Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Курултайга кимдер келатат?


Кыргызстанда 23-мартта өтүүчү Ынтымак курултайына делегаттарды шайлоо өнөктүгү кызуусуна кирди. Курултайды уюштуруу комиссиясынын өкүлдөрү эл өзү ишенген татыктуу инсандарды делегат кылып тандап жатканын билдиришүүдө.

Ошол эле кезде курултайга делегат шайлоо жергиликтүү акимдердин тизмеси жана көрсөтмөсү боюнча болуп жатат деген сын көз караштар да айтылууда.

Бул жумада жер-жерлерде жашоочулардын жыйындары жана жамааттардын курултайлары өтүп, курултайга делегаттар көрсөтүлдү. Бишкек шаарындагы Биринчи май району боюнча жыйындар өткөрүлүп, баардыгы 114 талапкер тандалды. Алардын ичинде Дене-тарбия академиясынын ректору В. Л. Ким, Кыргыз Техникалык Университетинин ректору Мураталы Жаманбаев, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик унверситетинин профсоюз уюмунун төрагасы Бектуров Эрмек сыяктуу белгилүү инсандар бар.

Чыныгы саясатчылар, идеологдор, патриоттор өттү. Эл өзү тандап жатат.

Ч. Майтикова
Эми 11-февралда Бишкек шаарынын жалпы жыйыны өткөрүлүп, Ынтымак курултайына он делегат тандалып алынат. Курултайды уюштуруу комиссиясынын мүчөсү, Бишкектин Биринчи май районунун жооптуу кызматкери Чынара Майтикованын айтымында тандалып алынган 114 адамдын ичинде ар кыл курактагы жана ар кыл кесиптеги адамдар бар, эл өзү сыйлаган жана ишенген инандарын шайлап жатат:

- 114 адамдын ичинде студенттер, пенсионерлер, кварталныйлар, үйдө бекер отурган адамдар да бар. Эл ичинде сөзү өтө турган барктуу адамдар өттү. Чыныгы саясатчылар, идеологдор, патриоттор өттү. Эл өзү тандап жатат.

Ошол эле учурда курултайга делегаттарды көрсөтүү жергиликтүү акимдердин көрсөтмөсү жана көзөмөлү астында болуп жатат, элдин сөзүн сүйлөй турган инсандар четте эле калды деген сын көз караштар да айтылууда. Бишкектин ушул эле Биринчи май районунун жашоочусу, “Акыйкат жолу” коомдук бирикмесинин жетекчиси, акын Бүбүайша Арстанбекова “эл өзү тандап жатат” деген билдирүү ооз көптүргөн сөз бойдон калып, иш жүзүндө акимчилик көрсөткөн адамдар курултайга делегат болуп көрсөтүлүп жатат деп нааразы болууда.

- Эл өзү тандасын деген жөн эле сөз. Эл өзү тандабай эле ар бир акимчилик өзү жыйын өткөрүп, "баягынын таягын" тандап атышат. Кана чакыргандары. Эл үчүн күйгөн менчелик болот, ак жоолукчан айымдарды уюштуруп окко көкүрөгүмдү тоскомун,-дейт Бүбүайша Арстанбекова.

Эл өзү тандабай эле, ар бир акимчилик өзү жыйын өткөрүп, "баягынын таягын" тандап атышат.

Б. Арстанбекова
Бул жумада курултайга президенттик квота боюнча делегаттарды көрсөтүү да башталды. Коомдук жана ишкер уюмдар көркөм өнөр, маданият, илим, билим берүү, медицина ишмерлеринен, бизнес-жамааттардан, коомдук ишмерлерден, этно-маданий жамааттардын өкүлдөрүнөн талапкерлерди сунуш кылып, алардын ичинен 150 адамды курултайга делегат кылып президент өзү тандап алмакчы.

Кыргызстан Маданият ишмерлери ассамблеясынан 12 адам делегаттыкка талапкер катары көрсөтүлдү. Алардын ичинде Кыргыз эл жазуучулары Асан Жакшылыков, Мырзабек Тойбаев, белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов, Кыргыз эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев сыяктуу белгилүү маданият ишмерлери бар.

Оппозициялык күчтөр Ынтымак курултайын ынтымактын эмес, бийликтин кошоматчыларынын жыйыны болот деп сындап келатат. Ошол эле учурда саясий оппозицияга жан тартып жүргөн бир катар жарандык уюмдар курултайга делегат шайлоо иш чарасынан сырткары калбай, бул ишке кошо аралашып жатканын билдирүүдө.

Демократия жана атуулдук коом үчүн” деп аталган бейөкмөт уюмдар ассоциациациясынын төрайымы Динара Ошурхаунова “Азаттыкка” берген маегинде? Ынтымак курултайы дежур чалдардын жыйынына айланып кетпеш үчүн, делегаттарды тандоо жыйындарына жарандык уюмдардын өкүлдөрү кошо катышып, аралашып, эл сөзүн сүйлөй турган адамдарды шайлоого аракет кылышы керек деп белгилеген.

Президент К. Бакиев улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, жарандык коомду баш коштуруу жана социалдык мобилизациялоого көмөк көрсөтүү максатында “Ынтымак курултайын чакыруу жөнүндө 21-январда Жарлык чыгарган. Курултай 23-мартка белгиленген. Ага баардыгы 750 делегат чакырылат, анын ичинде өлкөнүн администрациялык-аймактык бирдиктеринен – 545 делегат, чет өлкөдөгү эмгекчи- мигранттардан – 35 делегат, конфессиялык жамааттардан – 20 делегат, ошондой эле Президентин өзүнүн квотасы менен 150 делегат келиши керек.


"Азаттык" тасмасында: Ынтымак курултайы кимге ыңгайлуу?

Ыңгайлуу Ынтымак курултайы. 1-бөлүк
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

XS
SM
MD
LG