Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Коалиция түзүлүп жатат. Жең ичинен...


Кыргызстандын шайлоо тарыхында бул жолу эң узун (72 см.) бюллетен колдонулду.(Сүрөттө: Бишкектеги бир добушканада шайлоочуга бюллетен берилүүдө, 10-октябрь)
Кыргызстандын шайлоо тарыхында бул жолу эң узун (72 см.) бюллетен колдонулду.(Сүрөттө: Бишкектеги бир добушканада шайлоочуга бюллетен берилүүдө, 10-октябрь)

Шайлоодо жеңген партиялар коалиция түзүү боюнча активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

10-октябрдагы парламенттик шайлоодо утуп чыккан беш партиянын ичинен солчул партиялар СДП менен “Ата Мекен” бир коалицияга, ал эми оппозициялык деп эсептелип келе жаткан “Ар-намыс” менен “Ата Журт” бир коалицияга биригет, “Республика” булардын кимисине кирсе, тараза ташы ошол жакка оойт деген пикирлер арбын айтылууда. Утуп чыккан партиялар болсо коалиция түзүү маселеси саясий кеңештерде каралып жатканын билдирип, бирок кайсы партияларга ыктап жатышканын сыр боюнча калтырышууда.

Жашыруун сыр

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов эки-үч партия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын бирок алардын атын атабай турганын “Азаттыкка” билдирди:


-Биз азыр эки партия менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, бирок азырынча чечим кабыл алына элек. Буйруса, бүгүн же эртең бир жыйынтыкка келебиз.

Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү башка саясий партиялар менен жүрүп жатканын “Ата Журт” партиясы да маалымдоодо. Партиянын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев чечим сүйлөшүүлөр бүткөндөн кийин кабыл алынарын журналисттерге билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын келечеги үчүн бардык партиялар менен кызматташууга даяр экенин, мамлекет башчысы катары Роза Отунбаева менен чогуу иш алып барышарын ачыктады. К. Ташиев бардык саясий партиялар менен чогуу коалициялык парламент, өкмөт түзүүгө жетишүү сунушун да айтууда.

“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов коалицияны Кыргызстандын экономикасын көтөрүүнү көздөгөн, улут аралык достукту каалаган жана Орусияны стратегиялык өнөктөш туткан партиялар менен түзөрүн билдирди:

-Биз бир топ партиялар менен коалиция курууга даярбыз, бирок алар биздин принциптерди колдошу керек. Экономикалык өнүгүү жөнүндөгү идеябызды колдошу керек. Биз улут аралык тынчтыкты сактап калууну каалайбыз, Орусия менен стратегиялык өнөктөш болуу тууралуу сөзүбүздү иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Биз реваншисттерге же болбосо Бакиевдин үй-бүлөсүн апкелебиз дегендерге жол бербейбиз, алар менен биздин жолубуз бирикпейт.

Соода жүрүп жатат

Айрым парламенттик өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө шайлоодо көп добуш алган партия эмес, башка партиялар менен келишип, коалиция түзүп, парламентте көп орунду алган партиялар ээ болот. Ошондуктан, азыркы учурда партиялар жең ичинен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, парламентте болушунча көбүрөөк орунду ээлеп калууга аракет кылышууда.

Талдоочулар кечээтен бери алтын ортолукта турган “Республиканын” ооматы келип, соодасы жүрүп жатканын айтышууда. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, саясатчы Мукар Чолпонбаев “Республика” партиясы СДП менен “Ата Мекенге” кошулчу болсо партиянын башчысы Өмүрбек Бабанов премьер-министрлик орунду сурайт деген пикирде:

-Албетте, соода болот. Бабанов премьер-министрлик орунду, ал эми “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев спикерлик орунду сурайт. Социал-демократ партиясынын жетекчиси Алмазбек Атамбаев болсо “мына эми ийгиликке жетиштик, бирөөң аткаруу бийлигинде, бириң мыйзам чыгаруу бийлигинде отурасыңар, эми мени колдоп берсеңер, мен президенттик шайлоого барам,” деп айта турган болсо, мына ошондо булар бир коалицияны түзө алышат.

Мыйзам боюнча президент башында шайлоодо көп добушка ээ болгон “Ата Журт” партиясына коалиция түзүүнү, өкмөт башчысын көрсөтүүнү сунуш кылат. Эгерде “Ата Журт” “Республиканы” өзүнө кошууга жетише албаса, анда бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана албайт. Ошентсе да “Республика” солчул партияларды колдоп, аларга кошулушу толук ыктымал деген пикирлер арбын.

Жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев мындай болгон учурда республикачылар азыркы кадыр-баркын сактап кала алышат деп эсептейт:


-Эгер “Республика” партиясы “Ата Мекен” менен Социал-демократтарга кошулчу болсо, анда Кыргызстандын азыркы багытын колдоп кете турган маанайды түзүшөт. Революциячыл күчтөргө кошулганы партиянын азыркы аброюн да сактап калат.

Ушул тапта “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы шайлоочулардын беш пайыз добушуна ээ болгонун белгилеп, парламентке кое берүүнү талап кылууда. Азырынча бул маселе бир жагына чечиле элек. Эгер БШК партиянын утушун таанычу болсо, анда парламенттеги орундар дагы бөлүнүп, “Бүтүн Кыргызстан” бийликке оппозиция партиялардын катарын толукташы ыктымалдыгы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG