Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

“Манас” аба базасын калтыруу кимге зарыл?


"Манас" аба базасындагы антитеррордук күчтөр
"Манас" аба базасындагы антитеррордук күчтөр

Ооган президенти Хамид Карзай КР президенти Курманбек Бакиевге атайын кат аркылуу кайрылды. Анда Хамид Карзай Пакистан, Ооганстандагы кырдаалдардын курчушуна байланыштуу антитеррордук коалициянын аскердик “Манас” аба базасын Кыргызстанда калтыруу тууралуу өтүнүчүн билдирген.

Ооган президенти Хамид Карзайдын КР президенти Курманбек Бакиевге жолдогон катында антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу тууралуу чечимин кайра карап чыгуусун өтүнгөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” КР президентинин алдындагы катчылык жетекчисинин орун басары Максим Каганер маалымдады:

-Ооба, кат келди. Анда Карзай мырза Ооганстандагы кырдаалдын татаалданышып кеткендигин белгилөө менен бул маселе жалпы Азиянын көйгөйүнө айлануу коркунучу бардыгына тынчсызданган. Ошону менен бирге ал президент Бакиевден ооган элине терроризм менен күрөшүүдө көмөк көрсөтүүсүн өтүнүп, Ооганстандагы кырдаалды турукташтырууга пайдаланылып жаткан “Манас” аба базасына мындан ары дагы өз ишмердүүлүгүн улантуусуна мүмкүнчүлүк берүүсүн сураган.

Максим Каганердин айтуусунда жакында Екатеринбурга өтө турган ШКУ саммитинде Ооганстан менен Кыргызстандын президенттери жолугуп сүйлөшүүсү ыктымал.

Ооган президентинин кыргыз мамлекет башчысына мындай өтүнүч менен кайрылышын саясатчылар түрдүү талкуулап жатышат. Айрым пикирлер боюнча аскердик “Манас” аба базасы Кыргызстандын аймагынан чыгышы Ооганстандагы ансыз да тынч эмес кырдаалдын ого бетер курчуп кетүүсүнө өбөлгө түзөт, ошондуктан ооган президенти бул үчүн алдын-ала тынчсызданууда.

Мындай пикир ээлеринин бири Орозбек Молдалиев Ооганстанда тынчтык орношуна узак убакыт бар, ошондуктан “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калышы Ооганстан үчүн чоң мааниге ээ деп эсептейт:

-Мурдагы жылдарда орусиялык эксперттер Ооганстанда аскер операцияларынын активдүү фазасы бүттү, азыр эми тынчтык болуп калды, ошондуктан базанын кереги жок, деп айтып келишти. Алардын бул айткандарынын канчалык чындыкка жакын экендигин эл өзү түшүнүп калды. Ооганстан Кыргызстандан “Манас” аба базасын калтыруу боюнча гана жардам күтөт, башка жардамга муктаж деле эмес, -дейт Орозбек Молдалиев.

Ал эми Пакистанда төрт жыл окуп, жашап келген окумуштуу Дүйшөн Шаматов Ооганстандын президенти кыргыз президентине кайрылуусунун жөнү жүйөөлү деген ойдо:

-Кыргызстанда болобу, Өзбекстанда болобу АКШнын аскердик базалары болушу керек. Бул өзгөчө Ооганстандын бийлиги үчүн зарыл.

Пакистандагы кырдаал курчушу менен катар май айынын аягында коңшулаш Өзбекстандын Анжиян, Ханабад шаарларындагы жардыруулар жалпы Борбор Азия мамлекеттерин сестентти. Кырдаал минтип курчуп отурса, бул көрүнүш эртең эле Кыргызстандын айрым кооптуу деп эсептелген Карасуу, Өзгөн, Ноокат шаарларында кайталанбайт деген кепилдик жок, ошон үчүн “Манас” аба базасынын Кыргызстанда калышы шарт, дейт социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимов:

-Бул толук ыктымал. Анын үстүнө акыркы убактарда чек арада болуп жаткан окуялар да эмнени айгинелеп отурат? Диний экстремизм, курал-жаракты көмүскө сатуу, баңзат соодасы ошондой коркунучтарды туудуруп жатат.

Айрым маалымааттар боюнча Ооган президентинин кыргыз мамлекет башчысына кат жолдошуна АКШ түрткү берген. “Манас” аба базасы тууралуу сүйлөшүүлөр АКШ менен кыргыз бийлигинин ортосунда бир нече жума мурун жүрүп, Американын пайдасына ийгиликтүү аяктаган, деп билдирди Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча адиси Пол-Куин Жадж “Азаттыкка”. Анын айтуусунда бул сүйлөшүүлөрдөн эки тарапка тең пайдалуу натыйжа болуп отурат, бирок кыргыз бийлиги Ооганстандагы кырдаал аркылуу коомчулукту азыртан даярдап жатат:

-Менин оюмча Америка менен Кыргызстан “Манас” аба базасын Бишкекте калтыруу чечимине буга чейин эле келишкен. Кыргыз бийлиги базаны калтыруу үчүн ижара акысын көбөйтүүнү талап кылып, муну ачык эле айтып келген. Эми ушул эки тарапка тең натыйжалуу сүйлөшүүлөрдөн кийин кыргыз бийлиги элине жана саясий элитага бул чечимин түшүндүрүүнүн жолдорун издеп жатат. Ошондуктан Хамид Карзайдын каты дагы кыргыз өкмөтүнүн мына ушул стратегиясынын бир бөлүгү.

Эл аралык кризис тобунун Борбор Азия боюнча адиси Пол-Куин Жадждын пикиринде Курманбек Бакиев ооган президенти менен жолугушууга макул болот, бул болсо өз кезегинде Борбор Азиядагы мамлекет башчыларынын алдында К. Бакиевдин аброюн көтөрүүшү мүмкүн дейт.

Май айынын аягында Түркия президенти Абдулла Гүл Бишкекке расмий сапар менен келип кетти. Айрым пикирлер боюнча анын бул сапары толугу менен АКШнын “Манас” аба базасын Кыргызстанда калтырууга арналып, ортомчулук мүнөздө болгон. Абдулла Гүлдүн сапарынан көп өтпөй, 1-июнь күнү КР президенти Курманбек Бакиев коопсуздук кеңешинин катчысын баш кылып, бардык күч структураларынын жетекчилери менен Ооганстандагы жана Пакистандагы кырдаалга байланыштуу жыйын өткөргөн.

Жыйындагы мамлекет башчынын сүйлөгөн сөздөрү маалымат каражаттары аркылуу таркатылып, Ооганстан менен Пакистандагы кырдаал Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанга да терс таасирин тийгизет маанисиндеги ишара кеп айтылды. Айрым саясатчылар К. Бакиевдин мына ушул сөзүнүн артында да “Манас” аба базасын калтыруу боюнча чечимге коомчулукту алдыртан даярдоо максаты тургандыгы белгилешет.

Белгилүү болгондой АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу кыргыз өкмөтү чечим кабыл алгандыгын КР президенти үстүбүздөгү жылдын 4-февралында Москвада жарыя кылды. Көп өтпөй Жогорку Кеңеш базага байланыштуу НАТО жана АКШ менен түзүлгөн келишимдерди денонсациялап берди.

Мыйзам боюнча 18-августта “Манас” аскерий аба базасынын акыркы аскери Кыргызстандан чыгарылып кетүүгө тийиш болчу. Бирок белгилүү болгондой, аталган аба базасы тууралуу АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экендигин кыргыз президенти ачык эле айтып келди.

Эми мындай натыйжалуу сүйлөшүүлөрдөн соң, антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасы Ооганстандагы жана Пакистандагы кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда кала берерин мамлекет башчы Курманбек Бакиев президенттик шайлоого чейин же андан кийин жарыя кылышы ыктымалдыгы айтылууда. Ушундан улам базаны чыгаруу тууралуу чечим үчүн Кыргызстанга 2 млрд. доллар берүүгө макул болгон Орусиянын мамилеси кандай болор экен деген суроо туулат.

Тасмада: АКШ базасы: Сын жана жүйөө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG