуна окуучулар эч кандай акча чогултпашы керек. Бирок өлкөдөгү мектептин дээрлик баардыгы ар кандай муктаждыктар үчүн окуучулардан акча жыйнап келишет. Билим берүү жана илим мнистрлигинин маалымат катчысы Альбина Дүйшөнбиева бул акчаны мектеп жетекчилиги эмес ата-энелер тарабынан түзүлгөн кеңеш көзөмөлдөйт дейт.
-Мектептин ремонтуна же китепке акча чогулуу 2006-жылдын тарта токтотулган. Ошондуктан окуучулар эч кандай фондго акча бербеши керек. Эгер ата-энелер өз каалоолору менен акча беришсе, анда алардын каражатын өздөрү шайлаган кеңештин өкүлдөрү көзөмөлдөйт. Билим берүү министрлиги бул кеңештин ишине кийлигишпейт. Аларды ишмердүүлүгүн укук коргоо органдары гана текшергенге акылуу.
Учурда Кыргызстанда 2200 чакты жалпы билим берүүчү мектеп бар. Анда 1млн. 200 миңдей окуучу билим алышат. Ар бир окуучу айына он сомдон эле мектеп фондуна акча которушса бул жерде олчойгон сумма айланып жаткандыгынан кабар берет.
-Мектептерде ата-энелердин чогулушун өткөрүп, аларды бул кадамга барууга аргасыз кылган мисалдар көп. Негизи билим берүү жаатына, андагы муктаждыктарга казынадан атайын каражат бөлүнүп берилет. Окуучулардан топтолгон акчалар мугалимдерге таркабайт, бул каражатты мектеп жетекчилиги көмүскө пайдаланышы мүмкүн,-дейт билим берүү жааты боюнча адис Амантур уулу Чыңгыз.