Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:51

АКШ базасы боюнча чечимди ЖК комитеттери жапырт жактырууга өтүштү


Парламенттин эл аралык байланыштар жана конституциялык түзүлүш боюнча комитеттери “Манас” аба майданындагы террорчулукка каршы эл аралык күчтөрдү чыгаруу жөнүндөгү өкмөттүн мыйзам долбоорун колдоду.

“Манас” аба майданындагы АКШ аскерий базасын чыгаруу жөнүндөгү кыргыз өкмөтүнүн чечимин президент К.Бакиев Орусиянын 2 миллиард доллар кредитин алуу маселеси чечилгенден кийин Москвадан жарыя кылышы ушу азырга чейин маалымдоо каражаттарынан түшпөгөн тема бойдон калууда.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов мындай жосун Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркын түшүргөн осол окуя болгонун комитет жыйынында ачык эле айтты.

- Кыргыз өкмөтү оорчулук менен кыйынчылыкты башынан кечирип жаткан күндө да кайсы бир күчтөрдүн кол жоолугуна айланбашы керек эле. Кыргызстан кызыкчылыгы жөнүндө кеп болгондо эң оболу коопсуздук жайында ойлонушубуз керек.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев 2001-жылдын 5-декабрында чечилген эларалык антитеррордук аскер күчтөрүн “Манас” аба майданында жайгаштыруу келишиминен чыгууга Ооганстандагы абалдын турукташа баштагандыгы, ошондой эле ортодогу каржылык маселелердин оңунан чечилбегендиги негиз болгондугун билдирди.

- 150 миллион доллар жана башка акчалар анын баары 2006-жылдын 14-июлунда Кыргызстан менен АКШнын биргелешкен билдирүүсүндө ачык айтылган. Ошол биргелешкен билдирүүдө АКШ өкмөтү кийинки жылдан тарта жалпы жардам жана колдоо катары жыл сайын 150 миллион доллардан ашуун акча АКШ Конгрессинде жактырылгандан кийин төлөп туруусу каралган. 2007-жылдан тарта 150 миллион ашуун доллар акчаны Кыргызстанга ар кыл программалар боюнча бөлүп туруусу макулдашылган. Бирок ал, көрүп турасыздар, бөлүнгөн жок.

Парламенттеги “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Кабай Карабеков лөк мамлекеттердин бирөө да ооган элинин пикирин сурабай, аларга кантип жашоо керектигин таңуулашы туура эместигин белгилеп, өкмөт чечимин колдой тургандыгын ырастады:

- Ал жерде бир нече террорчулар бар экен. Мынабу 12 өлкөдөгү атайын кызматтын адамдары аларды жөн эле тынчытып коймок.

Парламенттеги эл аралык маселелер, парламенттер ортолук байланыштар комитетинин төрагасы Эрик Арсалиев Ооганстандагы кырдаал кылоосунан жанбай турган чакта террорчулукка каршы эл аралык күчтөр Кыргызстандан чыгаруу маселеси күчөп, ошол эле учурда Канттагы орусиялык авиабазанын проблемасы козголбой жатышын мындайча түшүндүрдү.

- Канттагы аскер базасы таптакыр башка ролду ойнойт. Ал КМШнын сырткы чегарасын коргойт. “Манас” болсо башка максаттарга пайдаланылууда.

Комитет талкуусунда социал-демократиялык фракция жетекчиси Бакыт Бешимов Тышкы иштер министрлиги жооткоткондой Ооганстанда абал тынч эместигин маалымдады. Бул жагдай башка өлкөлөрдү кооптонтуп жатканын мисалга тартты. Ошондой калтыс кырдаалда Кыргызстандын террорчулукка каршы күрөштөн баш тартышы анын АКШ, Батыш өлкөлөрү менен мамилесине салакасын тийгизерин белгиледи. “Мындай кадам Кыргызстан бир жактуу багытка ыктай баштаганын ишаара кыларын” баса көрсөттү.

Парламенттин тийиштүү комитеттери “Манас” аба майданындагы эл аралык күчтөрдү чыгаруу жөнүндөгү өкмөт чечимин колдошууда. Орусиялык 2 миллиард доллар кредиттин баш-аягы көрүнө электе базаны чыгаруу жөнүндө өкмөт менен парламентте кеп деле болчу эмес. А бирок антип апыл-тапыл жасалган саясий кадамдын арты кандай болорун ойлонгон киши аз. Өкмөттүн мындай аракетине ичи чыкпаган социал-демократиялык фракция мүчөлөрү деле бул маселе боюнча бир пикирде эмес.

XS
SM
MD
LG