Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

24-октябрь: Тарых барактары


Роберт Кох 1882-жылдын 24-октябрында кургак учукту чакырган вирусту тапкан.
Роберт Кох 1882-жылдын 24-октябрында кургак учукту чакырган вирусту тапкан.

Ормон хан 1847-жылдын 24-октябрында Сибирь кыргыздарынын чек ара башчысы генерал-майор Вишневскийге кат жолдогон.

Ормон хандын катында козголоңчу Кенесарынын өлтүрүлүшүнө байланыштуу орус бийлиги кыргыздарды сүйлөшүү жүргүзүү максатында чакыргандыгына ыраазычылык билдирилет. Императорго таазим көрсөтүп, белек-бечкек тапшыруу үчүн Ормон хан уулу Үмөтаалыны баш кылып атайын элчилик жиберген. Каттын мазмуну көрсөткөндөй, орус бийлиги кыргыз урууларынын башчысына сый-урмат көрсөтүп, алтын медаль, алтын жалатылган чепкен, ардак грамота берген. Мындан тышкары Ормон хан генерал-губернаторго, Кашгарды ээлеп алган хожолордун Кытайга каршы биргелешип аракет көрөлү деген чакырыгына көнбөй койгондугун билдирген.

Юсуп Абдрахманов 1928-жылдын 24-октябрында Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, байлардын чарбасын экспроприациялоо маселеси боюнча каршы пикирин билдирген. Анын көз карашына ылайык, бай-манаптардын мал, мүлкүн тартып алуу жол-жобосу али иштелип чыккан эмес жана аны кандай ыкма менен жүргүзүү керектиги да белгисиз болгон. Ошондуктан адегенде кедей-кембагалдардын чарбасын уюштуруу ыкмасын жолго коюп, анан байлардын мал-мүлкүн ортого алуу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл деп маселени кабыргасынан койгон.

24-октябрда Кыргызстанда элчилердин кесиптик майрамы белгиленет.

Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразылык акция 2005-жылдын 24-октябрында таң эртеден тарта Жогорку Кеңеш имаратынын кашында улантылды. Имарат маңдайына тогуз боз үй, эки көчмө кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип жатты. Алар премьер-министр Феликс Кулов менен Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязов 2005-жылдын ушул күнү кечинде маалымат жыйын өткөргөн. Катчы Жогорку Кеңештин депутаты Т. Акматбаевдин өлүмү жана анын жактоочулары уюштурган митингден улам курчуган кырдаалды президент Курманбек Бакиев өзү көзөмөлгө алганын кабарлаган.

24-октябрь Бириккен Улуттар уюмунун уюшулуш күнү катары белгиленет. БУУнун 1848-жылдын 24-октябрында өткөн Башкы Ассамблеясынын 2-сессиясында уюмдун күнүн 24-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.

24-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк маалымдоо жана өнүгүү күнү.

Отуз жылдык согуштун соңуна чыккандыгын аныктаган Вестфаль келишимине 1648-жылдын 24-октябрында кол коюлган.

Мольер биринчи жолу актёр катары 1658-жылдын 24-октябрында француз королу Людовик XIV өнөрүн көрсөткөн.

Уильям Лассел 1851-жылдын 24-октябрында Урандын спутниктери Ариэль менен Умбриэлди ачкан.

Кембриждин бүтүрүүчүлөрү 1857-жылдын 24-октябрында Шеффилд шаарында дүйнөдөгү биринчи футболдук команданы түзгөн.

Роберт Кох 1882-жылдын 24-октябрында кургак учукту чакырган вирусту тапкан.

«Правда» гезитинин 1928-жылдын 24-октябрь күнкү санында М. Булгаковдун «Качуу» пьесасына тыюу салынгандыгы кабарланган. Көркөм-саясий кеңеш пьесада акгвардиячылар акталып, алардын кыймылы көкөлөтө макталган деп бүтүм чыгарган.

Леонид Ильич Брежнев 1931-жылдын 24-октябрында ВКП (б) мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Советтер Союзунун үчүнчү индустриалдык борбору эсептелген Харьков шаары 1941-жылдын 24-октябрында немистик баскынчылар тарабынан ээленген.

Бириккен Улуттар уюмунун уставы 1945-жылдын 24-октябрында күчүнө кирип, уюм 52 өлкөнүн башын бириктирген.

Сепаратисттер 1947-жылдын 24-октябрында Кашмир провинциясын эгемен мамлекет деп жарыялашкан.

Нью-Йорк шаарында азыркы Бирикен Улуттар уюмунун имаратын түптөө салтанаты 1949-жылдын 24-октябрында өткөн.

АКШнын Кубаны блокадага алгандыгына байланыштуу Советтер Союзу 1962-жылдын 24-октябрында нааразылыгын билдирген.

Түндүк Родезия 1964-жылдын 24-октябрында эгемендик алып, мамлекет аталышын Замбияга өзгөрткөн.

Польшадагы эркин профсоюздардын «Солидарность» уюму 1980-жылдын 24-октябрында каттоодон өткөн.

Чуваш АССРи 1990-жылдын 24-октябрында өзүн союздук республика деп жарыялаган.

Москва шаарында Улутту сактап калуу комитети 1992-жылдын 24-октябрында уюшулган.

Байыркы Египеттин айтылуу өкүмдары Клеопатранын жалгыз кол тамгасы 2000-жылдын 24-октябрында Берлиндеги Египет музейинде табылган.
XS
SM
MD
LG