- Бакыт мырза, aлгач Петровкадагы кырдаал тууралуу маалымат бере кетсеңиз. Элдин маанайы кандай? Анткени кечээ Бишкек-Ош жолун тоскондорду милиция күч менен кууп тараткан соң, бүгүн андан да катуу нааразылык аракеттерин баштайбыз деп билдирип атышты эле?
- Биз кечээ барып келдик. Эл менен жолуктук, алардын бүт көйгөйүн уктук. Алар өздөрүн коргоо комитетин уюштуруптур, эми бизден ушул маселени тезирээк
карап бергиле, деп өтүнүштү. Кыскача айтканда, бул окуядан мындай жыйынтык чыгарса болот: жергиликтүү бийлик, күч органдары, жалпы мамлекеттик башкаруу элдин орчундуу маселелерин чечкенге дараметсиз. Мисалы Москва районундагы эле окуяны алалы. Анткени милиция менен прокуратура ушунчалык коррупцияланышып, бузулган. Маселени өз учурунда, ордунда чечүүнүн ордуна тескери кадамдарды таштап, ырбатып, күчөтүп, элдин кыжырын кайнатышууда.
Кечээ ошол чатак чыккан жерде ИИМдин, прокуратуранын жетекчилери жүрүштү. Азыркы учурда ички иштер министри менен башкы прокурор президенттин аброюн жер-жерлерде жокко чыгарып атат. Анткени эл коопсуздук тууралуу айтып атса, жаңы шайланган аким деле, министр менен баш прокурор да бейгам, кошкөңүл, кол куушуруп коюп турушат. Анан дагы алар ушул окуянын келип чыгышына себептерин аныктоонун ордуна, тескерисинче оппозициянын мүчөлөрүн камап киришти. Жергиликтүү эл кимге кайрылышын билбейт, биз барганда бизге кайрылып атышат. Биз аларга комитет уюштуруп, коопсуздугуңарды өзүңөр коргогула, талаптарды туура коюп, мамлекеттик органдарга кайрылгыла, улуттар аралык маселени курчутпагыла, алар да силердей эле эл деп айттык. Бизди эл укту, макулдугун беришти. Тартип коргоо органдары болсо унчукпай, кол куушуруп турушту.
- Кечээ мамлекет башчы ички иштер министри менен башкы прокурорду кабыл алган учурда, президент мунун башкы себеби – жергиликтүү бийлик органдарынын кылмыш ишине эч кандай чара көрбөй узакка создуктуруп жибергендигинде экендигин белгилеп, “Мында күнөөнү кыжырданган адамдарга эмес, акыйкаттыкты орнотууга көңүлкош мамиле жасаган, кылмыш ишин жымсалдап, жашырып-жабууга аракет кылган мерез чиновниктерге коюу керек”, - деп айтты. Бирок ошол эле күнү Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын президенти Жаңыл Түмөнбаева УТРК аркылуу эч кандай зордуктоо болгон эмес, бул кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыгы үчүн атайын жасалган чагым деп билдирди. Ошол окуя болгон жерге барып, иштин чоо-жайы менен таанышкан адам катары сиздин маалыматыңыз кандай?
- Албетте, бир айдан бери ошол киши ирээнжиткен адамды кармап, аны жоопко тартуунун ордуна, алар элди коркутуп-үркүтүп, ушуга жеткиришти. Кечээ президент айткандай РИИБинин башчысы менен прокурорду, акимди иштен алганда эле эч кандай маселе чечилбейт. Мына кечээ Молдомуса Конгантиев айтты: бул иш Арашандагы оппозициянын курултайынан башталды, деп айтып атат. Бул деген өздөрүнүн күнөөсүн оппозицияга уятсыздык менен оодара коюу дегендик. Президент Бакиев жергиликтүү бийликти күнөөлөгөнү менен өзү түзгөн система, мамлекеттик башкаруу иштебей, жер-жерлерде жарылып атканын президент түшүнбөй атат. Дал ошол сиз айткан Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрайымы окуяны жерине барып, өз көзү менен көрүп, эл менен сүйлөшүп, алардын көйгөйүн уккандан кийин анан телеге чыгып алып сүйлөсө болмок. Жылуу кабинетте отуруп алып, эч жакка жылбай туруп, бөйрөктөн шыйрак чыгарганы жакшы эмес. Мына ошондуктан дагы, бийликке эл ишенбейт, Петровкадагы орус-кыргыз, башка элдин баары бийликке бири да ишенбейт экен.
- Кечээ Петровкадагы жол тосуп аткан эл менен жолугушууга барган жеринен оппозициянын бир катар мүчөлөрү камакка алынды. Бийликтин мындай аракетин сиз кандай баалайсыз. Анткени биздеги маалыматтар боюнча кармалгандардын бири, “Ата Мекен” саясий партиясынын Чүйдөгү координатору Туратбек Мадылбеков менен БЭКтин мүчөсү Эркин Бөлөкбаев деле Петровкадагы кырдаалдын курчушуна жергиликтүү атка минерлер менен күч органдары күнөөлүү деп президент Курманбек Бакиев айткан сөздөрдү айтышкан экен...
- Анткени ушундан саясий бир иш чыгаргысы келип жатат. Күч органдары өзүнүн шалаакылыгын, маселени чече албастыгын билип туруп, күнөөнү эптеп оппозицияга түртө салгысы келип атат. Маселе мына ушунда. Кечээ биз менен “Ак жол” партиясынан депутат Раиса Сидоренко барган, азгана сүйлөп, эл суроо берип баштаганда качып кетти. Мына Элдик партия деген –“Ак жолдун” чыныгы жүзү. Ушундай эл чогулуп, курч маселе чыгып атса, көрүнбөйт. Партиянын Попов деген депутаты да жүрдү, ал элдин алдына басып барган да жок. Эл талаптарын айтып, суроолорун берип жаткан учурда жолобой койду. Анан кантип, “Ак жолду” элдик партия дейбиз?
- Маегиңизге рахмат!