Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

1-сентябрь: Тарых барактары


Феликс Куловдун премьер-министрге талапкердиги Жогорку Кеңеш тарабынан 2005-жылдын 1-сентябрында оң чечилген.
Феликс Куловдун премьер-министрге талапкердиги Жогорку Кеңеш тарабынан 2005-жылдын 1-сентябрында оң чечилген.

Яков Тухачевский 1640-жылдын 1-сентябрында энесайлык кыргыздарга каршы жүрүш жасоо максатында Тарадан чыгып Томскиге багыт алган. Мурда жетишилген келишимге ылайык, Томскиде 900 аскер топтолуп аны күтүп турмак. Бирок баштапкы сыноо көрсөткөндөй, Сибирдин ар кайсыл аймагынан жыйналган жоокерлердин кышкы кийими, курал-жарагы жана жетиштүү жылкылары жок экендиги малым болгон. Ошентип орустардын энесайлык кыргыздарга мерчемделген чабуулу кийинки жылдын жай айына калтырылган.

Атаке волостунда өткөн шайлоо туурасындагы билдирүү 1894-жылдын бул күнү Жетисуу областынын аскер губернатордугуна жолдонгон. Билдирүү Талаа генерал-губернатордугунан жазылып, анда болушту шайлоо маалында жантайлар тарабынан каршылашкан жакка кысым көрсөтүлгөнү кабарланат. Билдирүүдө маалымдалгандай Жантайдын тууганы Тезекбай Төлөгөнов Сарыбагыш волостунун № 1 айылында жашаган 53 түтүндү Атаке волостуна жаздырттып мыйзамсыз болуштукка шайланган. Талаа генерал-губернатордугуна кайрылган кыргыздар кетирилген жаңылыштыкты белгилешип, аларды кайра Сарыбагыш волостуна кайтаруусун өтүнүшкөн.

Орус аскерлери үчүн жаңы толуктоочу күч 1916-жылдын бул күнү Пржевальск шаарына келген. Аскер старшинасы Бычков баштаган казак орустар көтөрүлүштү басыш үчүн Верныйдан чыгып, Пржевальскиге бир жумада жетип келишкен.

Орус аскерлерине колго түшкөн Дүйшөкө Мамырбаевдин 1916-жылдын бул күнкү көрсөтмөсүнө караганда Бурана болуштугунан боз үйлөрдүн санына жараша жоокерлер чыгарылган. Болуштукта 340 түтүн жашагандыктан, жоокерлердин саны да 340 адам болгон. Жоокерлерге Сопубек Шаменов башчылык кылып, алардын колунда болгону 30 мылтык, бир канча бардаңке жана милте мылтыктар, мындан тышкары узун союлга кийгизилген темир найза, учу күйгүзүлүп учталган жыгач найза, узун союлга сапталган балталар менен куралданышкан.

Кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүш айынан качкан Атаке болуштугунун миң чамалуу түтүнү Тоңдон көчүп, бул күнү Жаман эчкиге жетпей конушкан.

Жетисуу аскер губернатору 1916-жылдын 1-сентябрында айрыкча жапа тарткан адамдарга жардам көрсөтүү максатында 10 000 рубль бөлгөн. Мындан тышкары кыргыздардан тартылып алынган малды сатып, түшкөн акча каражатын талоонго учураган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүү маселеси каралган. Орус бийлиги белгилеген жардам алчулардын категориясына арийне орус адамдары, алардын үй-жайы, кыштактары гана кирген.

Феликс Куловдун премьер-министрге талапкердиги Жогорку Кеңеш тарабынан 2005-жылдын 1-сентябрында оң чечилген.

1-сентябрда дүйнө динчилдери Бүткүл дүйнөлүк тынчтык, же болбосо Тынчтык үчүн бүткүл ааламдык сыйынуу күнүн белгилейт.

Кырым татарлары 1482-жылдын 1-сентябрында Киевди талоонго алышкан.

Сибирди басып алыш үчүн Ермак 1581-жылдын 1-сентябрында 840 адам топтогон.

Пётр I көрсөтмөсүнө ылайык Орусиядагы биринчи мамлекеттик китепкана 1714-жылдын 1-сентябрында ачылган. Азыр ал Орус Илимдер академиясынын китепканасы деп аталат.

Немис астроному Карл Хардинг 1804-жылдын 1-сентябрында Юнонанын үчүнчү астероидин ачкан.

Астроном Ричард Каррингтон 1859-жылдын 1-сентябрында күндүн протуберанц кубулушун байкаган.

Эмиль Берлинер 1887-жылдын 1-сентябрында граммофон пластинкага патент алган.

Бостондогу метро 1897-жылдын 1-сентябрында ачылган.

Режиссёр Жорж Мельес тарткан «Айга саякат» аттуу дүйнөдөгү биринчи илимий-фантастикалык тасма 1902-жылдын 1-сентябрында Францияда көрсөтүлгөн.

Дүйнөдөгү биринчи Мамлекеттик кино мектеп 1919-жылдын 1-сентябрында Советтер Союзунда ачыган. Бүгүнкү күндө ал А. С. Герасимов атындагы Бүткүл орусиялык мамлекеттик кинематография институту деп аталат.

«За Родину! За Сталина!» аттуу айтылуу уран «Правда» гезитинин 1938-жылдын 1-сентябрь күнкү санында жарык көргөн.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1-сентябрында башталган.

Батыш Берлин 1950-жылдын 1-сентябрында Конституцияны кабыл алган.

Дүйнөдөгү биринчи супермаркет 1951-жылдын 1-сентябрында Лондон шаарында ачылган.

Москва шаарындагы Ленинск тоосунда МГУнун бийик имараты 1953-жылдын 1-сентябрында колдонууга берилген.

«Спокойной ночи, малыши!» аттуу айтылуу теле көрсөтүү биринчи жолу 1964-жылдын 1-сентябрында обого чыккан.

Ливияда аскердик төңкөрүш 1969-жылдын 1-сентябрында жасалып, бийликке Муаммар Каддафи келген.

Катар 1971-жылдын 1-сентябрында өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган.

Советтер Союзунун жаңы мамлекеттик гимнинин жаңы тексти 1977-жылдын 1-сентябрында бекитилген.

Өзбекстан 1991-жылдын 1-сентябрында эгемендик алган.
XS
SM
MD
LG