- Өкмөттөгү соңку тирешүү Данияр Үсөнов менен мурунку чукул кырдаалдар министринин ортосундагы тирешүү эмне менен аякташы мүмкүн?
- Менимче, бул жерде мамлекеттик маселе жок. Албетте, ар бир саясатчынын кадамдарын журналисттер жана коомчулук байкап турат. Ошон үчүн алардын келгени дагы, кеткени дагы саясат деп түшүнгөндөр бар.
Бирок бул жерде негизинен эки саясатчынын жеке мамилеси жөнүндө сөз болуп атпайбы. Мамлекеттин кызыкчылыгы андай мамилелерден жогору туруш керек деп ойлойм. Анын үстүнө өкмөттүн жетекчилигине Данияр Үсөновдун келгенине аз эле убакыт болду.
Мындай кыска убакытта анын саясатына баа бериш али эрте. Д.Үсөнов кетет дегенди ал жетектеген өкмөт толугу менен отставкага кетет деп түшүнүү керек, андай кадамга барбайт го деп ойлойм азыркы жетекчилик.
Өкмөттү кетиргенге маанилүү негиз керек. Андай негиз бар экенин Ташиев далилдеши керек. Мага жакпайт деген пикир жетиштүү аргумент болуп бералбайт.
-Мурунку министри Камчыбек Ташиевге өкмөттүн казынасына акчалай зыян алып келген деп, кылмыш иши козголду. Ушундан улам өлкөдө саясий кырдаал курчуп кетпейби?
- Албетте, ар бир саясатчынын аркасында анын талапкерлери жана шайлоочулары бар. Алар кандайдыр бир талап коюшу мүмкүн, өзүнүн көз карашын айтып, мен жалгыз эмесмин деп көрсөтсө болот. Бирок менимче андай деле курч маселе болбойт го.
Эгерде кылмыш иши жөнүндө сөз кылсак, өкмөт башчы менен пикир келишпей калса, бул иш козгогонго негиз эмес. Кылмыш иши кайсы учурда козголот, эгер мамлекеттик кызматкер өзүнүн ишинде мыйзамсыз чечим кабыл алып, же өзүнүн ыйгарым укугун мыйзамсыз пайдаланса, өзүнүн пайдасына буруп жиберсе.
Ал эми Камчыбек Ташиевдин айрым иштери мыйзамга туура келеби же келбейби, аны укук коргоо органдары аныктайт. Эгерде жетиштүү далил табылса сотко кайрылышат, калганын сот аныктайт.
- Рахмат маегиңизге.