Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:46

Майып адамдар БУУнун жардамынан куру калабы?


Кыргызстан БУУнун майыптардын укугу жөнүндөгү конвенциясын кабыл албай жатат. Анткени аны ишке ашырууга бир жылда 4 миллиард сом каражат керек

Рустам 2002-жылы жол кырсыгына кабылып, эки бутунан ажыраган. Үйдө бир туугандарынын көзүн карап жата бергенден тажаган бул жаш жигит учурда эл ташыган айдоочу болуп, өз жанын багып жүргөн кези. Рустамдын айтымында азыр ал үчүн мындан башка жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү жок.

-Башка айла жок акча тапканга. Коляска менен жүрсөң кантип бир жерге жумушка орношосун. Жумуш эмес азыр мага бир имаратка коляска менен кирүүгө шарт жок. Ал үчүн сөзсүз бир киши жардам бериш керек. А мен азыр эртең менен эптеп чыгам, машинага олтуруп, кечке түшпөй эл ташып жүрө берем.

Рустам мамлекеттик жардам деп айына 740 сом алат. Ал эми коляскага мамлекеттик эмес уюмдар аркылуу жеткен. Ал азыр мамлекеттик жардамды алуунун өзү эле майып адамга бир катар машакатты жаратарын айтат:

-Соцфонд, социалдык коргоо мекемесине бир кагаз үчүн канча чуркашым керек. Анан кагазды бирине алпарсаң экинчисине жиберет, ага берсең дагы бир жакка бар дейт. Алар деле билип турушат менин бутум баспай турганын. Ушундай жерлерде кадимкидей кемсинесиң.

Өткөн жылы апрель айында кабыл алынган “Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары” жөнүндөгү мыйзамда майыптардын укугун коргоо боюнча стандарттык жоболор иштелип чыккан. Бирок аларды аткаруу механизмдерине жакшы көңүл бурулбагандыктан аны турмушка ашыруу кыйын болуп жатканын белгилейт депутат Гүлнара Дербишева:

-Мисалы, мыйзамдын 21-беренесинде жазылган. Ар бир ишкана сөзсүз түрдө жумушка кишилерди алып жатканда алардын 5 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан болуш керек. Бирок азыр аны эч ким аткарбайт. Демек алардын укугу бузулуп жатат.

Былтыр депутаттар өкмөткө БУУнун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндөгү конвенциясын кабыл алуу сунушу менен кайрылышкан. Бирок өкмөт расмий түрдө конвенциянын милдеттерин аткарууга даяр эместигин билдирип, муну каражаттын жетишсиздиги менен негиздеген.

Анткени конвенцияны ишке ашырууга алгачкы жылы эле 4 миллиард сом керектелет экен. Бирок учурда депутаттар өкмөткө конвенцияга кол коюп, аны ратификациялабай туруу жолун сунуштаганы жатышат. Гүлнара Дербишеванын ырасташынча мындай кадам өкмөткө оордук келтирбейт жана ошол эле учурда мыйзамды жандандырат.

-Учурда майыптар менен социалдык жактан коргоо же саламаттыкты сактоо министрлиги эле иш алпарат. Калган ведомствалор алар менен иши деле жок. Эгер конвенцияга кол гана коюлса, ар бир мекеме өзүнүн ич ара пландарында мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды киргизүүгө, аны аткарууга мажбур болот. Мисалы курулуш туурасында айта турган болсок, анда алар бир курулушту баштаганда сөзсүз түрдө пандус менен курушмак. Бизде азыр бир да курулуш пандус менен башталбайт. Эгер кол коюлса, азыркы бар мыйзамды иштетүүгө жетишмекпиз.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иш алпарган уюмдар бул конвенцияга Африканын кедей мамлекеттери да кол коюп жаткан чакта буга чейин бир катар конвенцияларды кабыл алып келген Кыргызстандын милдеттерден кооптонуп-коркуп жатканы түшүнүксүз деп эсептешет. Мүмкүнчүлүгү чектелген аялдар ассоциациясынын жетекчиси Асипа Мусаеванын айтымында, мындай жагдайда өкмөт майыптарга өзү да толук кандуу кам көрө албаганы аз келгенсип, майып адамдарды БУУнан берилчү ири жардамдардан да куру калтырып жатат.

-БУУда майыптардын комитети түзүлүп, ал жерде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар иштеп жатат. Биз дагы өзүбүздүн өкүлүбүздү ал жакка сунуштайлы десек, “силер кол койгон эмессиңер” деп бизден баш тартышты. Жардамга ири акчалар бөлүндү. Биз ошол акчаларга долбоорлорду жазсак, кайра эле кол коюлган жок деп калып калдык. Мисалы, Бангладешке ири сумма бөлүнүп, эми алар майыптар үчүн жогорку окуу жайын ачмай болушту. Биз ошондой мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана албай жатабыз. Биздин өкмөттүн корккону эле эртеңки күнкү отчет болуп жатат. Ратификациясыз эле кол койсо деле алардын жоопкерчилиги көп деле болбойт экен. Эмне үчүн ошондо да кол кое албай жатышат билбейм.

Кыргызстанда учурда расмий маалыматка караганда 128 миң мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын 21 миңи балдар. Асипа Мусаеванын айтымында, учурда чоңдордон дагы майып балдардын абалы ото оор бойдон калууда.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу жөнүндөгү конвенция БУУнун Башкы Ассамблесы тарабынан 2006-жылдын декабрь айында жактырылып, 2008-жылдын май айында күчүнө кирген. Учурда ага 142 өлкө кол койду. Алардын ичинде бизге коңшу мамлекеттер Казакстан, Өзбекстан да бар.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG