Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Кыймылсыз мүлккө салык төлөө маалы келди


Бишкек, Ош шаарларында батир үйлөргө 80 чарчы метрге чейин салык төлөнбөйт
Бишкек, Ош шаарларында батир үйлөргө 80 чарчы метрге чейин салык төлөнбөйт

Быйыл 1-январдан тарта Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө салык төлөнө баштады. Салык кызматы азырга чейин кыймылсыз мүлккө төлөнгөн салык 12 млн. сомго жеткенин маалымдады. Эл ичинде салыктын бул түрү боюнча маалымат жетишсиздигине нааразылыктар бар.

Кыймылсыз мүлккө салык төлөөгө биздин эл даяр эмес. Ө. Текебаев
Кыймылсыз мүлккө салык төлөө тууралуу демилге мындан дээрлик он жыл мурун, кыймылсыз мүлктү каттоо киргизиле баштаган учурда эле көтөрүлүп, буга байланыштуу мыйзам долбоору ошол туштагы парламентке сунушталган. Бул мыйзамды ишке киргизүүгө каршылыгын билдирип чыккан ошондогу депутат, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, кыймылсыз мүлк салыгын жалаң турак-жайларга гана эмес, соода кылуучу чакан күркөлөрдөн тартып, суу мунараларына чейин алынганы туура эмес:
Өмүрбек Текебаев

- Мен бул мыйзамга башынан эле каршы болгонмун, анткени кыймылсыз мүлккө салык төлөөгө биздин эл даяр эмес. Ошондогу мен депутат болгон парламент бул мыйзам долбоорун колдоого алган эмес. Бирок кызыгы азыркы мыйзам боюнча кыймылсыз мүлк катары базардагы соода күркөлөрү, суу мунаралары, зымкарагайлардан өйдө катталып калыптыр, мунун өзү эптеп эле шылтоо таап, акча жыйноонун амалы экени ачык көрүнүп турат.

Кыймылсыз мүлккө салык төлөө тууралуу мыйзамдын мурунку долбоорунда ылайдан тургузулган үйлөргө, 1990-жылга чейин курулган турак-жайларга, жаңы конуштарга жеңилдик болору айтылган эле. Азыр иштеп жаткан мыйзам долбоорунда мунун баары жок, салык тиешелүү аянтка ээ кыймылсыз мүлктүн бардык түрүнө, бардык аянтына алынат.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик салык кызматынын башчысы Акматбек Келдибековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча азыркы мыйзамда кыймылсыз мүлк үчүн салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыгы эске алынды:
Кыргызстандагы турак-жайлардын 2 пайыздайы гана кыймылсыз мүлк салыгына кириптер болот.
А. Келдибеков

- Бишкек, Ош шаарларында батир үйлөргө 80 чарчы метрге, жер үйлөргө 150 чарчы метрге чейин салык төлөнбөйт. Анткени биз карап көрдүк, көп кабаттуу үйлөрдөгү совет доорунда берилген батирлердин дээрлик бардыгы аянты 78-79 чарчы метрге чейин экен. Ошондуктан, биз алардын кызыкчылыгын карап, 80 чарчы метрден жогору деп алып жатабыз. Ал эми жер үйлөрдү алсак, негизинен жаңы конуштарда жаңыдан үй тургузуп жаткандардын көпчүлүгү үйлөрүн 120-130 чарчы метрге чейин курушуптар, ошондуктан, алардын да кызыкчылыгын карап, 150 чарчы метрге чейин салык албоону чечтик. Мындан жогорку көлөмдө турак-жай тургузган жарандарды колунда барлар деп эсептесе болот.

А. Келдибековдун кошумчалаганына караганда, кыргызстандыктардын 2% гана кыймылсыз мүлккө салык төлөйт, анткени Бишкек, Ош шаарлары үчүн өзүнчө салык тарифи, калган аймактар үчүн өзүнчө тариф каралган:

- Бишкек менен Ош шаарынан тышкары аймактардагы батир үйлөргө 150 чарчы метрге чейин салык алынбайт, ал эми жер үйлөргө 250 чарчы метрге чейин салык төлөнбөйт. Муну карап көрсөк, негизинен Кыргызстандын 2% жетпеген гана турак-жайларына салык төлөнөт, калганынан алынбайт. Айыл жерлеринде такыр эле төлөнбөйт десек да болот.

Салык кызматы турак-жайлар үчүн салык сентябрь айына чейин алынаарын кабарлады.

Демек бүгүнкү күнү Бишкек жана Ош шаарынын тургундары көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин аянты 80 чарчы метрден 150 чарчы метрге чейин болсо, ал үчүн жылына 4 000 сом, 150 чарчы метрден 200гө чейин 6 000 сом, 200дөн жогорусу 8 000 сом төлөшөт. Жер үйлөр аянты 150 чарчы метрге чейин болсо, салык алынбайт, аянты 150 чарчы метрден 250 чарчы метрге чейин болгон жер үйгө 6 000 сом, 250 чарчы метрден 350 чарчы метрге чейин 10 миң сом, 350 чарчы метрден 450гө чейин 14 миң сом, андан да аянты көп болгон үйлөргө жылына 20 миң сомдон салык төлөнөт.

Бул шаарлардан башка аймактарда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар батирдин аянты 150 метрге чейин болсо салык төлөбөйт. 150 чарчы метрден 250 чарчы метрге чейинки батир үйлөргө 4 миң сом, андан жогоркуларына 6 миң сом алынат. Ал эми жер үйлөргө аянты 250 чарчы метрге чейин салык алынбайт, ал эми 250 чарчы метрден 350 чарчы метрге чейин болсо 8 миң сом, 350дөн 450гө чейинкилерине 12 миң сом, жалпы аянты 450 чарчы метрден көп болгон турак-жайларга 16 миң сом салык салынат.

Ал эми ишкерликке багытталган кыймылсыз мүлк салыгына талап катуураак. Салык кызматынын билдиргени боюнча, ишкерлик үчүн күркө, павильон, дүкөн, кампа же завод болгонунан көз карандысыз булар үчүн да салык алынат. Кыймылсыз мүлктүн мындай түрүнө ээ жарандар салыкты ар бир кварталдын 20-числосуна чейин төгүүгө тийиш, бул мөөнөттөн кечиккендерге күн сайын 0,09% туум жазылат.

Жыл жаңырганына төрт айдын жүзү болсо да карапайым калк ичинде кыймылсыз мүлк салыгы тууралуу маалыматтар жетишсиз. Көпчүлүк азыр өзү жашаган турак-жайы үчүн канча салык төлөөрүн билбейт.

Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын тургуну Жаркын айым кыймылсыз мүлк салыгын төлөөдө жаңы конуштарга жеңилдик берилет деген маалыматты билет, бирок кийинки өзгөртүүлөр тууралуу кабары жок:

- Кыймылсыз мүлккө салык төлөөдө жаңы конуштарга жеңилдик берилет, ылайдан курулган үйлөргө, 90-жылдарга чейин курулган үйлөргө жеңилдик берилет деген маалыматтарды билчү элем. Анын баарын алып салыптырбы? Жакшылап айтпай, жеткирбей атышпайбы, өткөндө Улуттук телеканалдан салык 150 чарчы метрден өйдө болгон үйлөргө алынат дегенин эле угуп калдым, башка эч кандай маалымат берилген жок.

Байкоочулардын белгилөөсү боюнча, бүгүнкү күнү орто жашаган кыргызстандык аянты 150-200 чарчы метрдин ортосундагы турак-жай курууга дарамети жетет. Ал эми ай сайын 500 сомдон салык же “квартплата” төлөп жашоого дарамети жетеби, муну айтуу татаал.

Кыймылсыз мүлккө салык алуу 2009-жылдын башынан киргизилген, бирок президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен ага бир жылга мораторий киргизилген болчу.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG