Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Т. Акун: Обаманын кайрылуусу - жаңы доордун башталышы


АКШ президенти Барак Обама кечээ Египетте сөз сүйлөп, АКШ менен мусулман дүйнөсүнүн ортосунда жаңы мамиле түзүү үчүн аракеттенерин жарыялады. Президент Обаманын бул кайрылуусу боюнча “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун жооп берди.

- Обаманын кечээки кайрылуусунда айткан аракети ишке ашаарына сизде кандай көз караш бар?

- Негизи Американын азыркы президенти менимче, дүйнөлүк коомчулукта жакшы пикирлерди жаратып атат. Обаманын мусулман коомчулугуна кайрылуусу бул - жаңы доордун башталышы деп эсептейбиз. Анткени буга чейинки Америка президенттери тарабынан бир да жолу мусулман дүйнөсү менен алака түзүү, алар менен кызматташуу, аларды тынчтыкка, иштешүүгө чакыруу тууралуу расмий кайрылуу болгон эмес. Ошон үчүн көп сунуштарды киргизип жатат. Анын үстүнө бизди дагы кубанта турган нерсе Обаманын өзү дагы мусулман экени жөнүндө маалыматтар келип атат. Ошон үчүн мен ойлойм, бул кайрылуу өтө баалуу жана Жакынкы Чыгышта, башка жерлерге танчтыкты алып келүүгө чоң таасирин тийгизет деген оюбуз бар.

- Ушул кайрылуу менен гана мусулман дүйнөсүндөгү ишенбөөчүлүктү жеңүүгө болобу, же башка бир аракеттер болуш керекпи?

- Жалгыз кайрылуу менен жеңүүгө болбойт. Бирок Барак Обама жалгыз эле кайрылуу кылбастан, ал чечкиндүү, конкреттүү кадамдарды жасаарына жана өзүнүн кайрылуусун ишке ашыруу үчүн алакаларды түзүү, чечкиндүү кадамдарга баруу боюнча аракеттерди көрөөрүнө менин толук ишенимим бар.

- Мусулмандар өздөрү тарабынан кандай кадамдарды жасаш керек?

- Өзүңөр билесиңер, экстремизм дегендер көбөйүп атат. Колуна автомат алган сакалчандардын баарын эле мусулман, же исламдык терроризм, экстремизм деп атпайбы. Ислам дүйнөсү негизи терроризм, экстремизге, же башкаларга барган дин эмес, бул эң таза диндердин бири. Ошон үчүн исламды жаман аттуу кылгандар болуп атат. Бирок исламдын арасында дагы сакал коюп, колуна курал алып, адам өлтүргөнгө баргандар болуп атат. Ошон үчүн ислам дүйнөсү дагы, мусулман өлкөлөрү дагы Барак Обаманын ушул кайрылуусунан жыйынтык чыгарып, тиешелүү кадамдарга барыш керек. Американы душман көргөн болбойт, дүйнөдө саясатты жүргүзгөн үч мамлекеттердин бири Америка, дүйнөдө тынчтык болсун деген аракетти көрүп атат алар деле.

- Татаал маселе чыгып жатат, муну эл аралык саясатчылар да, байкоочулар да айтат, бул жакынкы Чыгыштагы Палестин маселеси, бир жагынан Израиль мамлекети калк жайгаштыруу аракеттерин токтотпой турган болуп атат, Америка аны токтот деп айтып атат. Бул маселе кандай чечилет деп ойлойсуз?

- Палестина маселеси боюнча Американы ачык эле айтыш керек, буга чейинки болгон президенттердин көп күнөөсү болгон. Америка ачыгын айтканда билинбей да, билинип да, бир жактуу, каалайбы-каалабайбы Израилди колдоп келатат. Палестина өзүнүн мамлекетине ээ болуш керек, өзүнүн жери, өзүнүн аймагы. Ал эми Америкада өтө көп еврейлер, Израилдин өкүлдөрү, диаспоралар жашайт экен. Алардын өкүлдөрү бай, ошолор катуу таасир берип колдоп келатат. Мурдагы Американын президенттери бир жактуулукка жол берип келген, эми Барак Обама Палестинага дагы, Израилге дагы калыс, акыйкат, туура мамиле кылабы деген оюм бар. Анткени бир жагына тартпаш керек. Мурдагы президенттер Палестинаны кордоп, аны басып, ок атып, Израилге тартып келген.

- Сиз да президентке, башкы прокуратурага, Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылып жатасыз Кыргызстандагы ички абал боюнча, ошол кайрылууңуздун мазмуну тууралуу айтып кетсеңиз?

- Кайрылуу мындай, биз 15 жылдан бери адам укугу, сөз эркиндиги, демократиянын өнүгүшү деп аракет кылып, 15 жылдын ичинде көптөгөн ийгиликтерге жетиштик, ээн эркин демонстрация, пикеттерди өткөрүп келдик, демократияны өстүрүү боюнча пикирибизди айтып келдик, тынч чогулуп, бир жерден экинчи жерге каттап, ар кандай пикет, митингдерди өткөрүп, Аксы, Сузакка чейин барып келдик. Бул чоң жетишкендик, мисалы биздин коңшу өлкөлөр андай эмес. Ал эми Түптөгү болгон акыркы окуя ушулардын баардыгын жокко чыгарып атат. Анткени бир жерден экинчи жерге жылып барганга биздин атуулдардын толук акысы бар, Түпкө, Аксыга, Алайга барабы. Анан тынч жол менен пикирин айтканга акысы бар. Ал эми Ысык-Көл облусунун бийлиги ушунун баарын жокко чыгарып атпайбы. Ысыккөлдүктөрдүн баардыгы оппозицияга каршы эмес, аялдарды, адамдарды уюштуруп, соттун ролун өзүлөрүнө алып, митинг өткөргөнгө жол бербей, адамдарды каршы коюп, көйнөктөрдү тыттырып, сабаттырып, таш менен ыргыттырып, элди элге каршы койгонго чейин барып атат. Бул кылмыштуулукка чейин жеткен кадам. Ошон үчүн мен бул боюнча чара көрүү маселесин коем.

- Маегиңизге рахмат.

Б.Обаманын сөзүнө кыргызстандыктардын пикири
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG