Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Петровка: Күбөлөр камактагыларды актап сүйлөштү


Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев сотко кирип баратат
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев сотко кирип баратат

Бүгүн Петровкадагы тополоң окуя боюнча болуп жаткан Москва райондук сотунун жыйынында он беш күбө көрсөтмө берди. Күбөлөрдүн дээрлик баары камалгандардын күнөөсүз экенин белгилешүүдө.

Жети айдан бери Петровкада болгон башаламандыгына байланышкан сот уланып жатат. Соңку кездер соттук отурумдарга күбөлөрдүн келүүсү арбын. Көрсөтмө берген соңку күбөлөрдүн көпчүлүгү сурак учурунда тергөөчүлөр тарабынан коркутуп, үркүтүү болгонун ачык айтышууда.

- Мени алгач суракка алып келгенде окуянын уюштуруучусу сенсиң деп коркутканга аракет кылышкан. Мен окуяга эч кандай тиешем жок экенин, бирок ал күнү Петровкада болгонумду айттым. Тергөөчү мени ич тушка муштуму менен бир нече ирээт уруп, коркутуп жатты. Мен бул туурсында ачык айткым келет. Канчалаган жаш балдарды коркутуп көрсөтмө бердиришти,- деди күбөлөрдүн бири Асеин Шадыбеков сотто көрсөтмө берип жатып.

Петровка окуясын эч кандай көрбөй туруп, бирок имиш кептерге таянуу менен көрсөтмө берген күбөлөр да сотко арбын келүүдө. Ал эми сотко премьер-министр Данияр Үсөновду, ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди, мурдагы аким Кубанычбек Сыйдановду жана ЖКнын “Ак Жол” фракциясынан бир нече депутатты күбө катары чакырууга макулдук бербеген сот төрагасы Феликс Марлестин чечимине түшүнбөгөндөр да арбын.

Премьер-министр Д. Үсөнов Петровка окуясы учурунда Москва РИИБнүн жетекчиси болуп турган Жеңиш Жоробековду жоопко тартуунун ордуна кызматтан кызматка көтөргөнү үчүн ички иштер министри М. Конгантиевге, өлкө башчысынын сөзүн мисал тартуу менен сөгүш берген болчу.

- Өткөн жылдын апрель айындагы Петровка башаламандыгынын жаралышына ошол кездеги жергиликтүү ички иштер кызматкерлеринин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн толук күнөөсү бар. Алардын кызматтык шалаакылыгы үчүн Петровка башаламандыгы келип чыкты, деп белгилеген өлкө башчысы К. Бакиев өзү. Бирок Ж. Жоробеков кандайча ишке коюлуп калган?-
деп сүйлөгөн премьер-министр ошол өкмөттүк жыйында.

28- январда болгон ошол жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына келген Жеңиш Жоробеков кызматынан алынды.

-Премьер-министрдин бул эскертүүсүнөн улам берилген сөгүш, Петровка башаламандыгынын уюштуруучулары катары он айдан бери камакта олтурган мурдагы ЖК депутаты Э. Бөлөкбаев жана жергиликтүү эки укук коргоочу С. Аргынбаев, У. Рыскуловго караганда ошол кездеги ички иштер кызматкерлеринин күнөөсү көп экенин дагы бир жолу далилдеди. Тилекке каршы өлкө башчысы өзү баса белгилеген окуянын күнөөлүлөрү жоопко тартылган эмес,- деп нааразы болушууда адвокаттар.

- Бул жогору жактан атайын буйрук менен даярдалган иш. Саясий сот. Райондук сот эмне деген чечим чыгарат ал да белгилүү. Булар сөзсүз камалгандарды мыйзамсыз түрдө бир нече жылга кесет. Бирок булар акыры акталат. Ошол себептүү бийлик азыртадан ойлонуусу шарт, -деди адвокат А. Бекназаров.

Петровка окуясынын болгонуна бир жыл болуп баратат. Төрт жашар кыздын зордукталышына байланыштуу Петровкадагы күрт, орус, кыргыз улутундагы тургундар ортосунда жаңжал чыккан.

Үч- төрт саатка созулган башаламандык учурунда жергиликтүү күрт тургундарынын турак- жайлары талкаланып, айылдагы орус, кыргыз улутундагылар, “күрттөр тезинен айылдан чыгып кетсин”,- деген талап менен бир нече күн нааразылык акцияларына чыгышкан болчу.

Айыл тургундары болсо Петровкадагы тополоңдун чыгышына жергиликтүү милициянын түздөн- түз күнөөсү бар деп келе жатышат. Бирок он айдан бери башаламандыктын уюштуруучулары, улуттук жаңжалдын козгоочулары деп оппозициянын үч өкүлү камакта олтурат.

Адвокаттардын “Азаттыкка” билдиришине таянсак, соттук териштирүүдө айыпталып жаткандардын күнөөлөрү далилденмек турсун, жабырлануучулар болгон күрт улутундагылар камакта жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн күнөөсүз экенин айтып келишүүдө. Алар чыныгы башаламандык уюштургандар бүгүн боштондукта деп соттук териштирүү учурунда да белгилешкен. Бирок райондук соттун соңку чечими кандай болот, белгисиз. Соттук териштирүү 12- январда улантылат.

XS
SM
MD
LG