Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Марс Сариев: АКШ менен Орусия тил табышууда


АКШ президентинин Москвага жасаган расмий сапары, Орусия-АКШ алакалары тууралуу “Азаттыктын” түз ободогу суроолоруна саясат тануучу Марс Сариев жооп берди.

- АКШ президентинин Москвага болгон сапары кайсы тарап үчүн жемиштүү болду деп эсептейт элеңиз?

- Менимче, Обаманын бул расмий сапарынан эки тарап тең, Россия да, Америка да утту.

- Эки өлкөнүн ортосунда буга чейин ачык түрдө эле болуп келген атаандаштык өзгөчө өткөн жылы Түштүк Осетиядагы чатактан кийин күчөп кетпедиби. Бул жолугушуу ушул мамилени жөнгө сала алабы?

-Азырынча так айта албайм, бирок менимче, ушул маселени чечүү жолдорун издешет. Деген менен Россия менен Американын мамилеси азыр бир топ эле жакшырып баратат.

- Бирок тараптар Чыгыш Европага ракетадан коргонуу базасын курууга байланышкан маселеде дагы эле бир пикирге келе албаганы айтылууда.

- Туура, бирок жакшылап карап көрсөңүз, бул маселени дагы караш керек, ушул жыл бүткөнчө аны тактап дагы чечебиз деген пикирге келишти. Ал аябай эле жакшы сөз. Менимче, бир пикирге келишет.

- Американын президенти Барак Обаманын Орусияга болгон иш сапары бул өлкөнүн мурдагы президенттеринин сапарына караганда бир топ өзгөчөлөнгөнү айтылып атат . Мисалы үчүн ал кечээ Орусия жетекчилигинен тышкары дагы жарандык коом жана оппозициянын өкүлдөрү менен жолугушту. Мисалы жанагы оппозициянын өкүлү Борис Немцов кечээ белгилеп кетти, Жорж Буш келгенде мындай жоолугушуулар болгон эмес депчи.

- Барак Обама өзү чын эле башкача стратегия, башкача саясат жүргүзүп жатат, менимче, Россиянын бийлиги деле каршы болгон жок мындай жолугушууга. Себеби, Россия менен Америка азыр жакшы сөз табышып атышат да.

- Орусияны азыр иш жүзүндө Медведев эмес Путин башкарып атканы дагы ушул Америка менен Орусиянын мамилеси жакшы жагына жылып кетишине бут тосушу мүмкүн деген да пикирлер жок эмес. Сиз кандай ойдосуз?

- Чын эле ошондой деле сөздөр бар, бирок мен ойлойм, Путин болсо дагы, Медведев болсо дагы Россияда өзүнчө бир мамлекеттик стратегия бар, мамлекеттик көз караш бар. Ошон үчүн ким башкарса да мамлекеттин кызыкчылыгын карайт да.

- Кечээ кыргыз президенти антитеррордук күчтөрдүн Транзиттк борборун “Манас” аэропортунда түзүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Буга президент Бакиев АКШ аскердик жүктөрүн жана аскерлерин Ооганстанга Орусия аркылуу алып өтүүгө уруксат алгандан кийин баргандай таасир калтырып атат да, Орусиядан уруксат же ишарат күтүп отургансып. Сиз кандай дейсиз?

- Мен дагы оюм ошондой, мурун деле айтып келгемин К. Бакиев Россиядан уруксат алмайынча, Россия макул болмоюнча бир кыймылдап койбойт деп. Ошон үчүн Россия мурун эле макул богон, азыр ошон үчүн кол койулду. Себеби азыркы Обама менен Медеведевдин жолугушуусу болгондо такталып баары чечилгенден кийин Бакиев кол койду. Ага чейин министрге уруксат берген элчи менен кол койсун депчи, анда кайсы учурда болсо да артка кайтарып койсо болмок. Азыр эми чечүүчү уруксат алды.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG