Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Баткен: талаштуу жердин таржымалы


Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу делген жерди Кыргызстандын коңшу өлкөдөн 49 жылга ижарага алышы артынан бир топ түкшүмөл суроолорду жаратууда.

Кыргызстандын Чекара кызматынын жетекчиси Замир Молдошев Коженттеги коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда Баткен шаарын Лейлек район борбору менен байланыштырчу жаңы жолдогу 275 метр жер маселеси чечилип, кыргыз тарап аны 49 жылга ижарага алууга макул болгонун ырастады.

- Бизде проблема эле ушу 275 метр, биздин Актатыр деген айылдан Лейлек районуна өтүп кетчү жолдогу жер. Өткөндө да ушул маселе көтөрүлүп, бирок чечилген эмес. Азыр маселе чечилди. 275 метр жер бизге 49 жылга берилип жатат.

З.Молдошев жол курулушунда иштеп жаткандар ижарага алынган жерге тизме боюнча киргизилип, кечке иштей берүүгө мүмкүнчүлүк алышканын маалымдады. Анын айтуусунда, Кыргызстан Тажикстанга “Айгүлташ – Канибадам” жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартып өтүү үчүн 5 гектир жерди ижарага берген. Ошол ижарага берилген 5 гектир жердин эсесине Тажикстан 275 метр жерди убактылуу пайдаланууга берүүдө. З.Молдошев жаңы жол үч айдын ичинде бүтүп калат, деп билдирди. Ал эми ижарага алынган жерди пайдалануу 49 жылдан кийин дагы узартылат.

- Ал жер болсо ошол 275 метр сүйлөшүлгөн, биргелешип пайдалануу деп чечимге келген. Кийин проблемалар жайгарылгандан кийин 49 жылдан соң узартылып кете берет.

З.Молдошев кыргыз-тажик чекарасын аныктоочу ортолук комиссия 28 ирет жолугушканын, миң чакырымга жете бербеген чектин 503 чакырымы аныкталганын ырастады.

Ошондой талаштуу делген жердин ээлиги минтип ижарага алуу менен чечилгени жергиликтүү элдин арасында түкшүмөл суроолорду жаратууда. Баткен райондук кеңештин депутаты Карамат Орозованын айтуусунда, чекара тактала электе эле коопсуздук кеңеш катчыларынын алдагыдай чечимге келиши түшүнүксүз.

- Бирок чекара такталбастан эле, бул ортодогу жер, Тажикстанга да, Кыргызстанга да карабайт, эми аны Кыргызстан 49 жылга ижарага алыптыр. Менин жеке оюм, ошол жолугушуудан мурун элдин ой-пикирин билип, анан ошо келишимге барса жакшы болмок, деп ойлойм. Бирок бул жерде элдин ой-пикири эсепке алынган жок. Негизи жетекчилик чечип койду.

К.Орозова талаштуу жерди ижарага алуу кытайлык компания куруп жаткан Ош-Исфана жолдун токтолуп калбашы үчүн жасалган иш болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын үстүнө Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңеш катчыларынын жолугушуусунда талаштуу жерди ижарага алуу маселеси коюларынан жергиликтүү эл кабарсыз калган. Ошол эле Тажикстанга жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартып өтүү үчүн бөлүнгөн жер айрым тургундардын эсебинен болору да көпчүлүккө айтылбай, өйдө жакта чечилген.

- Ошо адамдардын жеке жерлеринен да өткөн. Андай болорун жергиликтүү бийлик эскертүү берип, билдириши керек эле. Аны жасаган эмес. Өткөрүп кеткен. Келишимди жергиликтүү адамдар билбейт,- деп айтты К.Орозова.

“Эларалык толеранттуулук үчүн” фондунун Баткендеги жетекчиси Роберт Абазбековдун пикиринде, талаштуу делген жердин тагдыры минтип чечилбеш керек болчу.

- Ижарага алды, деген сөз, демек, ошол жер Тажикстандыкы дегенди билдирет.

Ош-Исфана жолун куруу долбоору кыйладан бери кеп болуп, кийинки эки-үч жылдан бери курулушу башталып, бирок да аягына чыга элек. Жол куруу боюнча атайын мекеме түзлгөн. Айланма жол долбоору Кыргызстан эгемендик алгандан кийин Баткен облусунун тургундары Өзбекстандын “Сох”, Тажикстандын “Чорку” анклавдары аркылуу каттоо машакаттарын жеңилдетүү аргасынан чыккан. Социализм тушунда атайылаппы же коммунисттик байкерчиликте улуттук бөлүнүүчүлүк эртеби-кечпи жоголот, деген токпейил ишенимденби, иши кылып, ортолук чекара ойку-кайкы чийилген. Анын айынан эгемендиктин эчен жылдарын коңшулар ортолук чекти аныктоо түйшүгү менен өткөрө тургандыгы а кезде эч кимдин оюна деле келбесе керек.

XS
SM
MD
LG