Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Айрылган китептер, аларга муктаж окуучулар


Өткөн жылы окуу китептерин чыгарууга бөлүнгөн акча өздөштүрүлбөй калып, бул жагдай президент Курманбек Бакиев тарабынан сынга алынганы белгилүү. Быйыл окуу китептерин чыгаруу иштери кандай?

Азыр мектептерде көбүнчө эски китептерди пайдаланышат. Айрыкча башталгыч класстардын окуучулары эски китептерди жаман көрүшөрүн Бишкек шаарындагы №5 улуттук компьютердик гимназиянын окуучусу Наргиз Сейтек кызынын сөзүнөн байкоого болот:

- Айрык китептерди окугубуз келбейт. Айрык китептерди биз ыргытып ойнойбуз.

Өзгөн райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ибадат Мурзубраимова бөтөнчө “Орус адабияты”, “Англис тили”, “Адам жана коом” китептери мектептерде жок экендигин, эгерде ушул китептерди чыгарып, анан сатыкка койсо, ата-энелер эле жабыла балдарына сатып берерин, китепти бекер берүү үчүн чыгарабыз деп күтүп жата берүүнүн кажетсиздигин эскертет.

Кийинки жылдары окуу китептерин азырактан болсо да басып чыгаруу үчүн республикалык бюджеттен акча бөлүнө баштаган. Бирок ошол бөлүнгөн акчалар керектелбей кайра кайтарылган учурлар да кездешери белгилүү болгон.

Мамлекеттик тил мыйзамынын 20 жылдык салтанатында андай жагдайды президент Курманбек Бакиев өзү айыптап жар салганы бар:

- 2008-жылы окуу китептерин чыгарууга мамлекет тарабынан бөлүнгөн 100 млн. сом пайдаланылган жок. Жалпысынан 34 533 даана китеп жарык көрбөй жатат. Ал эми 2009-жылы да Каржы министрлиги 94 млн. сом бөлүп атат.

Жыл аяктап баратканда окуу китептеринин быйылкы чыгарылышына кызыгып Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев менен байланыштык. Анын айтуусунда, быйыл эл аралык гранттарды кошкондо баш-аягы 200 миллиондой сом китеп чыгарууга каралган. Бирок муктаждык аябай көп, анткени Союз урагандан кийин мектеп окуу китептери чыкпай калган узак убакыт. Быйылкыга болжол менен 20 чакты китеп чыгаруу мерчемделүүдө.

Айрык китептерди биз ыргытып ойнойбуз.


Бирок кайсы китептер жыл ичинде чыгарылды, кайсы китептер эми чыгып атат, кайсылары калып калды – маалымат негедир ачык айтылбайт. Китеби чыга турган авторлордун бири, педагогика илимдеринин кандидаты Алмаз Токтомаметов да ушул маселеге бушайман:

- Быйыл 20 эмес, 26 китепти чыгаруу аракети көрүлмөкчү. Ал китептерди тендерде утуп алган “Континент принт” деген басма чыгармакчы. Тилекке каршы, мына жыл аяктап жатканына карабастан кайсыл китептер чыкканы тууралуу эч бир маалымат жок. Мен даярдаган 3-класстар үчүн “Адабий окуу китеби” да кирген. Бирок ушу кезге чейин “Континент принт” басмасы ал китепти чыгармак тургай, китептин автору менен келишим түзө элек. Быйылкы жылы ушинтип кыйла китептер чыкпай калышы ыктымал деген коркунуч бар.

Алмаз Токтомаметов эмне үчүн те мурдатан окуу китептерин чыгарып келген тажрыйбалуу басмалар эмес, ушул мандемдүү басма тендерде утуп алган деп таң калат жана шектенет.

Чындыгында эле “Континент принт” басмасы менен байланышуу учурда таптакыр мүмкүн эмес. Ушунун өзү да шек санатат.

"Азаттыктын" архивинен: Деле гой, китеп окуйт экен!

Күз күндөрүнүн биринде украин ордо шаары Киевдин Көз каранды эместик аянтына улан-кыздар капысынан чогулуп, сапка тизилип китеп окуп калышты. “Флэш-моб” иш-чарасынын катышуучулары түзгөн “Билим чынжырын” айланып өтүүгө туура келди. 27.09.2009. I.Tuz.

Деле гой, китеп окуйт экен!
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

XS
SM
MD
LG