Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Адам укуктарын сактоодо Кыргызстан артка кеттиби?


Кыргызстанда соңку убакта нааразылык чарага чыккандарды милиция күч менен тараткан учурлар көп
Кыргызстанда соңку убакта нааразылык чарага чыккандарды милиция күч менен тараткан учурлар көп

14-ноябрда Бишкекте адам укуктары боюнча эл аралык конференция өттү. Адам укуктарын сактоодогу негизги проблемалар талкууланган бул жыйында соңку убакта өлкөдө бул жааттагы абал начарлап баратканы айтылды.

“Адам укуктары: учур жана келечек” аттуу конференция Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын 60 жылдыгына арналды. Иш чаранын уюштуруучусу, Акыйкатчы Турсунбек Акун жыйындын максаты тууралуу буларды айтты:

-Иш чаранын башкы максаты - адам укуктарын коргоодо мамлекеттик органдар менен коомдук уюмдардын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу. Канткенде баардыгыбыз бирге аталган маселе боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзө алабыз? Ушул суроону чечүү.

Конференцияга президенттин администрация башчысы, күч органдарынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү укук коргоочулар катышты. Иш чарага Борбор Азия мамлекеттеринин Акыйкатчылары чакырылганы менен алардын бири да келген жок.

Талкуу учурунда адам укуктарын жана эркиндигин сактоодо мамлекеттик жана коомдук укук коргоо уюмдарынын ролу, абактагыларды кыйноого каршы иш-аракеттер, жалпы эле адам укуктарынын бузулушу менен күрөшүү жолдору талкууга алынды.

Бийлик өкүлдөрү өлкөдө аталган маселенин тегерегинде абал акыркы мезгилде жакшы жакка өзгөргөнүн билдиришти. Мисалы Жогорку соттун судьясы Низамидин Азимжановдун айтымында, адамдар жөн гана өз укуктарын коргооону каалашпайт:

- Бизде мыйзамдар мыкты, керек болсо идеалдуу. Баш мыйзамда адам укуктары так, даана жазылган. Кандай учурда адам укуктары бузулду деп саналат, андай көрүнүш орун алса каякка кайрылуу керек, баары жазылган. Бирок адамдар сотко кайрылып атабы же жокпу? Кептин бары ушунда. Алар сотторго кайрылбай эле, “укугум бузулду” дей беришет. Каалагандар өз укуктарын эң сонун коргой алат, болгону жалкоолукту таштап, мыйзамдарды окуп, түшүнүү зарыл.

Дегени менен укук коргоочу Азиза Абдрасулова азыркы президенттин убагында экс-президент А.Акаевдин мезгилине салыштырганда өлкөдө адам укуктарынын сакталышы начарлап, саясий куугунтук күчөп кеткенин, анын айынан чет мамлекеттерге башпаанек сурап кеткендердин саны өсүп жатканына токтолду:

- Бул маселеде айрым учурлар боюнча Кыргызстан керек болсо Өзбекстандан дагы артта калды. Эгерде Өзбекстанда 10-15 киши көчөгө чыгып, нааразылык иш-чарасын өткөрө алса, бизде буга тыю. Саясий көз караштары бийликке жакпаган ондон ашык укук коргоочулар, журналисттер чет өлкөлөрдөн саясий баш паанек сурап кетишти. Журналист Алишер Саиповдун өлтүрүлгөнүнө бир жыл болсо да, анын жанын алгандар табыла элек. Абал ушинтип бир топ начарлап кетти.

Ал эми “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова өлкөдө адам укуктарынын бузулуп жатышы керек болсо социалдык, экономикалык кризистин дагы бир себеби экенине токтолду:

- Жыйында экономикалык же саясий кризис адам укуктарынын бузулушуна алып келет деп айтылбадыбы. Жок, андай эмес. Тескерисинче дал ушул адам уккутары сакталбай жаткандыктан энергетикалык, экономикалык кыйын кырдаал түзүлдү. Дегеним, учурдагы парламент шайлоодогу одоно мыйзам бузуулардын натыйжасында түптөлгөн. Дал ошолор оор кризиске алып келген мыйзамдарды кабыл алгандыктан, ушундай кырдаал түзүлүп жатат.

Динара Ошурахунованын айтымында, канткен күндө дагы мамлекет менен жарандык коомдун өкүлдөрү ортосундагы диалог түзүү адам укуктары жаатында жылыштарга түрткү болот. Андыктан, декабрдын соңунда жергиликтүү укук коргоочулар Акыйкатчы институту менен бирге саясий партиялардын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда адам укуктары боюнча ири жыйын өткөрүүнү пландаштырып жатат.

XS
SM
MD
LG