Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:25

Курултай өттү, дагы өтөт


«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери А.Мадумаров
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери А.Мадумаров

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын кезектеги курултайында «Ата жолу», «Комсомол» партиялары менен биригүү маселеси оңунан чечилди. Жыйында партиялар биригүүсү боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.

Күзгө белгиленген парламенттик шайлоо алдында саны көп саясий партиялардын ирилешүүсү күчөөдө.

Шайлоонун болгонунан болору кызык

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров ушу тапта “Эне тил” партиясынын жетекчилери менен биригүү жайында сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Буга чейин “Ата жолу”, “Комсомол” партиялары “Бүтүн Кыргызстанга” кошулууну өздөрүнүн чоң жыйындарында ырасташкан. “Ата жолу” партиясынын жетекчиси Дүйшөмбү Сооронбаевдин айтуусунда, эки саясий күчтүн мунасага келиши жалаң эле парламенттик шайлоо даярдыгынан чыккан жок.

- Биз эми көп жылдан бери уюшулган партия болчубуз. Карап, тандап, кимге кошулсак деп. Азыр көрүп атасыз да партия көп. Талапкер бирөө эле мисалы үчүн. Анан ошо биригип отуруп, сүйлөшүп отуруп, эл чечти биригүүнү. Партиянын мүчөлөрү. Ошол менен биригип атабыз.

Шайлоо жакындаган сайын партиялардын көпчүлүгү биригүүгө умтулары белгилүү. Жаңы бийликтин таза, калыс шайлоо өткөрүү убадасы иштин ылдамдашына гана өбөлгө түзмөкчү.

- Мен да ошондой ойдомун. Үч партиянын биригиши парламенттик шайлоого даярдык болуп атат,- деп билдирди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Жамалгазы Раманкулов.

Айланайын, асте

Эмитен эле парламенттик шайлоо даярдыгына киришкендер кайсы бир саясий кызыкчылыктардын курмандыгына өлкө бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты чалып ийбеши керек. Мындай пикирин курултайга Аравандан келген өкүл Аманбай Кузибаев айтты.

- Келечекте ушу жакшы иштерди кылып, элибизди кыйнабай, журтубузду кыйнабай, элибизге бардык кылган дареметтерин, байлыктарын кененчилик менен бөлүшүп, элибизди колдошун каалайм.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров 20 жылга жакын убактан бери бийлик эгедерлери саясий максат-мүдөөлөрүн ишке ашырышка курултайларды каалашынча пайдаланып келишкенин отургандардын эсине салды.

- Азыр дагы дал ошондой жол менен баратабыз. Курманбек Салиевич мамлекеттик структураны реформалоо демилгеси менен чыкканда мен айттым эле “Арабаны аттын алдына коюп алып чуркап жүрөт. Араба кулап түшөт” деп. Мен азыркы жүргүзүп жаткан саясатты айтар элем. Аттын ээрин тетири токуп алып чаап жүрүшөт азаматтар.

А.Мадумаров курултайда саясий күчтөр өлкөдөгү абалды дагыле чайпалта бербестен Ынтымак келишимине кол коюшу туура болорун, президент өкмөт башчы жоопкерчилигин өзүнө алышы керектигин белгилеп, ичара биримдиги жок Убактылуу өкмөткө өзгөчө үмүт артыштын кажаты деле жоктугун маалымдады. Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев ичара талаш-тартыштардын токтолбой келатышын демократиянын белгиси деп эсептейт.

- Эгерде Убактылуу өкмөттүн биригип алып, бир сөзгө келип алып, анан ар кандай иштерди жаап-жашырып жасай баштаса анда бизде демократия да болбойт, өнүгүү да болбойт.

Партиялардын парламенттик шайлоо алдында биригүүсү “Бүтүн Кыргызстандын” курултайында биринчи ирет укуктук негизге ээ болду. Буга чейин “Атамекен” социалисттик партиясы менен Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын биригиши жөнүндө кеп болуп, кийин токтолуп калган. Анын үстүнө ирилешүү иштери азырынча сүйлөшүүлөр деңгээлинде жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG