Жаздан бери Кыргызстандагы башкарууну өзгөртүүгө багыт алган Элдик революциялык кыймыл кечээ курултайын Таласта өткөрүп, 20 адамдан турган Улуттук кеңеш түздү. Кыймылдын лидери Азимбек Бекназаровдун айтымында, эмки милдет башка аймактарда ушундай курултайларды өткөрүп, президент Бакиевди кызматынан мөөнөтүнөн мурда кетирүү демилгесин колдоочулардын арымын бекемдөө. Андан кийин курултайлардын чечимин президентке берип, кызматтан кетүүнү талап кылуу:
-Президентке кирип, бийликтин өкүлдөрү катышкан элдик жыйындарда мына ушундай чечимдер кабыл алынды. Сизге 100 пайыз ишеним жок экен. Ошон үчүн кыргыз элин кыйнабай өз эркиңиз менен кызматыңыздан мөөнөтүнөн мурда кетиңиз деп айтабыз. Эгер аны укпай койсо кандай аракеттерге барарыбыз белгилүү, кетирүүнүн жолдору толтура.
Ушул айдын 29унда курултайын өткөргөнү жаткан “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев Кыргызстанда президентти эмес, башкаруу системасын өзгөртүү зарыл, бирок бийлик бул багыттагы сунуштарды эске албаса Элдик революциялык кыймылдын чечимин колдоо зарылдыгы пайда болот дейт:
-Буга чейин бийлик саясатын өзгөртөбүз деп мыйзамдуу жолдорун издеп, көп аракеттерди жасап келе жатабыз. Бирок бийлик саясатын өзгөрткөнгө, турмушту жакшыртканга эч кандай кадамдарды жасаган жок. Ушундай мыйзамдуу жолдор түгөнүп калганда сөзсүз түрдө радикалдуу адамдар чыга баштайт.Эгер бийлик эсине келип, өзгөрүүлөргө барбаса жакын арада бийликти күч менен кетирүүгө бардык оппозициялык күчтөр бирикпейт деп эч ким кепил боло албайт. Ага убакыт аз калды.
Ал эми бийликти мыйзамдуу жол менен алмаштыруу багытында турган “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын төрагасы Амангелди Муралиев бийлик оппозициячыл күчтөрдүн мындай радикалдуу чечимин салмактап, өлкөнү кыйроого учуратпай турган багытты тандоого милдеттүү деген ойдо:
-Негизинен абал начар. Эми курултайдын чечимдерин президент кандай кабыл алат, кандай жыйынтык чыгарып, эл менен сүйлөшүүгө барабы? Процесстин келечеги мына ушул маселелерге байланыштуу болот. Менин оюмча, Ак үйдө отурган жетекчилер курултайдын чечимдери боюнча кандайдыр бир чараларды көрүш керек. Оппозиция менен сүйлөшүшү керек. Анткени, оппозиция да өз кезегинде президентти шайлаган. “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы кан төгүлүп кетпесе экен деп кооптонуп, оппозициячыл кыймылдарды колдоп жатат.
Президенттик администрация башчысынын орун басары Досалы Эсеналиев болсо бийлик өлкөдөгү опурулма саясат жүргүзгөн кыймылдардын чечими менен эмес, табигат алып келген кризистерди кантип чечүү менен алектигин билдирди:
-Талап коюу, ультиматум жолу же так кесе айтуу менен мындай проблемалар эч качан чечилбейт. Ревкомдун ошондой ойлору бар экен, бирок аны эл канчалык колдоору белгисиз. Алар ошол жыйынга катышкан элдин саны менен эле ушундай чечим кабыл алынды деп жатышат окшойт. Бир гана айтып койчу нерсе - азыр андай майда-чүйдө маселелер эмес, энергетикалык кризисти кантип жоебуз, Нурадагы жер титирөөнүн кесепеттерин кантип азайтып, эмдиги жылы аларга кантип үй куруп беребиз деген жана башка маселелер боюнча иш жүргүзүшүбүз керек. Ушул эле саясатчылар күзүндө ачарчылык болуп, саясий толкундоолор болот дешкен эле. Мына күз да келип, нан боюнча абал кандай экендигине элдин өзү күбө. Демек бардыгына убакыт менен иш гана жооп берет экен. Бул популисттик чечим жана кезектеги ультиматум койгон гана талап.
Анткен менен президент Германиядан келээри менен үй-бүлөлүк башкарууну жоюп, ийкемдүү өкмөт түзүү жана өлкөнү энергетикалык кризиске туш кылган кызматкерлерди жоопко тартуу талабын бийликке жакын “Жаңы Кыргызстан” партиясы да кабыргасынан коеру айтылууда. Ал тууралуу партиянын башкы катчысынын орун басары Марат Кайыпов буларга токтолду:
-“Душман сүйүнтүп айтат, тууган күйүнтүп айтат” дейт. Биз бийликке күйгөнүбүздөн, бийликте туруп эл үчүн иштеп калсын, кемчиликтерди оңдосун деп күйүп айтып жатабыз.Эгерде биздин сунуштар ишке ашпай турган болсо анда үнүбүз угула турган саясий акцияларды жасайбыз. Акциянын формасын болсо саясий кеңештин жыйынында тандайбыз.
Көпчүлүк саясат талдоочулар оппозиция канчалык күчтөнбөсүн бирдиктүү бир лидери болбогондон кийин чечимдер аткарылбайт деген кыязда. Мына ушул кенемтени жоюу үчүн кыймылдар бир конгресске биригип, бир лидерди тандоосу зарыл дейт “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын лидери Амангелди Муралиев:
-Бир Улуттук конгресс түзсөк, ага партиялардын жетекчилери кирсе, андан кийин бир лидер аныкталат эле!
“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев буга макул эмес. Анын оюнда, бир киши жалпы башкарууну оңдой албасын кыргыз тарыхы далилдеди:
-Андай болбойт. Биз сунуш кылган концепцияда системаны өзгөртүп, бийлик бутактарынын ортосунда тең салмактуулукту орнотуп, Кыргызстандын патриоту болгон адамдарды бийликке алып келиш керек деп жатабыз.
Мына ушундай карама-каршы көз караштардан улам Кыргызстандагы саясий турмуш кышкы суукка карабай ысык болчудай өңдөнүп калды.