Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Спорт: аракет үчүн берекет жана медаль


8-октябрда Грозныйда Орусиянын баатыры, Чечен республикасынын президенти Рамазан Кадыровду эскерүүгө арналган эл аралык эркин күрөш мелдеши башталды.

Нуркул Асылбековду эскерүүгө мелдеши

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайында СССРдин спортунун чебери Нуркул Асылбековду эскерүүгө арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өттү. Турнирде Кыргызстандан жана Казакстандан 300гө жакын жаш балбан катышты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү болуп жеңил салмактарда кыргызстандык Талабай уулу Азат жана казакстандык Тургунбек Элдос урмат-сыйга арзыды. 39 кг чейинки балбандардын таймашында кыргызстандык Шаршенбек уулу Тынарбекке теңдеш болбоду. 42, 46, 54, 58, 60 кг. салмактарда да кыргызстандык балбандар Ташболот уулу Алымбек, Үсөн Эркинбеков, Лука Орлов, Азат Сарматов жана Сардарбек Конушбаев баш байгенин ээлери болушту. 63 кило салмакта казак балбаны Абдырахман Шамшаркулов биринчи орунду ээледи. 69 кг. жана 76 кг жогору салмактарда кыргыз балбандары Самат Чоңуралиев жана Сулайман Исмаилов жеңүүчү деп аталышты.

Маркум Нуркул Асылбеков Кыргызстандын көп жолку чемпиону, өлкөнүн биринчиликтеринин байге ээси болуп, өткөн жүз жылдыктын 80-жылдарынын мыкты жаш спортчулардын катарына кирген.

Эл аралык кадыр-баркы бар калыс Бахадыр

Жакында эле Түштүк Африкада өткөн футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылып келген Бахадыр Кочкаров өлкөнүн дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер деген ардак наамга арзыган.

Өлкөнүн футбол федерациясынын жооптуу кызматкери Нурдин Букуевдин билдиргенине караганда, Эл аралык футбол федерациясынын калысы Бахадыр Кочкаров 12-октябрда өтө турган Жапон жана Түштүк Корея өлкөлөрүнүн жолдоштук беттешүүсүнө калыстык кылуу үчүн расмий чакырылды. Бул беттешүүдө башкы калыстык милдетти өзбекстандык Равшан Ирматов аткармакчы.

Тбилисиде самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты

Учурда Грузиянын борбору Тбилисиде улан-кыздар арасында самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын намысын жаш 10 спортчу коргоп жатышат. Балбандарга машыктыруучулар Артур Сон менен Андрей Тупик баш-көз болуп жүрүшөт. Жеңүүчүлөр 12-октябрда аныкталат.

Алымбек - эл аралык спорт чебери

Чехиянын Плзень шаарында пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталды. Кырк жаштан элүү жашка чейинки 82,5 кг салмактагы ардагерлер арасындагы таймашууда кыргызстандык Алымбек Рахимов төртүнчү орунду ээледи. Алымбек жалпы 700 упай топтоо менен эл аралык спорт чеберинин таламдарын аткарды. Келерки жылдагы дүйнө чемпионатынын эстафетасын Канада өлкөсү кабыл алды.

Ушу-чыгыш өнөрүнөн дүйнөлүк таймаш

Ушу чыгыш өнөрү боюнча Кыргызстандын чакан делегациясы Кытайдын Шияне шаарында өтө турган дүйнө чемпионатына барууга камылга көрүшүүдө. Бул дүйнөлүк ушу таймашуусуна 3 миңден ашуун спортчу катышып, өнөрүн көрсөтүшөт. Кыргызстандан ушу-сунсу спорт мектебинин устаттары Евгений Лопаткин, Наталья Нещерет, Олег Косенко жана Любовь Серякованын шакирттери мөрөй талашууга белсенип жатышат.

"Кыз-келин кылычын кайрайт"

Өлкөнүн фехтования - кылыч чабышуу боюнча кыз-келиндер командасы учурда Орусиянын Выборг шаарында эл аралык машыгуудан өтүүдө. Алар дүйнө чемпионаты менен 16-Азия оюндарына орусиялык жана белорусиялык спортчулары менен бирге даярдык көрүүдө. Алардын катарында спорт чеберлери Мергүл Абдиева, Лариса Андреева, Юлия Яйцевская, Вера Каминская чеберчилигин жогорулатууда.

Чечен республикасынын президенти Рамазан Кадыровду эскерүү мелдеши

Өлкөнүн дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Канатбек Арпачиевдин айтымында, 8-октябрда Грозный шаарында Орусиянын баатыры, Чечен республикасынын президенти Рамазан Кадыровду эскерүүгө арналган эл аралык эркин күрөш мелдеши башталды.

Кыргызстандын намысын жаш балбандар Эржан Абдыгулов, Каныбек Кадыркулов, Кудурет Белеков жана Адилет Романов коргоп, намыс талашууда. Балбандарга эл аралык калыс, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Кочкорбек Кулматов баш-көз болуп жүрөт. Жеңүүчүлөр 11-октябрда аныкталат.

Жетинин бири - Юрий

Италиянын Рим шаарында дзю-до күрөшү боюнча дүйнө Кубогунун мелдештери жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык Юрий Краковецкий оор салмакта жетинчи орунду ээледи. Бул орун 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алууга упай берет. Эстониялык Мартин Падар биринчи орунду камсыз кылса, бразилиялыктар Рафаэль Сильва менен Луис Кармо күмүш жана коло байгелүү болушту. Командалык эсепте Түштүк Корея биринчи, Орусия экинчи, Бразилия үчүнчү орунду камсыз кылышты.
XS
SM
MD
LG