Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

Айтибай Тагаев Баткен облусунун губернатору болуп дайындалды


Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалышы күтүүсүз окуя болгон.
Айтибай Тагаевдин Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалышы күтүүсүз окуя болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев Баткен обулусунун губернатору болуп дайындалды. Бул тууралуу 17-декабрда парламент жыйынында Президенттин аппарат башчысы Каныбек Жороев билдирди. Жороев өлкө башчысы Курманбек Бакиев Айтибай Тагаевдин депутат, төрага катары ишмердигин жогору баалай тургандыгын белгилеп, Баткен аймагын жакшы билген киши катары аны бул кызмат ордуна бекитип жаткандыгын айтты.

Айтибай Тагаев 1958-жылы Ноокат районундагы Эски Ноокат айылында туулган. Анжиандагы гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызыл-Кыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызыл-Кыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчирээк директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

2005-жылы Кызыл-Кыя шайлоо аймагынын №17 шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. 2007-жылдын декабрында парламентке “Ак жол” партиясынан депутат болгон.

XS
SM
MD
LG