Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:39

29-сентябрь: Тарых барактары


Ош шаарындагы борбордук базар
Ош шаарындагы борбордук базар

Кыргыздар менен кыпчактардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү 1875-жылдын сентябрь айында кулач жайган. Лейлектен чыккан Пулат кыргыздар менен кыпчактардын көтөрүлүшүн жетектеп, ал айланасына хандыкка нааразы болгон калк катмарын топтой алган.

Көтөрүлүш жалпы жонунан хандыкка каршы багытталып, эркиндикке умтулуу мүнөзүнө карабастан аталган аймакта үстөмдүк орнотууну эңсеген Орусия империясы үчүн да олуттуу коркунуч жараткан. Генерал Кауфман 1875-жылдын 29-сентябрында генерал-майор Троцкийге жазган катында “эгер Пулатханды колго түшүрсөм, аны генерал-губернатордуктун атынан дарга асам” деп убада берген.

Советтик археологдор 1930-жылдын бул күндөрү Таластан табылган нумизматикалык эстеликтердин баалуулугун аныктоо багытында иштешкен. Талас кантонунан Фрунзеге алып келинген 660 күмүш акча XIV кылымга таандык экендиги аныкталып, мындай үлгүдөгү нумизматикалык материал Эрмитаж, ал түгүл Британия музейлеринде жок экендиги белгилүү болгон.

Индия киносунун Кыргызстанда өткөн бир жумалык фестивалы 1954-жылдын бул күнү соңуна чыккан. Борбордун «Ала-Тоо», «Ударник» жана Маданият министрлигинин кинотеатрларында индиялык маданият чеберлерининин чыгармалары көрсөтүлүп, «Селсаяк» сыяктуу тасмалар көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

Кыргыз эл жазуучусу, республикалык киноматографисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов 1978-жылдын бул күнү Ленин ордени жана «Орок жана Балка» Алтын медалы менен сыйланган. Советтик жазуучулар арасынан Чыңгыз Айтматов Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы менен сыйланган биринчи жазуучу болгон.

Бишкектеги «Ош», «Дордой», «Аламүдүн», «Орто Сай» базарларындагы контейнерлердин ээлери 2003-жылдын бул күнү иш таштаган. Нааразылык Каржы министрлиги тарабынан соода түйүндөрүндө кассалык аппараты орнотуу талабынан улам келип чыккан.

Монофизиттик көз карашы үчүн Антиохия патриархы Севир 518-жылдын 29-сентябрында синод тарабынан кызматынан кеткен.

Швейцария 1515-жылдын 29-сентябрында Франция менен Түбөлүк тынчтык келишимине кол койгон.

Генри Робинсон 1650-жылдын 29-сентябрында Лондон шаарында дүйнөдөгү биринчи үйлөнүү агенттигин ачкан.

Голландия 1650-жылдын 29-сентябрында Түндүк Америкадагы Лонг-Айленд аралына Англиянын укугун тааныган.

Белград келишимине ылайык, Орусия 1739-жылдын 29-сентябрында Осмон империясынан Азов менен Очаковду алган.

Англис спорт журналында теннис оюну туурасында биринчи маалымат 1793-жылдын 29-сентябрында жазылган.

Граф Н. П. Румянцев 1809-жылдын 29-сентябрында мамлекеттик канцлер болуп дайындалган.

Британиянын ички иштер министри Роберт Пилдин 1829-жылдын 29-сентябрь күнкү буйругу менен Лондондо жарандык полиция уюшулуп, кийин ал Скотланд-Ярдга айланган.

Англиядагы биринчи электр трамвайлар 1885-жылдын 29-сентябрында Блэкпулда жүрө баштаган.

«Гамбург» футболдук клубу 1887-жылдын 29-сентябрында негизделген.

Петербургдагы трамвай жолу 1907-жылдын 29-сентябрында салтанат менен ачылган.

«Стандарт Ойл» компаниясынын негиздөөчүсү Жон Рокфеллер 1916-жылдын 29-сентябрында дүйнөдөгү биринчи миллиардер атыккан.

Петрограддан 1922-жылдын 29-сентябрь күнү сапарга чыккан «Обербургомистр Хакен» кемеси Батышка Н. А. Бердяев, С. Л. Франк, И. А. Ильин, С. Е. Трубецкой, Б. П. Вышеславцев, А. А. Кизеветтер, М. А. Ильин (Осоргин), М. М. Новиков, А. И. Угримов, В. В. Зворыкин, Н. А. Цветков, И. Ю. Баккал, МВТУ профессору В. И. Ясинский сыяктуу философторду алып кеткен. Тарыхта бул сарап «Философия кемеси» деп аталып калган.

Жорж Бернард Шоу 1930-жылдын 29-сентябрында пэрдик титулдан баш тарткан.

Украин жазуучусу, бандурист Гнат Хоткевич 1938-жылдын 29-сентябрында жазага тартылган.

Эстония 1939-жылдын 29-сентябрында Балтика жээгиндеги портторун Советтер Союзунун кемелеринин колдонушуна уруксат берген.

Токио соту 1943-жылдын 29-сентябрында советтик чалгынчы Рихард Зоргене жазага тарткан.

Советтик «К-181» суу астында сүзүүчү атомдук кеме 1963-жылдын 29-сентябрында Түндүк уюлдан чыккан.

Чукотка Автономиялык округу 1990-жылдын 29-сентябрында Магадан областынын курамынан чыгып, өзүн республика деп жарыялаган.

Орусиянын президенти Борис Ельцин 1993-жылдын 29-сентябрында Жогорку Кеңеш депутаттарынан Ак Υйдү 4-октябрга чейин бошотууну талап кылган.

Москва шаарындагы МГУнун журналистика факультетинин имараты 1994-жылдын 29-сентябрында күйгөн. Тилсиз жоо 2-3-кабатты кучагына алып, жалпы жонунан 400 чарчы метр күйүп кеткен.

Жапонияда 1998-жылдын 29-сентябрь күнү башталган каржы кризиси Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң көлөмдүү алааматка алып келген.
XS
SM
MD
LG