Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:43

Чубактын кунундай чубалган сот


Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов
Алишер Саиповдун атасы Авас Саипов

Жабырлануучу тараптын жана айыпталуучунун каршылыгына карабастан, Ош шаардык соту журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланышкан кылмыш ишин териштирүүнү үчүнчү жолу башка күнгө которду. Муну мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдүн сотко келбей жаткандыгы менен түшүндүрдү. Ошол эле учурда маркумдун атасы Авас Саипов мындан ары тергөө, прокуратура жана сот органдарына ишенбөөчүлүк көрсөтөөрүн жарыялады.

Мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев Алишер Саиповдун өлүмүнө себепкер кишини көргөн күбөлөр ушуну менен үчүнчү жолу келбей жаткандыгын, буга прокуратура күнөөлүү экендигин моюндап, жараянды 20-февралга жылдырууну соттон сурангандыгын билдирди.

Бирок мындай өтүнүчкө жабырлануучу жана айыпталуучу тараптар каршы экендигин айтышты. Маселен, маркумдун атасы Авас Саиповдун болжолунда, тергөө жана прокуратура органдары дагы эле былтыркыдай айла-амалдарды ойлоп таап, кылмышты айыпсыз бирөөгө илип, жоопкерчиликтен эптеп кутулуунун аргасын кылып жатышат.

Ал эми милиция кыргыз журналистинин өлүмүнө шектүү деп кармап, бир жылдан бери абакта жаткан Абдуфарит Расулов мурдагы жана ушул жылдын 26-январындагы соттук териштирүүнүн учурунда күнөөсүн толук бойдон мойнуна алган эмес, бүгүн деле ушул оюн кайталады. Айыпталуучунун жактоочусу Зина Алымбекованын айтымында, маркум Алишер Саиповду ал коргоп жаткан адам өмүрүндө көрбөптүр, муну тастыктаган күбөлөр бар.

Ушундай каршы пикирлерге карабастан Ош шаардык сотунун судьясы Бурханидин Нурмаматовдун катчысы жараян 20-февралга которулгандыгын маалымдады.

Буга нааразыланган Авас Саипов мындан ары тергөө, прокуратура жана сот органдарына ишенбөөчүлүк көрсөтөөрүн жарыялады.

Ички иштер министрлиги кабарлашынча, сурак учурунда айыпталуучу Абдуфарит Расулов Алишер Саипов атылган тапанчаны тажикстандык Фарух Шарахматуллаевден алгандыгын ырастаган. Ошондуктан ага издөө салынып, ушул жылдын башында Тажикстанда кармалды.

26 жаштагы Кыргыз журналисти Алишер Саипов убагында дүйнөлүк бир катар массалык маалымат каражаттары менен тыгыз кызматташкан. Өмүрүнүн акыркы алты айында өзбек тилинде «Саясат» гезитин чыгарып, курч мүнөздөгү макалалары менен Өзбекстан Президенти Каримовдун режимин катуу сындап турган. 2007-жылдын 24-октябрында кеңсесинин жанында атылып өлтүрүлгөн. Артында алмончоктой аялы жесир, эки жаштан ашкан кызы жетим калды.

XS
SM
MD
LG