Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

Э. Байсалов: К. Бакиев менен сүйлөшүүгө барбайбыз


Кыргызстандын убактылуу өкмөтү президент К. Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок жана ага барбайт деп билдирди бүгүн “Азаттыкка” убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов. Анын айтымында, ошол эле учурда өкмөт элдин кызыкчылыгы үчүн К. Бакиевдин коопсуздугун камсыз кылуу жагын да ойлоп жатат. Анткени аны таап өлтүрүп өч алгысы келген ар кандай уюшкан жарандык топтор көп.

- Маалымат булактары Кыргызстандын убактылуу өкмөтү Курманбек Бакиевди камакка алганы жатыптыр, же аны менен сүйлөшөт экен деген ар башка кабар таратууда. Ушуга тактык киргизип коесузбу?

- Мен азыркы учурда кескин түрдө ачык-айкын айтып кетейин, эч кандай сүйлөшүүлөр жүргөн жок жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынбайт. Үч-төрт күндөн бери биз каарман жаштарыбызды акыркы сапарга узатып жаттык. Мурдакы узурпатор жана кан соргуч диктатор менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгүбүз дагы, кызыкчылыгыбыз дагы жок.

- К. Бакиев кол тийбестик укугуна ээ эмеспи, ошондуктан аны камакка алуу мыйзамдык жагынан кандай болот?

- Муну камакка алуу деп түшүнбөш керек. Кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн анын коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Анткени ар кандай уюшкан жарандык топтор келип, бизге курал-жарак бергиле, биз аны барып табабыз, өчүбүздү алабыз, анын көзүн тазалайбыз деген аракет көп болуп жатат.

Ар жакта дагы жалал-абаттык, оштук туугандар көп түшүнбөй келсе, азыр КТР аркылуу абдан көп маалыматтарды билип алардын да кыжыры кайнап, улуттук деңгээлде ушунчалык трагедиялык окуяларды башыбыздан өткөрүп атканда, мына Молдомуса Конгантиевдин үстүнөн жүргүзүлгөн окуялар кайталанып кетпесин деп, биз албетте Курманбек Бакиевдин коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек.

Биз цивилизациялуу өлкө болгондон кийин Курманбек Бакиевдин өмүрүнө коркунуч келген учурда ал кишинин коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Камакка алуу катары баалабай, бул ал кишиге болгон коопсуздукту камсыз кылуу аракети катары бааланышы керек.

- Атамбаев Москвада жүргөндө, буюрса Кыргызстан парламенттик республика болот деп жарыялады, бул маселе бир тараптуу чечилдиби, президенттик кызмат, аппарат жоюлабы?

- Бул конституциялык өзгөртүүлөр боюнча акыркы беш жыл эмес, 15 жылдан бери чоң дискуссиялар болуп жаткан. Эми мына бир ай мурун эле Бириккен элдик кыймыл бирдиктүү платформа программа менен ой жүргүзүп, баардыгыбыз парламенттик республикага өтпөсөк болбой калды деген принципиалдуу келишимге келгенбиз.

Эми анын деталдарын бир-эки жуманын ичинде Өмүрбек Чиркешович Текебаев башында турган автордук топ жарыялайт биринчи долбоорун. Президенттик кызмат калат, анткени мамлекет башчысы мамлекеттик символ болуп катары сакталып калат, бирок көпчүлүк бийлик ошол парламент түзгөн өкмөттүн башчысына жүктөлөт.

- Сиздин кызматыңызга байланыштуу бир суроо. Кадр маселеси кандай чечилип атат? Кесиптик сапатына жарашабы, же оппозицияны колдогон-колдлбогонуна жарашабы?

- Мен ушул суроо боюнча дагы бир жолу жалпы өкмөттүн атынан билдирүү жасагым келип турат, билдирүү жасаганга да милдеттүүмүн. Анткени жер-жерлерде мына билесиздер түнкү морадерлердон кийин азыр күндүз эле кирип басмачы болуп атышат. Кээ бир жерлерде мүлктөрдү, кээ бир жерлерде мекемелерди басып алып атышат.

Университеттерге, айыл өкмөттөрүнө чейин барып жатышат. Мунун баардыгы мыйзамсыз. Убактылуу өкмөт тарабынан эч кандай чечимдер кабыл алына элек болчу. Керек болсо убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө буйрук чыгарыла элек, мына бүгүн кол коюлуп атат, анан калгандары болсо басмачылардын, баскынчылардын өзүм билемдиги, эч кандай убактылуу өкмөттүн аракети катары бааланбаш керек.

Билесиздер өкмөттүн биринчи декретинин негизинде өкмөт мүчөлөрүнүн саясий мүчөлөрү министрлер отставкага кеткен, алардын ордуна орун басарлары иш жүргүзүп атышат. Кээ бир жерлерде өкмөт тарабынан дайындоолор жүргүзүлгөн. Бирок ар кайсы баскынчы, басмачы топтордун өзүм билемдик көргөзүп басып алгандары, бул албетте, мыйзамсыз жана убактылуу өкмөттүн иш-аракетине эч кандай тиешеси жок.

- Эдил, өзүңүз Швейцияда жашап жүргөн жериңизден шашылыш Бишкекке келип, кыйын учурда жаңы өкмөткө жардам берүүнү чечиптирсиз. Сиздей болуп чет өлкөлөрдөн дагы келип жатышабы?

Бул кырдаал мен үчүн жаңылык деле болгон жок. Анткени мен эки жарым жылдай четте жашасам дагы, жаным, оюмдун баары мекенимде болуп атты. Аны интернетке кирген адамдардын баары окуп билип атты. Чет өлкөлөрдөгү мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүп, оппозиция жетекчилигинин ар кандай тапшырмаларын аткарып жүрдүм. Маалымат жагынан, саясий, идеологиялык жагынан дагы менин кошкон салымым жетиштүү болду.
Акыркы жылдары, Бакиевдердин тушунда алардын эзүүсүнөн качып, чет өлкөлөргө кеткен жаштардын, профессионал саясатчы, журналисттердин саны көбөйдү. Эми Кыргызстанда кырдаал оңолуп тынчыса, биз өкмөттүн атынан жаштарга кайрылабыз. Кыргызстанда, өзгөчө чет өлкөлөрдө - коңшулаш өлкөлөр болобу, Орусия, же алыскы Европа, Америка болобу – аларды колунан келсе Кыргызстанга келип, мекениндеги өнүгүүгө салым кошууга үндөйбүз. Буюрса, алардын бул жакта жашап, иштеп, кесиптик жөндөмүн, талантын, жакшы ойлорун, күчүн кыргыздын келечегине жаратууга жагымдуу шарттар түзүлөт.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG