Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:07

Келген кризистин кетери узакка созулчудай


Кыргызстан, Баткендин Зардалы айылы
Кыргызстан, Баткендин Зардалы айылы

2009-жылы Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү 2,3% жогорулады. Өкмөт быйыл ички дүң продукт көлөмү дагы 5,5% көтөрүлүшү мүмкүн экендигин болжолдоп отурат.

Өлкөнүн өткөн жылкы экономикалык көрсөткүчтөрү Экономиканы жөндөө министрлигинин жылдык жыйынында талкууланды.

“Ыстаканда кантың бар...”

Экономиканы жөндөө министрлигинин статс-катчысы Азиз Аалиев дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанга деле тийгенин белгилеп, бирок да жыл аягында ички дүң продукт көлөмү 2,3% жогорулаганын маалымдады. Кризистин кааты ириде кылкылдаган товардык агымдын азайышынан, Казакстан менен Орусияга чыгарган буюмун жөнөтчү ири өнөр жай ишканаларынын туруп калышынан көрүндү.

2008-жылы чет жердеги эмгек мигранттарынан 1,2 миллиард доллар акча которулса, өткөн жылы ал 908 миллион долларга түшүп калганы да экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Анткен менен өткөн жылы өкмөттү өзгөчө курсант кылган жаңылык Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн теңине жакынын түзгөн “Кумтөр” алтын кен компаниясынын бюджеттик төлөмдөрүнүн көбөйүшү болду окшойт.


Кыргызстан экономикасынын мурунку жыл көрсөткүчүнөн азыноолок өйдө көтөрүлүшүнө кризис шартында айыл чарбасынын 1,63% өсүшү көмөк көрсөткөнү, ал өз кезегинде азык-түлүк баасынын кескин көтөрүлүп кетишине тоскоол болгону белгиленди. Анын натыйжасында инфляция деңгээли өтөле төмөн болгонун Экономиканы жөндөө министрлигинин статс-катчысы Азиз Аалиев да белгиледи.

- 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 2008-жылкы 20% инфляцияга салыштырмалуу инфляциянын нөл деңгээлинде чыктык. Инфляция көп түрдүү болорун эсепке алсак, 2009-жылкы нөл инфляция элге убактылуу пайда келтирген көрүнүш ошол эле учурда
2008-жылкы 20% инфляцияга салыштырмалуу инфляциянын нөл деңгээлинде чыктык.
экономиканын алдыга жылышына тоскоол болду.

Өкмөт быйыл 15 миң гектир жерге кант кызылчасын айдоону сунуш кылып жатканын Данияр Үсөнов жарыя кылды. Анын айтуусунда, өстүрүлгөн түшүмдүн тоннасы 2 300 сомдон сатылып алынат. Бул мурдагы 1750 сомдон кыйла жогору, бирок да бул баа жыл сайын өстүргөн түшүмүн арзан баага сатууга аргасыз дыйкандарды ынандырып жибериши кыйын. Д.Үсөновдун эсеби боюнча кант маселесинин кыйласын кыйналбай эле чечип койсо болот.

- Эгер гектиринен түшүмү 200 центнерден болот деп эсептесек, Үрүмчүдөгүдөн үч эсе аз. Кытайдын Үрүмчүсүндө гектиринен 700 центнерден кант кызылчасын алышат. Биз кыргызча эле эсептейли, гектиринен 200 центнерден.
Биз кыргызча эле эсептейли, гектиринен 200 центнерден.
15 миң гектир жер, 300 миң тонна кант кызылчасы. Бул 45 миң тонна кант. Биз 120 миң тонна кант пайдаланабыз. Бул биринчи кадам.

“Кара алтын” кайгайы

Министрлик жыйынында Д.Үсөнов биртоп сунуштарын алдыга жайды. Ал ошондой эле айыл өкмөттөрдөн тарта министрлерге чейин экономикалык реалдуу долбоорлорду даярдап, аларды Өнүгүү фондуна алып келип, арзан кредит алууга аракет кылышын талап кылды. Өнүгүү бюджетине бөлүнчү 20 миллиард сомдон тышкары жакында эле “Эларалык “Манас” абамайданы”, “Кыргызалтын” жана дагы эки компаниянын акциялары Өнүгүү фондуна өткөрүлүп бергенин ырастады. Өкмөттүн мамлекет менен жеке ишкердик өнөктөштүгү катары сыпатталып жаткан жаңылыгы аталган фонд, “Азия универсал” банкы кошкон үстөк пайызы менен ишкердик долбоорлорду каржылоого байланышкан.

Д.Үсөнов жыйында көмүр сатып алуу үчүн коңшуларга кетип жаткан 50 миллион долларды Кыргызстанда алып калууга чакырды. Ал акчанын 20-30 миллион долларын сарптап Кыргызстандын көмүр өнөр жайын жандантууга мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи. Сөз арасында “Реемтсма”, Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүү заводу, “Бета Сторес” компанияларынын ишин текшерүү, салык төлөөсүн кылдат иликтеп чыгуу маселесин козгоду.

Экономиканы алдыга чыгаруунун толгон-токой демилге-сунуштарын жыл жыйынтыгын чыгарчу кеңешмелерде жарыя айтып келаткан Д.Үсөновдун өкмөтүнүн азырынча тарифтерди көтөргөндөн башка көзгө көрүнчү иши көпчүлүккө белгисиз.

- Экономикалык кризис бул проблемалардын бир бөлүгү гана,- дейт “Инвестициялык тегерек стол” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасанов.

Анын үстүнө экономикалык орчун маселелер өкмөттөн чыгарылып, президенттин уулу М.Бакиев башкарган Өнүгүү, инвестиция, инновациялар борбордук агенттигине берилген. Азырынча ал агенттиктен деле дымактуу демилге, укканды муютчу убада, жайдары билдирүүлөр гана чыгууда.

XS
SM
MD
LG