Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:59

Кыргызстан АКШ үчүн маанилүү өнөктөш болуп кала береби?


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама ант бергенден тартып мамлекет башчылык кызматына толук кандуу киришти. Кыргызстандык серепчилер жаңы президенттин Борбор Азиядагы кичинекей өлкөгө болгон болочок мамилеси тууралуу жоромолдорун азыртан билдиришүүдө. Айрым пикирлер боюнча, Кыргызстан АКШ үчүн түрдүү багыттагы маанилүү өнөктөшү болуп кала берет, бирок бул кыргыз бийлигинин саясатынан көбүрөөк көз каранды.

АКШнын 44-президенти Барак Обаманын ант берүү салтанатында сүйлөгөн сөзү кыргызстандык саясатчыларды да кайдыгер калтырган жок. Президент Обаманын “ар кандай маселени күч колдонуу менен эмес, дипломатиялык жол менен чечебиз,” деген сөзү менен АКШнын тышкы саясаты өзгөрүлмөкчү. Буга чейин Американын тышкы саясаттагы күч колдонуу аракеттери тууралуу эл аралык коомчулук түрдүү пикир келишпестиктерин билдирип келген.

Эми Обаманын сөзү менен дүйнөдөгү ири державанын дипломаттык жолду тандап алганы -өтө чоң бурулуш жана чоң мааниге ээ, деген пикирин эл аралык саясат жана өнүгүү агенттигинин президенти Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” билдирди:

-Өзгөчө биздин өлкө сыяктуу кичинекей, чакан мамлекеттер үчүн маанилүү. Анткени дипломатиялык жол деген – ушул АКШ, Орусия, Кытай болобу, ошондой чоң мамлекеттер биздин пикирлерди, ойлорду да эске алат, биз менен эсептешет деген сөз.

Аликбек Жекшенкулов кошумчалагандай, АКШнын Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн мындан ары да ишке ашыруучу аракеттери Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ. Анткени өлкөнүн коопсуздугу үчүн негизги коркунуч ошол тараптан болот.

Барак Обаманын мамлекет башчылыгына келиши жалаң АКШнын эли гана эмес, жалпы дүйнө жүзүндөгү элдин үмүт отун жандырды. Мындай пикирин билдирген СДПнын мүчөсү, АКШда Кыргызстандын элчиси милдетин аркалап келген, азыр ЖК депутаты Роза Отунбаева Кыргызстан Америка үчүн маанилүү өнөктөш боюнча кала берерине ишенет.

Анткени Борбор Азиядагы көлөмү жагынан эң кичинекей өлкөдө жайгашкан америкалык “Манас” аскердик аба базасы –Кыргызстан - АКШ мамилесинин негизги чордону, дейт Роза айым:

-Обаманын алдында эң маанилүү, эң чоң эки милдет турат. Дүйнө жүзү азыр андан (Барак Обамадан) ошолорду чечүүсүн үмүт менен күтүп атат. Биринчиден –бул азыркы дүйнөлүк каржылык-экономикалык кризистен чыгуу, экинчиси –Ирак менен Ооганстандагы согуштардан акырындык менен чыгып, бул өлкөлөрдө тынчтык орнотуу.

Роза Отунбаева акыркы убактарда КМШда, анын ичинде Кыргызстанда демократияны өнүктүрүүгө эч кандай көңүл бурулбай, анын ордун минералдык ресурстарды иштетүү жөнүндө гана маселе ээлеп калгандыгын кейиш менен белгиледи. Ал бул кенемтени толтурууга да АКШ президенти Барак Обама жүргүзүүчү тышкы саясаты таасирин тийгизет дейт:

- Мен ишенем, Кыргызстандагы демократиянын өнүгүшүнө Обаманын администрациясы көп көңүл бурат. Ошондой эле азыркы каржылык кризистин убагында социалдык турмуш начарласа да, демократия өчпөй турушуна шарт түзөт деп үмүттөнөм.

Антитеррордук коалициянын аскерий “Манас” аба базасы Кыргызстанга экономикалык жактан да, коопсуздук жагынан да эч кандай пайда апкелбейт, ошондуктан, аскерий база өлкө аймагынан чыгарылышы керек, деген талаптар буга чейин бир нече жолу коюлган.

Мындай талаптардын тарапкери, саясат талдоочу Токтогул Какчекеев Кыргызстандын маанилүү өнөктөш болушуна АКШ өзү да аз эмес кызыкдар, ошол себептен АКШнын азыркы президенти Барак Обаманын да Кыргызстанга көзү түшүп турат, деген пикирде:

- Обама эч качан Кыргызстандан аба базасын алып кеткиси келбейт. Ал бизден эч нерсе аябай, Кыргызстан жетекчилеринин оюна келген талап-суроолорун аткарат, бул маселе –ачык. Ошондуктан, Обама Орто Азияга биротоло келүүгө жана Кыргызстан Американын үлгүсүнө өтүүсүнө аракет жасайт.

Аскерий “Манас” аба базасы жана бир катар программалар аркылуу Америкадан Кыргызстанга каржылык жана гуманитардык жактан көрүнүктүү эле жардамдар берилип жатат. Ошондуктан, кыргыз бийлиги эки жакка ойногон саясатын токтотууга тийиш, деген пикирлер да бар.

Мындай ой ээлеринин бири, саясат талдоочу Марат Казакбаев Кыргызстан эки ири державанын ортосундагы куйтуга айланбашы керек, деген кеңешин берет. Анын айтуусунда, эгер Орусия 2 млрд. доллар инвестиция бере турган болсо, бул үчүн антитеррордук күчтөрдүн аскерий аба базасын чыгаруу тууралуу шартты Кыргызстандын алдына койбогону дурус:

- Аскерий база иштейби, иштебейби, Кыргызстан - АКШ мамилеси боюнча бул таптакыр башка аспект. Ал эми Орусия - Кыргызстан мамилеси башка. Ошондуктан, Орусия инвестиция салгысы келсе, Кыргызстандын рыногу ачык.

Жаңы дайындалган президенттин тушунда АКШ менен саясаты кандай багытта жүргүзүлөрү тууралуу кыргыз бийлиги азырынча билдире элек. Тышкы иштер министрлигинин батыш башкармалыгынан алынган маалымат боюнча бул маселе жакынкы убактарда анык болот.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG