Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:23

М. Бакиевдин экономиканы өнүктүрүү пландары


Президенттин кенже уулу Максим Бакиев башында турган Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттик Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн төрт долбоорду ишке киргизмекчи.

Кыргызстандын Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин аз күн мурун дайындалган жетекчиси Максим Бакиев ресурстарды башкаруунун жоболорун түп-тамырынан бери өзгөртүп, административдик башкаруудан корпоративдик башкарууга өтөрүн белгиледи. М. Бакиев ошондой эле өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү жаатында төрт ири долбоор ишке кирерин билдирди, анын айтуусунда бул – агенттиктин алгачкы кадамы болуп саналат:

- Төрт долбоордун биринчиси - биз жакын арада ишке киргизүүгө даяр болгон мамлекеттик ипотекалык компаниясы. Бул долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларында 150 миң чарчы метрлик турак-жай курулат, бул турак-жайлардын баасы кымбат болбойт, ал эми төлөп кутулууга 10-15 жылдык мөөнөт берилет.

Экинчи долбоор чакан насыя берүүчү мамлекеттик ишкана түзүүгө багытталат да, айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө, элет жерине колдоо көрсөтүүгө арналган. Ал эми үчүнчү долбоор ишкер чөйрөсүнө мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу жардам берүүнү максат кылат. Бул компания аркылуу ишкерлер өздөрүнө керектүү техникалык жабдыктарды узак мөөнөткө ала алышат. Төртүнчү долбоор Агроазык-түлүк корпорациясынын ишмердигин кеңейтүүгө багытталган.

Өнүктүрүү агенттиги ошондой эле өлкөнүн аймактарын шайкеш өнүктүрүүнү көздөйт. М. Бакиевдин орун басары Азамат Дыйканбаевдин сөзү боюнча бул үчүн бирдиктүү пландаштыруу системасы түзүлүп, агенттик тарабынан координацияланат.

Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин жетекчилери тарабынан уюштурулган брифингге эркин маалымат каражаттары чакырылган жок.

М. Бакиев жетектеген агенттик сунуштаган долбоорлордо өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган жаңы демилгелер жок деген сын-пикирлер дароо эле айтыла баштады. “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев айыл чарбасын жана айыл жергесин өнүктүрүүнү насыялоочу мамлекеттик ишкана тууралуу долбоорду ушундай эле функция аткарган “Айылбанкты” кайталоо деп эсептейт:

-Мен эч кандай жаңылык көргөн жокмун, бул долбоорлордун баары башка бир өңүттөрдө буга чейин иштеп да келди, башка ишкерлер тарабынан сунушталып да жүрдү. Мисалы ипотекалык турак-жай тургузуу, ага мамлекеттик көмөк көрсөтүүнүн жакшы жолдору тууралуу мурда деле ишкерлер айтып келишкен. Ал эми айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө насыя берүүчү ишкана “Айылбанкты” кайталап жатат. Ушул банкты да президент өзү айтып, “ар бир айылга жетет” деп түзгөн.

Арзан турак-жай куруучу ипотекалык компания түзүү ири өлчөмдөгү каражатты талап кылары шексиз. Ошондуктан бул долбоорду ишке киргизүү үчүн акча-каражат кайдан алынат деген суроо да туулуп жатат. Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация агенттигинин каражат табуу мүмкүнчүлүгү кеңири деген пикирде:

-Эгерде Максим Бакиев азыркыдай шартта 150 миң чарчы метрлик турак-жай куруп бере турган болсо, бул –мактоого татырлык. Анын бул үчүн каражат табууга мүмкүнчүлүгү бар деп ойлойм. Анткени маалымат каражаттарында, башка жерлерде “Максим Бакиев бай, анын эл аралык бизнеси бар экен” деп жазылып-айтылып жүрөт. Эгер ал ошол эл аралык байланыштарын, чет өлкөлүк банктардагы каражаттарын ипотекалык насыяга тарта алса – бул да мактаарлык.

Айылчы Сарыбаев президенттин уулу жетектеген мамлекеттик агенттиктин алдына койгон максат-милдеттерин ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү көбүрөөк, бирок эң негизгиси анын каалоосунда деп эсептейт.

Эгемендүүлүккө ээ болгондон бери өлкөнү өнүктүрүү, элдин турмушун жакшыртуу багытында миңдеген долбоорлор жазылып, жүздөгөн миллион каражаттар жумшалды. Бирок азырынча Кыргызстан экономикасы гүлдөп өнүгүп, элдин жашоосу жыргал деп айтууга өтө эле эртелик кылып тургансыйт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG