Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Ишенбай Кадырбековдун сотунда күбөлөр суралууда


24-ноябрда Кыргызстандын Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбековдун соту улантылды.

Кыргызстандын Каржы полициясы Ишенбай Кадырбеков кызматынан пайдаланып, Бишкектин түштүк-батышынан өзүнө көп жер участокторун алып алган деп айып койгон. Аны 17-ноябрдагы сотто Бишкек шаардык прокуратурасынын бөлүм башчысы Игорь Шуганский айып катары угузган.

- Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары М.Тезекбаевди кыстап, Чапаев Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Г.Рысалиева менен Н.Дүйшөмбиевдин участокторун өзүнө алган. Анын натыйжасында Г.Рысалиева менен Н.Дүйшөмбиевдин Чапаев менен Ахунбаев көчөлөрүндөгү 0,16 га жер участокторун кайра каттоо боюнча Бишкек шаар башчылыгынын 2004-жылдын 2-июлунда 699-токтому чыккан.

Каржы полициясынын экинчи бир айыптоосу боюнча И.Кадырбеков 1997-жылдын 23-сентябрында 0,17 га жерге ээ болгон. Бирок да сотто Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчи орунбасары Молдокмат Тезекбаев Чапаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги ошол 16 сотук жердин кантип катталганын сотко так түшүндүрүп бере алган жок. Иштин акыйкатына жетишине М.Тезекбаевдин тергөө учурундагы бир эле маселе тууралуу эки ачакей көрсөтмөсү да көмөк тийгизе албасы сотто белгиленди.

- Сиз эмне үчүн бул жөнүндө тергөөдө эки түрдүү көрсөтмө бергенсиз. Ошону сотко түшүндүрүп бериңиз,- деп сурады андан Ленин райондук соттун судьясы Аман Сариев.

Соттук териштирүү маалында И.Кадырбековго олчойгон оор айыптарды ал агенттикти башкарып турган кезинде кызматтан алып койгон кесиптеши Турдубек Мамбетов койду. Анын ырасташынча, “ Бардык участоктор, Жогорку Кеңеш аркылуу алган жер, туугандарына каттатып кайра өзүнө алган жерлердин баары мыйзамды бузуу менен жасалган”. Бирок да Т.Мамбетов сотко күбө катары келгенин же эксперт катары пикирин билдиргенин айта алган жок.

И.Кадырбеков антип суралган күбөлөрдүн тергөө маалындагы, соттогу көрсөтмөлөрүнүн эки ача чыгып жатышын момундай жагдайга байланыштуу түшүндүрөт.

- Тергөө жүрүп жатканда тергөөчү айтты эле: “Төрөлгөнүңөн баштап изилдейбиз, ката табабыз” деп. Тергөөчүлөр табыш үчүн көп топ болуп иштеген. Эми тапканы жетишпегенсип, күбөлөрдөн жок нерсени да сурап жатышат. Анан кийин өзүңүз деле көрүп жатасыз, суроого жок, баары так десе кайра-кайра сурап, күбөлөрдү кыйнап жатышпайбы.

Күбөлөрдү суроо соттун кийинки отурумдарында да улантылмакчы. Соттук териштирүү маалында 50 адам көрсөтмө беришмекчи. Буга чейин алардын он сегизи сотто суралды. И.Кадырбековдун адвокаты Азимбек Бекназаровдун пикиринде, соттун сурагына чоң ишеним артуунун деле кажаты жок.

- Формалдуу жүрүп жатат. Башкы соттор 7-кабатта олтурат,- деп айтты А.Бекназаров сот жүрүшү тууралуу анын пикирин сураганыбызда.- Ошолор кандай айтса, ошондой болчудай. Соттун жүрүшү, далилдердин табылышына карасак нөлдүк вариант, эч нерсе жок. Көрүп атпайсыңарбы, үзүңөр күбө болуп отурасыңар. Эми ушундай жараяндан кийин, сот иликтөөсүнөн табылган далилдерге таянып, каралоочу өкүм чыгарса уят эле болот. Актоочу гана өкүм чыгарышы керек.

И.Кадырбековго Кыргызстандын Каржы полициясы кызматынан пайдаланып өзүнө 33 сотук жер алып алган, түштүк кореялык «Артис Глобал» компаниясына Бишкектин 15-кичи району түшчү 7,6 гектир жерди «Жал-Артис» турак-жай комплексин курууга урксат берип койгон, деп айып коюуда. Соттун кийинки отуруму 28-ноябрда улантылмакчы.

XS
SM
MD
LG