Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

"Эл үнү": Депутаттар таза иштеши керек


Парламентке К.Бакиевге жакын адамдарга нааразылык билдиришкен Бишкек шаар тургундары. 10-ноябрь, 2010-жыл.
Парламентке К.Бакиевге жакын адамдарга нааразылык билдиришкен Бишкек шаар тургундары. 10-ноябрь, 2010-жыл.

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар жаңы парламентке карата ой-пикирлерин билдиришүүдө.

120 депутаттан турган Жогорку Кеңештин алгачкы отуруму 10-ноябрда өтүп, депутаттарга күбөлүк жана төш белги тапшырылган. Шайлоо жыйынтыгына ылайык, парламентте "Ата Журт" 28, КСДП 26, "Ар-намыс" 25, "Республика" 23, "Ата Мекен" 18 орунга ээ болду. Азырынча бул партиялар ортосунда коалиция түзүлө элек.

12-ноябрда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнү кабарланууда. СДП буга чейин “Республика” партиясы менен сүйлөшүп, бир макулдашууга жетишкенин маалымдаган.

Мына ушул маселелердин айланасында "Эл үнү" берүүсүнө кайрылган угармандардын пикирлери төмөндөгүдөй:

Токторбай Бектурганов, Бишкек шаары: Бир ай талаш-тартыштан кийин, президент Роза Отунбаева КСДПнын лидери Алмаз Атамбаевге коалиция түзүүнү тапшырды. Чындыгында “Ата Мекен”, “Республика”, КСДП бир коалицияга биригет деген маалыматтарды мен да колдойм. Эми парламентке өткөн партиялар биримдикте, ынтымакта иштеп, экономиканы көтөрүп, элди ойлошу керек.

“Ата Журт” партиясынын ичинде да мыкты иштеген жигиттер бар. Бирок беш алтоонун аты-жөнүн атагым келбей турат. Кээ бирөө К.Бакиевди “ата” деп, жакындарын “жаке” деп жүргөн. Эми булар жеке амбицияларын таштап, каршылык көрсөтпөй Жогорку Кеңешти жакшылап иштеп кетүүсүнө, "папке" талашпай жаңы өкмөттү түзүүгө көмөк көрсөтүүсү зарыл.

Майрам Асанова, Бишкек шаары: “Ата Мекен” партиясы менен КСДП бир коалицияга биригет деген маалыматты угуп алып мен чынында кубанып турам. Бул эки партиянын алдыга койгон максаттары бир, канчадан бери мурдагы бийликтегилер менен Кыргызстанды демократиялык, укуктук мамлекет кылуу үчүн күрөшүп келишти. “Ата Мекендин” лидерлеринин бири Равшан Жээнбеков радиодон айткандай, депутаттардан мамлекеттик турак-жайдан, унаадан баш тартуу демилгесин “Ата Мекен” көтөрүп жатса, аны колдоого алыш керек. Башка депутаттарды да мамлекеттин багуусунан баш тартууга үндөйт элем.

Кыргыз элинин элдик партиясынын лидери Нурсултан Жаманкулов: Элге кебин айтпаса, эрендерден не пайда, кара кылды как жарган калыстык кебин айтпаса касиеттүү карылардан не пайда? Кыргыз элиме айтарым, парламенттик шайлоодо саясий партиялардын деңгээли кандай экенине, рейтинги кандай экенине караламан калк өзүнүн добушун берип, калыстык мен чыгарышты. Бул элдин берген добушу – бул элдин чечими. Ушул чечимдин, ошол добуштун негизинде партиялардын катар тизмеси түзүлдү. Биринчи “Ата Журт”, КСДП, “Республика”, “Ар-намыс”, “Ата Мекен”.

Менин элге, президент Роза Отунбаевага сунушум мындай. Мына ушул партиялар жеке таарынычтарын, өз кызыкчылыгын токтотуп, элдин кызыкчылыгы үчүн алдыдагы төрт партия бир коалиция түзүп, “Ата Мекен” оппозициядагы партия болушу керек. Антпесе элдин нааразылыгы токтобойт. Ушундай жол менен төрт партиянын коалициясы парламенттин спикерин жана комитеттерин, премьер-министрди жана өкөмттүн түзүмүн түзсө, өлкөнүн тынчтыгы, коопсуздугу, өнүгүшү үчүн жакшы болот.

Улукбек, Аламүдүн району: Жаңы парламенттин депутаттарына мамлекет “унаа берем, квартира берем”,-деп убара болуунун кереги жок. Алардын баарынын эле жеке менчик унаа мингенге кудуреттери жетет. Буга чейинки депутаттар дагы бизнеси бар, супер маркет, базарлары барлары үйүм жок, машинем жок деп мамлекетти кыйнап, элдин байлыгын тонободу беле. Азыркы жаңы депутаттар өздөрүнүн машинеси менен жүрүп азыркы жашап жаткан үйлөрүндө эле жашаса жакшы болот.

Коомдук ишмер Жамалдин Сулайманов: "Люстрация" байыркы грек сөзүнөн алганда – «тазалануу, курмандыкка чалуу» дегенди түшүндүрөт. Бизде 16-ноябрга Курман айт да белгиленгени жатат. Ушул ыйык күнгө байланыштырып «Люстрация жөнүндө» мызамды киргизебиз деп, таңуулап жаткан адамдар, тазаланууну биринчиден өзүңөрдөн баштасаңар жакшы болот эле.

Сизди түйшөлткөн маселелер, кызыктырган суроолор болсо, кубанычтуу кабарларды же жеке көз карашыңызды билдирем десеңиз Бишкектин 0312 коду менен 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып, “Эл үнү” программасына деп пикириңизди жаздырып коюңуз.
XS
SM
MD
LG