Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

Ошко Өзбекстандан гуманитардык жардам келди


Өзбекстандан жүк тартып келген поезд Ош шаарынын четиндеги темир жол бекетине токтоду. 2010-жылдын 25-апрели.
Өзбекстандан жүк тартып келген поезд Ош шаарынын четиндеги темир жол бекетине токтоду. 2010-жылдын 25-апрели.

Өзбек өкмөтүнүн өкүлү апрель окуясынан кийин Кыргызстанга алгачкы гуманитардык жардамын Ош шаарында тапшырды. Муну жергиликтүү серепчилер коңшу өлкөнүн убактылуу өкмөттү таануусу катары баалап жатышат.

Өзбекстандан жүк тарткан бир нече вагон чиркелген поезд түш оой Ош шаарынын четиндеги темир жол бекетине токтоду. Өзбекстандын өзгөчө кырдаал министри Турсунхан Худайбердиев маалымдашынча, бул ирет медициналык каражаттар, балдардын кийим-кечеси, 2400 даана шифер, 150 миң тонна цемент, 20 миң тонна күйүүчү май, 200 миң тонна жер семирткич жана 30 миң тонна ун Кыргыз бийлигине тапшырылды. Ал ошондой эле бул гуманитардык жардам зарыккан кишилерге калыс бөлүштүрүлүшүн улам-улам өтүнүп жаты.

- Биринчиден, коңшу жана бир тууган өлкө сыңары бул өз ара түшүнүшүүнүн ишараты. Гуманитардык жардам Өзбекстан элине таандык, демилгенин ээси – президентибиз Ислам Каримов. Негизги максатыбыз кыргыз элинин башына мүшкүл түшүп турганда түйшүгүн жеңилдетүү болуп саналат, - деди Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Рахматулло Назаров.

Андан ары ал «Азаттыктын» кабарчысынын «Айтсаңыз Кыргызстандагы акыркы окуяларга Өзбекстан тарап кандайча карап атат?» деген суроосуна абдан кыска жооп кайтарды:

- Кыргызстандагы болуп аткан окуялар жөнүндө айтаарым, Өзбекстан коңшу өлкөнүн ички ишине кийлигишүүгө акысы жок. Антсе да, кыргыз туугандарга буга чейин жардам берип келгенбиз, мындан ары да көмөктөшкөнгө даярбыз!

Ага улай Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги тараткан билдирүүдө Өзбекстан коңшу мамлекеттеги көйгөйлөрдүн жана тирешүүлөрдүн тынчтык жолу менен чечилишине кызыкдар экендиги, ошондой эле кыргыздардын акылмандыгы жана сабырдуулугу стабилдүүлүктүн орношуна шарт жаратаары айтылат.
Өзбекстандан жардам алып келген топту өзгөчө кырдаал министри Турсунхан Худайбердиев баштап келди.

Ушул эле күнү утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева өзбек президенти Ислам Каримовго ыраазычылык катын жолдоду.

Ал эми Кыргызстандын чукул кырдаал министринин орун басары Бакир Жолчуев Өзбекстандын көмөгүн жакшы жышаан катары сыпаттады:

- Муну мен эки элдин ортосундагы достук мамилени ачык айгинелеген акция деп ойлоймун. Чындыгында, гуманитардык жардам менен жыртыгыбыз бүтөлбөйт. Бирок саясий жагы маанилүү болуп жатпайбы. Санаалаш мамлекеттер кыйын кезеңде бири-бирин кыйбастан, ар дайым колун сунууга жана түйшүгүн тең бөлүшүүгө даяр экендигин,тастыктаган иш-чара деп эсептеймин.

Бакир Жолчуев кошумчалагандай, гуманитардык жардам биринчи кезекте табийгат кырсыгынан жапа чеккен тооолуу райондорго жөнөтүлмөкчү.

Кепке кошулган Ош облус губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков өз ара сүйлөшүүнүн жүрүшүндө чек ара бекеттерин эки тараптуу ачуу маселесин да көтөрүшөөрүн жашырган жок:

- Өзбекстан тараптан өкмөттүн өкүлү - өзгөчө кырдаал министри өзү атайы келип олтурат. Аны менен дагы сүйлөшөбүз го. Чек ара маселесин жайгаруу биздин колдон келиши кыйын. Ошондуктан, жүрөк өйүгөн бул көйгөйдү Өзбекстан жетекчилигине жеткирүүсүн коңшулардан көптөн-көп суранабыз.

Ара чолодо жергиликтүү серепчилер коңшу өлкөнүн атайын делегациясынын Ошко сапарын Өзбекстандын убактылуу өкмөттү таануусу катары баалап жатышат.

- Биздин убактылуу өкмөттү тааныгандыктан, коңшу мамлекет гуманитардык жардамды берип жаткандыгы, албетте, жакшы жышаан. Жалпыңыздарга маалым, Өзбекстанда жалгыз гана саясатчы бар. Ал – Ислам Каримов. Эгерде Кыргызстанда туруктуу турмуш орнобосо, анда Борбор Азияга, анын ичинде Казакстанга, Өзбекстанга жана Тажикстанга күн жок. Булар ошол жагын да терең ойлонуусу кажет, - деди маектешибиз, жергиликтүү серепчи Төлөгөн Келдибаев.

XS
SM
MD
LG