Кызыл кулактар согуш жаңжалы тутанса деген кыязда нанды ашыкча сатып алышып, аны катыра баштаган. Мындан улам нан тартыштыгы пайда болуп, дүкөндөрдө аягы суюлбаган кезек күткөндөр пайда болгон. Шаардык бийлик кызыл кулактыкка каршы чечкиндүү чара көрүлө тургандыгын белгилеп, шаар калкын сабырдуулукка чакырган.
Айтылуу төкмө акын Токтогул Сатылгановдун эстелиги1974-жылдын 7-октябрында тургузулган. Эстелик кызыл гранит таштан чегилип, анын орду Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын түштүк тарабына орнотулган.
Фрунзе шаарынын тургундары 1989-жылы СССР Конституциясынын күнү эсептелген 7-октябрда өнүккөн социализм маалында болуп көрбөгөн окуянын күбөлөрү болушкан. Борбордогу Ленин аянтында жубайлар Леонид жана Инна Жигайловдор ошол мезгил үчүн жосунсуз жорук эсептелген нааразылык акциясын башташкан. Жигайловдор “уулу химикат геноцидине орун жок” жана “ууландырууну токтоткула” деген жазуулары бар плакаттарды кармап, өкмөттөн таза суу, ынак тамак-аш жана кирдетилбеген абаны талап кылышкан. Бир топ шаардыктар Жигайловдорду колдой тургандыгын билдиришип, дептерге кол коюп бере башташкан. Көп өтпөй Биринчи май райондук ички иштер кызматы Жигайловдорду уруксатсыз митинг өткөргөндүгү үчүн кармагандан кийин Кыргызстандагы биринчи нааразылык акция соңуна чыккан.
7-октябрь – Кыргызстандын жарандык авиация күнү. Бул күн кыргыз өкмөтүнүн 1994-жылдын 3-октябрдагы токтомуна ылайык белгиленип келет. Өкмөттүк токтомдо граждандык авиациянын экономика, маданият жана элдик чарбанын өнүгүшүнө кошкон салымы көрсөтүлүп, анын тармактык өнүгүшү үчүн көрүлчү чаралар мерчеми аныкталган.
Оппозициялык «Реформа үчүн» кыймылы 2006-жылдын 7-октябрында кеңейтилген жыйын өткөргөн. Анда 2-ноябрда өтө турган мөөнөтсүз митингде козголуучу жана кыймылдын буга чейин өткөргөн үч курултайында көтөрүлгөн талаптардын аткарылышы, конституциялык реформа, кадр саясаты, түндүк-түштүк маселеси талкууланган
Ыйык Лига менен Осмон империясынын флоттору ортосундагы Лепанто салгылашы 1571-жылдын 7-октябрында өткөн. Христиандык армада салгылашта жеңишке жетишип, Жер Ортолук деңизиндеги Осмон үстөмдүгү соңуна чыккан.
Канададагы биринчи темир Сент-Мористе 1737-жылдын 7-октябрында эритилген.
АКШдагы Корнелльск университети 1868-жылдын 7-октябрында ачылган.
Австро-германдык келишимине 1879-жылдын 7-октябрында Вена шаарында кол коюлган.
Жалпы орусиялык саясий стачка 1905-жылдын 7-октябрында башталган.
Лев Николаевич Толстой 1910-жылдын 7-октябрында өзүн Нобель сыйлыгына талапкерликке көрсөтүүдөн баш тарткан. Жазуучу муну акчанын адам үчүн терс таасири менен түшүндүргөн.
Оксфорд университетине биринчи жүз айым 1920-жылдын 7-октябрында кабыл алынган.
Советтер Союзу, АКШ, Британия жана Кытай ортосундагы Кошмо Штаттардын Думбартон-Окстогу конференциясында 1944-жылдын 7-октябрында Улуттар Лигасын Бириккен Улуттар уюмуна алмаштыруу чечими кабыл алынган.
Германия Демократиялык Республикасы 1949-жылдын 7-октябрында уюшулган. Ошентип 7-октябрь ГДРдин улуттук майрамына айланган. Бул күнү ГДРдин улуттук сыйлыктары тапшырылып, ар түркүн майрамдык салтанаттар өткөрүлгөн.
Сирия менен Египет 1958-жылдын 7-октябрында өз өкмөттөрүн жоюп, Бириккен Араб Республикасын уюштурушкан.
«Луна-3» космос аппараты 1959-жылдын 7-октябрында биринчи жолу Айды айлана учуп, анын аркы тарабын сүрөткө тартып Жерге жөнөткөн.
Кытайлык студенттер 1966-жылдын 7-октябрында Советтер Союзунан чыгарылган.
Советтер Союзу менен Германия Демократиялык Республикасы ортосундагы достук, кызматташуу жана өз ара жардамдашуу келишимине 1975-жылдын 7-октябрында кол коюлган.
Советтер Союзунун Жогорку Кеңеши 1977-жылдын 7-октябрында өлкөнүн жаңы Конституциясын кабыл алган. Жаңы Конституция долбоору 1962-жылы иштетиле баштап, ал 1936-жылкы Негизги мыйзамды алмаштырган. Жаңы мыйзам Советтер Союзундагы бир партиялуу саясий системаны калыптандырып, ал “өнүккөн социализмдин Конституциясы” аталган.
Азербайжандын Улуттук межлиси 1992-жылдын 7-октябрында өлкөнүн Шериктеш мамлекеттер биримдигине киришине каршы добуш берген.
Орусиянын коммунисттери менен профсоюздары 1998-жылдын 7-октябрында президент Борис Ельцин жүргүзгөн саясатка каршы митинг өткөрүшкөн.
АКШ 2001-жылдын 7-октябрында Ооганстандагы согуштук операциясын баштаган.