Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:16

Мунай базасы талашта


Өмүрбек Бабанов - Кыргызстандын биринчи вице-премьери
Өмүрбек Бабанов - Кыргызстандын биринчи вице-премьери

“ВООСТ” ишканасынын жетекчиси В. Хон биринчи вице-премьер-министр Ө. Бабановду нефтебазаны мыйзамсыз ээлеп алган шылуун деп күнөөлөп жатат.

2008-жылдын 1-июлунда “ВОССТ” ишканасы “Мунай мырза базис” ЖЧК менен Военно-Антоновка айылында жайгашкан мунай базасын сатуу боюнча келишим түзгөн. Келишимге ылайык мунай базасы 5 миллион долларга бааланып, аны “Мунай Мырза базис” 3 күндүн ичинде “ВОССТко”төлөп бермек. “ВОССТ” ишканасынын ээси Валерий Хон үч күн аралыгында базанын бардык документтерин “Мунай мырза базиске” өткөрүп бергени менен ушул күнгө чейин анын акчасын ала албай убара тартып жүргөнүн айтат:

-2-июлда мени Өмүрбек Бабанов офисине чакыртып, 3 күндө мындай ири сумманы чогултуу оор болуп жатканын айтып, төлөө мөөнөтүн 15-июлга чейин узартууну өтүндү. Мен макул болуп, бул боюнча кошумча келишим түзүлдү. Келишимге ишканын башкы директору Сагадылда уулу Жаныбек кол койгон. Ошентип талапка ылайык мен үч күндүн ичинде документтердин бардыгын ырастап, базанын мүлк комплексин аларга өткөрүп бердим. Ошентип азыр алар базанын ээси болуп калышты. Бирок 11-июлда мага алар 1 миллион гана доллар сунуштап, эгер макул болбосом эч нерсеси жок каларымды менин юристим аркылуу эскертишти.

Алгач акчанын төлөнбөй жатышына келишимде Валерий Хондун акча түшө турган банктык эсебинин көрсөтүлбөй калышы себеп катары айтылган. Бирок ал кийин өзүнүн эсебин көрсөтүп, “Мунай мырза базистин” кеңсесине телеграмма жолдоп, тийиштүү жооп ала алган эмес. Жобо боюнча он күн ичинде акча каражаты төлөнбөсө, келишимди жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар экенине таянып, Валерий Хон сотко арыз жолдогон. Бирок 3 жолку соттук териштирүү “Мунай мырза базистин” пайдасына чечилген.

-Бизде азыр шылуунчулук фактысы боюнча материалдар көп. Бул боюнча Сокулук райондук ички иштер бөлүмү “Мунай мырза базиске” карата кылмыш ишин козгогон. Бирок бир айдан кийин эле эмнегедир иш жабылып калды. Азыр Башкы прокуратурада менин арызым боюнча иш козголду. Бирок “бирөө жарым жоопко тартылат болду бекен?” деген суроо мени тынчсыздандырат.

Учурда Өмүрбек Бабановдун кызыкчылыгын коргогон “Вискар” компаниясынын жетекчиси Ислам Каргабаевдин билдиришинче, эки ишкананын ортосунда келишим түзүлүп калгандан кийин Валерий Хонго башка компаниядан базаны кымбатка сатуу сунушу түшкөн. Ошол себептен ал кайра келишимди бузуу максатында өтө тажрыйбалуу ишкер катары ар түрдүү айла-амалдарга барып олтурат.

Ал эми “Мунай мырза базистин” башкы директору Сагадылда уулу Жаныбек Бабановдун жээни болгондуктан, алар Өмүрбек Бабановду жээнине басым жасаса деген максатта пайдалангылары келип жатат:

-Ал келишимди башкаларга көрсөткөн. Өзү Шершов деген бирөө мунай базасы үчүн чоң сумма сунуштаган деп айтып чыкты го. Ал базаны кайра ири суммага сатуу үчүн “Мунай мырза базисти пайдаланган. Башта ал “Мунай мырза базиске” келип, “өтө бир таасирдүү адамдар келишимдин түзүлүшүн каалабай жатышат. Алар мунай базасынын силерге сатылышына каршы болууда. Келгиле келишимди жокко чыгарабыз” деп, кийин өзүнүн юристтеринен бери жөнөткөн. Албетте, “Мунай мырза базис” баш тарткан. Анткени ишкана 3 миллион долларды которгон болчу. Ошондо ал келишимдин күчүн жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылган. Атайы эсебин ачпай, акчадан качып да жүргөн.

“Мунай мырза базис” ишканасынын баштапкы менчик ээси Өмүрбек Бабановдун энеси Анипа Бабанова болчу. Бирок ал өткөн жылы май айында көз жумгандыгына байланыштуу ишкана мураскер катары уулу Өмүрбек Бабановго өткөн.

Ишкер Валерий Хон мунай базаны сатуу боюнча келишимдерге Сагадылда Жаныбек уулу кол койгону менен, анын артында менчик ээси Бабановдун базаны басып алуу максаты тургандыгын белгилейт.

“Вискар” компаниясынын директору Ислам Каргабаев Өмүрбек Бабановдун бул ишкананы башка бирөөгө өткөрүп бергендигин жана учурда ишканага жана бул ишке түк тиешеси жок экендигин тастыктады. Анын айтуусунда жакынкы күндөрдө “Мунай мырза базис” компаниясы маалымат жыйын куруп, өзүнүн позициясын билдириши ыктымал.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG