Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

18-сентябрь: Тарых барактары


АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармачылыгы (ЦРУ) 1947-жылдын 18-сентябрында уюшулган.
АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармачылыгы (ЦРУ) 1947-жылдын 18-сентябрында уюшулган.

Өзүнчө Сибирь корпусунун командачысы 1851-жылдын 18-сентябрында экспедициялык отряд тарабынан кармалган эки кыргыз туурасында орус бийлигине кабарлаган. Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийдин билдиргенине караганда, алардын жанында эки мылтык жана 8 жылкы болгон. Колго түшкөн кыргыздардын тагдырына күйгөн Ормон хан, алардын бошотулушун өтүнүп Улуу жүз казактардын приставы майор Перемышльскийге кат менен кайрылган.

Падышалык бийлик 1916-жылдын 18-сентябрында кыргыздарды Сергиополго жумушка жөнөтүү маселесин караган. Буга чейин Жетисуу уездинин түндүк аймагында орун алган айрым болуштуктар сугатчылык иш үчүн кыргыздардын күчүн пайдаланууну сунуш кылышкан. Империялык бийлик кыргыздарды жалаң эле сугат ишине эмес, Сергиополдон Семипалатинскиге чейин темир жол куруу ишинен пайдалануу жагын да караштырган. Бирок аларды жайгаштыруу, керек-жарак менен камсыздоо маселесинде суроолор чыккандыгына байланыштуу жумушчуларды Сергиополго жөнөтүүнү токтото туруу иши белгиленген.

Түркстан коммунисттик партиясынын V съезди 1920-жылдын 18-сентябрында ишин аяктаган.

Миң чамалуу Өзбекстан ислам кыймылынын согушчандары 1999-жылдын бул күнү Кадамжайдын Сырт жана Баткендеги Газ кыштактары багытында чабуул коюшкан. Бир күн мурун алар Кадамжай блокпостуна кол салып, согушчан анабашчылардын бири Абдулазиз Юлдашевдин өлүмүнө байланыштуу кыргыз аскерлерине каршы кысымын күчөтүшкөн.

Бишкек шаарында 2003-жылдын бул күнү Борбор Азия массалык каражаттарынын абалына арналган V эл аралык конференция ишин аяктаган.

«Чуулгандуу» № 1 Университет шайлоо округунда 2005-жылдын 18-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайлоо өткөн. Университет округунун чуулгандуу аталышы буга чейин Жогорку Кеңеш депутаттыгына шайланып, 2005-жылдын 24-март окуясынан кийин бийлик алмашууга байланыштуу депутаттык мандатынан айрылган Бермет Акаевага жана аны менен байланыштуу бир канча айга созулган сот ишинен улам айтылып калган.

Домициан өлтүрүлгөндөн кийин Марк Кокцей Нерва 96-жылдын 18-сентябрында Рим императору атыккан.

Христофор Колумбдун төртүнчү деңиз сапары маалында, ал 1502-жылдын 18-сентябрында Коста-Рикага келген.

АКШ президенти Жорж Вашингтон 1793-жылдын 18-сентябрында Вашингтондогу Капитолийди түптөгөн.

«Нью-Йорк таймс» гезитинин биринчи саны 1851-жылдын 18-сентябрында жарык көргөн.

Л. Н. Толстойдун «Балалык» чыгармасы биринчи жолу «Современник» журналынын 1852-жылдын 18-сентябрь күнкү санына жарыяланган.

Канаданын Жогорку Соту 1875-жылдын 18-сентябрында негизделген.

Француз акыны Жан Мореастин символист-адабиятчылардын манифесттине айланган макаласы «Фигаро» гезитинин 1886-жылдын 18-сентябрь күнкү санында орун алган. Буга чейин колдонулуп келген «декадент» термини эскиргендиги белгиленип, анын ордуна «символист» аталышын колдонуу зарылчылыгы күн тартибине коюлган.

Одесса улуттук политехникалык университети 1918-жылдын 18-сентябрында негизделген.

Украин эмигрант-студенттердин биримдиги 1922-жылдын 18-сентябрында Прага шаарында уюшулган.

Советтер Союзунда милдеттүү аскер кызматы 1925-жылдын 18-сентябрында киргизилген.

Хиджаз жана Неджд королу Абдель Азиз ибн Сауд 1932-жылдын 18-сентябрында эки королдукту бириктирип, жаңы мамалекетке Сауд Аравия Королдугу деген аталыш ыйгарган.

Советтер Союзу 1934-жылдын 18-сентябрында Улуттар Лигасына кирген.

Америка Кошмо Штаттарында Борбордук Чалгындоо башкармачылыгы (ЦРУ) 1947-жылдын 18-сентябрында уюшулган.

Камск ГЭСи 1954-жылдын 18-сентябрында ишке киришкен.

Германия Демократиялык Республикасы менен Германия Федеративдик Республикасы экөө бирдей 1973-жылдын 18-сентябрында Бириккен Улуттар уюмуна кабыл алынган.

«Комсомольская правда» гезитинин 1990-жылдын 18-сентябрь күнкү санына А. И. Солженицындын «Биз кантип Орусияны кайра курабыз?» деген макаласы жарык көргөн.

СССР менен АКШнын экс-президенттери Михаил Горбачёв менен Жорж Буш 2000-жылдын 18-сентябрында «Демократия жана өнүгүүнү коргоо» аталган эл аралык фонд курушкан.

Жапонияда вирустарды жоготуучу туруктуу антисептик 2009-жылдын 18-сентябрында чыгарылган.
XS
SM
MD
LG