Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

Ынтымак курултайынан ылаажы болобу?


Чүй облусунан курултайга келаткан делегаттардын дээрлик көбү мурда мамлекеттик кызматта иштегендер. Курултайга делегат катары саясий партиялардын өкүлдөрү да көрсөтүлгөн, бирок алардын эч бири шайланган эмес.

Облустук администрациянын уюштуруу бөлүмү берген маалыматка таянсак, Чүйдөгү 108 айыл өкмөтү жана 4 шаардан жалпы 120 делегат шайланды. Чүй районунан делегат болгон Мыктыбек Кабылов курултайда айыл чарбадагы көйгөйлөрду көтөрүп чыккан жатат:

- Мен азыр курултайда кандай сөз болоорун билбейм. Бирок барып келгенден кийин баарын айтып берем. Кандай болгон күндө да биздин айтканыбызды атка минээрлер аткарса болду. Эгер мүмкүнчүлүк болсо мен айыл- чарба көйгөйлөрүн көтөрүп чыгам.

Ынтымак курултайына делегаттар ар бир айылдан, ар бир шаардан шайланды. Айрым байкоочулар делегаттарды шайлоо бийликтин ачык да, тымызын да көрсөтмөсү менен жүрдү деген сын көз карашты айтып жатышат.

- Баягы СССР учурундагы жыйындарга окшоп, жасалмалуу түрдө делегаттарды шайлашты. Маселен Чүй районундагы 5 айылдан 3 кандидат сунушталып, ошонун ичинен бийликке өтө ыңгайлуусун тандашты. Жергиликтүү бийлик ачык эле буйрук берип, “ушуну шайлайсыңар” деди, бир ооздон колдоп беришти,-дейт Токмок шаар тургуну Бактыбек Нураалы уулу.

Облустук деңгээлдеги атка минерлер мындай сын билдирүүлөрдү негизсиз деп четке кагышууда. Чүй облустук администрациянын уюштуруу бөлүм башчысы К. Дыйканбаев курултайга делегаттарды шайлоо кудум парламенттик шайлоодогудай болду деп билдирет:

- 108 айылдагы айылдык кеңеш депутаттары кудум парламенттик шайлоодогудай кылып тандап алышты. Жок дегенде эле экиден кандидат көрсөтүлүп жатты. Андыктан андай- мындай деген дооматтар туура эмес.

Кемин районундагы карапайым тургундар Ынтымак курултайында элдин мүдөөсүн орундаткан чечимдер болоруна ишенишпейт.

Теңиз Төлөмүшов: - Мага айыл аксакалдары келишип, курултайга баруумду сунушташты. Бирок мен баш тарттым. Себеби азыр ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзамдар бурмаланып, иштебей жаткандан кийин анан курултайдагы сүйлөнгөн сөздөр аткарылмак беле. Делегаттар барышат, сыйын көрүшөт, тамак ичишет, концерт көрүшөт. Бирок кайра элге келип эмнени айтышат. Кайсы бети менен элдин атынан барабыз? Ал жакта бир дагы маселе чечилбейт.

Лира Термечикова: -Деги эле карапайым адамдардын колунан эмне келмек эле. Алар айткан менен алардын сөзүн ким угат? Кимдер көрсөтүлүп, эмне маселе көтөрүлүп жатканын да билген жокмун.

Ынтымак курултайына Чүй облусунан саясий партиялардын жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы делегат катары көрсөтүлгөн, бирок алардын бири дагы шайланган жок.

XS
SM
MD
LG