Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Оппозициянын анабашылары АКШда


11-декабрдан 21-декабрга чейин Кыргызстандын оппозиция жетекчилеринин тобу АКШда болушат. Сапардын максаты - Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү концепциясын коомчулукка тааныштыруу.

Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү концепциясы 29-ноябрдагы Элдик курултайда кабылданган. Аны менен таанышып чыгууга азыркы бийликке март айына чейин убакыт берилген. Президенттин бир топ укуктарын кыскартып, анын кыйласын мыйзам чыгаруу, аткаруу бийликтерине үлөштүргөн жаңы концепцияда парламенттеги азчылык менен көпчүлүктүн кандай иштери да так көрсөтүлгөн.

Парламенттеги көпчүлүктү түзчү партия шайлоодо толук жеңишке жетишсе да элүүдөн ашуун орун ала албасы, калган орундар шайлоо тоскоолунан өткөн партиялар ортосунда бөлүштүрүлөрү белгиленген. Бул, концепция авторлорунун ырасташынча, кайсы бир саясий күчтөрдүн толук үстөмдүк кылып кетишине, президенттин опсуз көп укуктарга ээ болуп, эл алдында жоопкерчилигинин жоктугун жоюуга шарт түзмөкчү. Оппозиция жетекчилеринин Кошмо Штаттардагы иш сапарынын негизги максат-милдети ушундай.

“Улуу биримдик” партиясынын жетекчиси Эмил Каптагаевдин пикиринде, Кыргызстан оппозициясынын алдагыдай концепциясы Кошмо Штаттарда түшүнүү менен кабыл алынышы мүмкүн.

- Анан бу постсоветтик мамлекеттердеги авторитардык-тоталитардык тенденцияларды көрүп тургандан кийин саясий монополияны чектөө боюнча биздин аракетти, менин оюмча, түшүнөт деп ойлойбуз, түшүнүшөт.

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын саясий кеңеш мүчөсү Ташболот Балтабаев партиялаштарынын АКШдагы иш сапарынын негизги максаты Кыргызстандын саясий системасын өзгөртүү концепциясын түшүндүрүү экенин ырастап, мына буларды кошумчалады:

- Андан башка бүгүнкү кырдаалды, бүгүнкү жагдайды Американын элитасына жакындан түшүндүрүү.

Кошмо Штаттарга “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев, партия мүчөлөрү Өмүрбек Абдырахманов, Болот Шерниязов, Равшан Жээнбеков, Эркин Алымбеков, “Акыйкат үчүн” кыймылынын башчысы Аликбек Жекшенкулов, парламенттин мурдагы депутаты Кубатбек Байболов барышкан.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев топко бир аз кечигибирээк келип кошулары маалымдалууда.

Оппозиция жетекчилери быйыл октябрда ушундай эле иш сапар менен Орусияда болушкан. Ал жерде азыркы бийлик каршылаштары кимдер менен жолугушканы, кандай маселелерди талкуулашканы жарыя айтылбай, кызматын аргасыз таштап кетүүгө мажбур болгон Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрайымы Клара Кабылова менен жолугушканы гана кабарланган.

Бул ирет оппозиция башчылары АКШнын бир топ демократиялык институттардын өкүлдөрү менен жолугушары маалымдалууда. Оппозициянын алдагыдай иш-аракетин парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын өкүлү Бейшенбек Абдыразаков кезектеги саясий иш-чарага жардам үмтөтүп барышты кыязында сыпаттайт:

- Америкадан акча алгандан кийин булар Америкага көз каранды болуп калат. Американын ырын ырдап отурабыз. Ошон үчүн мунун кереги жок эле. Булар мурда деле барып келишкен. Орусияга барышкан, Америкага барышкан. Акча-тыйын сурап барышкан. Алар бербей койгон. Анан келгенден кийин тынчып калбадыбы. Билесиңер го, пикет-митингдерин жазда өткөрөбүз, күздө өткөрөбүз деп улам жылдырып жатышкан. Себеби ошол, акча-тыйындары жок. Эл чыкпайт.

2005-жылкы бийлик алмашуусунан кийин президент бийлигин чектөө, өкмөткө өз алдынчалык берүү, “үй-бүлөлүк” башкаруунун тизгинин тартуу талаптары байма-бай коюлган. Үч жолку Башмыйзам өзгөртүүсүнөн соң, айрым байкоочулар ырастагандай, мурдагы система калыбынан жазбай, “үй-бүлөлүк” башкаруу токтолгондун ордуна күчөгөндөн күчөп баратат.

XS
SM
MD
LG