Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 06:29

Кыргызстан

КСДП кысымга кабылганын жарыялады

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) жер-жерлердеги өкүлдөрүнө кысым күчөгөнүн билдирди.

Партиянын катчылыгы УКМКны «эмки айда өтчү курултайды утурлай ага чакырылган мүчөлөр тууралуу тымызын маалымат топтоп жатат» деп айыптады. Атайын кызмат болсо кысым-басым тууралуу доомат негизсиз экенин билдирүүдө.

Айрым байкоочулар кайсы бийлик болбосун күч органдары саясий курал болуп келгенин эске салып жатышат.

КСДПнын катчылыгы 12-мартта «УКМКнын Ысык-Көл облусунунун Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы К. Табалдиев аталган райондогу паспорт столунун жетекчисине жазды» деген каттын көчүрмөсүн жарыялады. Анда 18 адамдын аты-жөнү жазылган тизме жана алар жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүү тууралуу талап коюлган. КСДП бул адамдар партиянын Ысык-Көл облустук партиялык конференциясына катыша турган делегаттар экенин белгилеп, УКМКдан түшүндүрмө талап кылып кат жазды.

УКМКнын басма сөз кызматы бул факт боюнча дароо жооп кайтарды. Анда «Жети-Өгүз райондук бөлүмдүн башчысы К. Табалдиев мындан бир айдай мурун гана дайындалган, жергиликтүү коомчулук менен таанышуу максатында калкты паспорттоштуруу жана каттоо мекемесине суроо-талаптарды жөнөттү» деп айтылат. Ошондой эле кызматтык иликтөө башталганы да белгиленген.

КСДПнын өкүлү Рита Борбукеева милиция кызматкерлерин да басым-кысым боюнча айыптады:

Рита Борбукеева.
Рита Борбукеева.

«12-мартта Ысык-Көл облустук конференциябызга үч күн калганда милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө «ал жыйынга ким барарын тактап билгиле» деп тапшырма берилиптир. Алар болсо «ал жыйынга барба, көрдүңбү, Атамбаевдин айланасындагылардын баарын камап жатат, сени дагы камап салат» дешсе алар ишенет да. Мунун айынан он чакты мүчөбүз келбей калды. Эң коркунучтуусу - биздин мүчөлөрүбүз түшкөн маршруткаларды жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер тосуп берип, УКМКдан экенин айтпаган, форма кийбеген эле адамдар ал мүчөлөрүбүздү, кээ бир балдарыбызды «жүрү» деп сыртка чакырыптыр. МАИ кызматкерлери тосуп берип, белгисиз адамдар суракка алгыдай алар ким?»

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов болсо мындай дооматтарды четке какты. Ал милиция өз милдетин аткарып жатат, саясатка аралашпайт деп эсептейт.

«Эгерде ошондой конкреттүү фактылар бар болсо, кимдир-бирөө тосуп алып, токтоткон болсо анда анын баарын айтып чыкканга толук мүмкүнчүлүк бар. Экинчиден, соңку 15 жылда милиция саясатта ар кандай форматта, ар кандай багытта коомчулукка көрүндү. Милиция саясатка кийлигишпей, өз милдетин так жана туура аткарышы керек. Милиция эч кандай саясий партияларга, саясий агымдарга же саясий көз караштарга аралашып, пикирин айтып, колдоо көрсөтүп же тескерисинче тоскоолдук кылбашы керек. Ошондой иштерге аралашкан болсо, анда алардын жоопкерчилиги сөзсүз каралат. Милициянын негизги милдети - коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу, мамлекеттин ички тартибине көзөмөл жүргүзүү. Жетекчилик биздин кызматкерлерге ушундай гана багыт берген», - деди Сейитов.

Анткен менен саясат талдоочу Бекбосун Бөрүбашев күч органдары бийликтин дагы эле саясий куралы бойдон турат деген пикирде.

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Соңку 25 жылдан бери укук коргоо органдары өз милдетин так аткарбай жатат. Укук коргоо органдары, анын ичинен сот системасы, УКМК бийликтин саясий союлу болуп калды. Бийлик укук коргоо органдарын саясий оппоненттерине каршы пайдаланып, кысым көрсөтүп келе жатат. Эгерде Жети-Өгүздөгү окуя чын болсо, анда УКМК саясий партиянын өкүлдөрүнүн артынан түшкөнү туура эмес», - деди ал. Талдоочу жагдайды өзгөртүш үчүн Конституцияны өзгөртүш керек экенин да кошумчалады.

Ал арада экс-депутат Мээрбек Мискенбаев «Айкөл Ала-Тоо» коомдук уюмундагы ажырым, бөлүп-жаруу, кысым боюнча бийликти айыптап чыкты. Ал буга байланыштуу коомчулукка кайрылуу таратылганын билдирди:

«Президенттин аппаратындагы Алмаз Кененбаев балдарды бөлүп, бири-бири менен уруштуруп-талаштырып жатат. «Коомдук бирикмеге аралашпагыла, буга мыйзам жол бербейт, баягы эле Бакиевдин заманындагыдай үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болуп жатат, «Айкөл Ала-Тоону» мыйзамсыз тартып алып жатасыңар, «Атамбаевсиз КСДПнын» эле 2-сериясы болуп жатат, муну токтоткула» деп кайрылуу жибердик. Эгер мындай боло берсе «кландык режимге жол жок» деген ураан менен чыгабызбы деп азыр ойлонуп жатабыз. Эми кысымды токтотушу керек да. Былтыр 17-мартта айткан сөздөрүмдөн бери бир жыл болду. Баарыбызга кысым болуп жатат. Урганын уруп... Мынчалык болбошу керек да. «Бакиевдин эле заманы кайра келди» десек чычалап жатышпайбы. Эгер андай улана берсе биз «Кыргызстан ага-ини Жээнбековдорсуз» деген ураан менен чыгышыбыз мүмкүн. Мындан башка аргабыз калбай калды».

«Азаттык» президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаевден түшүндүрмө сурады.

«Билбейт экенмин, кечиресиз. Комментарий бере албайм. Коомдогулар өздөрү чечет да. Ал жакка биздин кандай тиешебиз бар?» - деди ал.

Серепчи Төлөгөн Келдибаевдин баамында, Кыргызстанда бийликтин өзүнүн саясий атаандаштарына кылган мамилеси акыркы жылдары өзгөргөн жок. Келдибаев буга байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин өзүндө да кемчилик бар экенин айтып өттү:

Төлөгөн Келдибаев.
Төлөгөн Келдибаев.

«Өзүнө оппозиция болгондорду куугунтуктаган көрүнүш Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин, азыркы Сооронбай Жээнбековдун убагында деле уланып жатат да. Бул токтоп калган жок. Кыргызстанда бул жаңылык деле эмес, көнүмүш адат болуп калды. Азыркы күндө бийликке таасир эте ала турган күч - бул Атамбаев. Анын айланасына кимдер топтолуп жатканын, аймактарда кимдер менен кызматташканын, 6-апрелдеги курултайга кимдер катышарын аныкташ үчүн күч органдары күчөтүлгөн иштерди жүргүзүп жатат. Бул жерде Атамбаевдин кемчилиги - өзү бийликте турганда укуктук-демократиялык мамлекеттик түптөй албаганында. Адилетсиз соттордун иштешине, коррупциянын гүлдөшүнө шарт түздү. Күч органдарын курал катары пайдаланууга Атамбаев өзү деле шарт түздү. Бүгүнкү күндө Жээнбековдун командасы ошол Атамбаевден калган ыкмаларды колдонуп жатат. Бул жакшылыкка деле алып келбейт».

Ушул айдын башында КСДПда бийлик талаш чыккан. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 3-апрелде кезектеги XVIII курултай өткөрөрүн айтып чыккан. Ага чейин эле экс-президент Алмазбек Атамбаев башында турган бул партиянын курултайы 6-апрелге белгиленген. Парламенттеги КСДПнын Атамбаевди колдогон депутаттары Өмүркуловдун аракетин айыптаган, Өмүркулов болсо анын чечимин «мыйзамсыз, партиянын уставы менен жобосуна каршы келет» деп мүнөздөгөн дооматтарды негизсиз деп баалаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

See all News Updates of the Day

Мыйзам жана түшүнүк: эмне күчүндө?

Мыйзам жана түшүнүк: эмне күчүндө?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Борбор Азияда медиа маселеси талкууда

Бишкек ушул күндөрү Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин маселелери талкууланган борборго айланды.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган «Санариптик трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу иш-чарага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн жана Монголиядан 100дөн ашык журналист, медиа-эксперт катышууда.

Анын жүрүшүндө санариптик өзгөрүүлөр учурунда маалымат каражаттарынын ролу, ЕККУ кирген аймактагы ачык жана коопсуз Интернет айдыңын түзүү жана сөз эркиндигинин алдындагы чакырыктар жөнүндө талкуу жүрдү.

ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Борбор Азиянын ар бир өлкөсүндө сөз эркиндигинин абалы ар башка экенин эске салганы менен жалпысынан бул багытта журналисттердин ишине чектөөлөр бар экенин айтты:

Арлем Дезир.
Арлем Дезир.

«Акыркы айларда мен бир нече жолу Борбор Азиядагы сөз эркиндиги боюнча маселе көтөрдүм. Алардын арасында айрым сайттарды чектөө, кыска мөөнөткө болсо да журналисттерди кармоо, ал гана эмес журналисттерге кол салган бир нече окуя болду. Борбор Азия өлкөлөрү ЕККУнун мүчөсү болуп саналат жана алар журналисттердин эркиндигин сактоого милдеттүү».

Дезир өз сөзүнө Түркмөнстандагы жапырт чектөөнү, Тажикстанда сайттардын чектелишин, Казакстандагы акыркы митингдер учурундагы журналисттердин кармалышын мисал келтирди.

ЕККУнун өкүлү Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалын салыштырмалуу жакшы деп баалаганы менен кийинки жылдары журналисттерге карата соттук доолор тынчсыздануу жаратканын билдирди. Ошондой эле Арлем Дезир учурда журналисттерге карата физикалык басым менен катар оозеки чабуул күчөгөнүн кошумчалады.

Эл аралык уюм өкүлүнүн мындай баасын конференциянын катышуучулары да ырастап, Борбор Азиядагы бийлик маалымат каражаттарын чектөөнүн ар кыл жолдорун ойлоп таап жатканын белгилешти.

Маселен, Тажикстанда чектөөгө алынган «Азия плюс» порталынын директору Зебо Тажибаева өз өлкөсүндө Интернетти чектөө күчөп баратканын билдирди:

Зебо Тажибаева.
Зебо Тажибаева.

«Тилекке каршы, Тажикстанда Интернет чектелгени аз келгенсип, дүйнөлүк желеге кирүүгө мүмкүнчүлүк берген VPNдер да жабылып жатат. Тажрыйбалуу колдонуучулар ар кыл программаларды көчүрүп алып, маалымат алууга мажбур. Дал ушундай кырдаалда бизге маалымат ички жана сырттагы окурмандар үчүн кыйынчылык менен жеткирүүгө туура келет».

«Азаттыктын» казак кызматынын журналисти Сания Тойкен болсо:

«Бийлик журналисттерге социалдык тармактарды кысымга алып же коркутуу менен эле басым жасабай калды. Мени бийликтин журналисттерди чектөөнүн ар кыл ыкмаларын ойлоп тапканы таң калтырат. Мисалы, учурда Казакстанда окуяны чагылдырып жаткан журналисттин камерасын кол чатыр менен жаап, ишине тоскоол кылуу модага айланды», - деп Казакстандагы абалды сүрөттөдү.

Жыйынга катышкан Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын жетишкендиктердин бири катары баалап, бирок интернет технологиялардын өнүгүшү менен бир катар маселелер түйшөлтө баштаганын билдиришүүдө.

Маселен, маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкулов азыркы кезде маалымат каражаттарынын фейк маалыматтарды таратышы көйгөйгө айланганын билдирди:

Азамат Жамангулов.
Азамат Жамангулов.

«Технологиянын эволюциясы маалыматты жеткирүүнүн жана кабыл алуунун жаңы ыкмаларын жаратты. Мындай жагдай «фейк ньюс», «чындыктан кийин» деген түшүнүктөрдү пайда кылды. Бул заманбап медиа жана маалыматты кабыл алуунун жыйынтыгы деп айтсак болот».

Бул багытта министр журналисттерди каралаган ар кыл троллдордун топтору иштеп жатканын кошумчалады.

Министрдин мындай баасы акыркы күндөрү бажыдагы коррупция боюнча журналисттик иликтөөгө байланыштуу талкуулар күчөгөн учурга туш келди. Өлкөдөгү фактчект порталы бул иликтөөгө каршы жазылган Интернеттеги комментарийлердин 80 пайыздан ашыгы фейк же жалган колдонуучулар экенин жазып чыккан эле.

ЕККУ ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келет. Былтыр ал Казакстандын баш калаасы Нурсултанда өткөн.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Зардалыдагы өмүр көпүрөсү

Жаңы курулган көпүрө. Зардалы, Баткен.

Зардалы жана Кара-Бак айылынын тургундары 2016-жылы сел алып кеткен көпүрөнүн ордуна ашар жолу менен жаңысын курушту.

Көпүрөнүн ачылышы 13-июлда болду. Көпүрөнүн курулушуна керектүү материалдарды Зардалынын тургундары жөө-жалаңдап эшек менен ташып, көпүрөгө жеткиришкен.

Эки жолдун бири кымбат, экинчиси кууш

Баткен облусунун борборунан Зардалы айылына чейин 130 чакырым жол жүрүү керек. Зардалыга эки жол барат. Бири - бийик тоолорду аралап өткөн машине жолу. Ал үч-төрт ай гана ачык болот. Анүстүнө жол кире кымбат. Айылдан Баткенге бара турган киши 500 сом төлөшү керек.

Ушундан улам Зардалынын жашоочулары көбүнчө жар бойлоп кеткен жалгыз аяк жол менен каттоого аргасыз. Бул жолдо жүктү эшек менен гана алып өтүүгө болот.

Жаңы курулган көпүрөгө керектүү материалдарды жалаң ушул жаныбар ташып, жергиликтүү жаштар кол күчү менен курган.

Зардалы, Баткен.
Зардалы, Баткен.

"Бул жерде 2008-жылы көпүрө курулган, жети жыл чыдады. 2016-жылы катуу сел жүргөндө, аны алып кеткен. Ошондон кийин көпүрөнү калыбына келтирүү ишин ошо кездеги өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун көмөгү менен кайра баштаганбыз. Курулуш материалдарын автоунаа жол менен айылга жеткирип, калганын бул жакка чейин эшек менен ташып, арматураларын балдар өздөрү көтөрүп келип жүрүп салышты. Ушундай ашар жолу менен жалпысынан жети көпүрө курдук", - деди көпүрөнү куруу демилгесин көтөргөндөрдүн бири Урайым Дильшатов.

Көп түкүрсө көл болот

Көпүрө курулуп жатканда Кара-Бак айылынын миграцияда жүргөн тургундары акчалай жардам көрсөткөн.

Алардан келген акчанын тийиштүү иштерге сарпталышына Абдулашим Мусаев көзөмөлдүк кылган:

Зардалыдагы жалгыз аяк жол.
Зардалыдагы жалгыз аяк жол.

"Көпүрөнү сел алып кеткенден кийин, бийликтен 600 миң сомдой акча бөлдүрүп, курулуш материалдарын алганбыз. Көпүрөнүн курулушун 1960-жылы туулгандардан тартып, 2001-жылга чейинки туулган балдар жүргүздү. Цементтен тартып, темир-тезекке чейин жөө ташыды. Алардын жеткирген жол акысын, тамак-ашын, союшун жана башка керектүү нерселерин мен жиберип жаттым. Алардын баарына сыртта иштеп жүргөн мекендештерден келген акчаны сарптаганбыз. Кыскача айтканда, мен аларга кассир болгом. Банктан акчаны менин атыма которушчу, мен аларга акчанын кайда, эмнеге сарпталганы тууралуу маалымат-отчет берип турдум".

Көпүрөнүн курулуш материалдарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 150 миң сом берген.

Зардалы, Баткен.
Зардалы, Баткен.

​Баткен районунун акиминин орун басары Таалайбек Ибрагимовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, көпүрөнүн курулушуна баш-аягы 3 млн. сомдук каражат сарпталган.

"Көпүрө бузулгандан кийин биз аны калыбына келтирүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылганбыз. Алар бизге көпүрөнүн курулушуна керектүү материалдарды алып беришти. Жалпысынан 1,5 млн. сомдук курулуш материалдары кеткен. Мындан тышкары жергиликтүү элдин күчү менен ашар жолунда көпүрө курулуп бүттү", - деди акимдин орун басары.

Зардалы жолундагы көпүрөгө аны бирден темирди кураштырып ширетип чыккан уста Урайым Саркаровдун аты берилген.

Тоо кыркасында жайгашкан кооптуу чыйыр жол менен жайында элдин малы жайлоого айдалат. Керектүү буюм-тайымдарды ат же эшек менен ташыйт.

Зардалы айылынын аты коомчулукка Баткен окуясынан кийин кеңири таанылган.

1999-жылы 30-июлдан 31-июлга караган түнү Өзбекстан ислам кыймылынын жоочулары Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз басып кирип, Зардалыны ээлеп алган. Кыргыз армиясы бул жылы ондогон аскеринен айрылган, андан тышкары жергиликтүү тургундар да запкы тарткан. Бул окуя мурда Ош облусунун курамына кирген Баткен районунун облус статусун алышына шарт түзгөн.

"Азаттыктын" архиви: Үмүтүн үзбөгөн Зардалы. 2016-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бишкекте кафе жана сулуулук салону өрттөндү

Бишкекте кафе жана сулуулук салону өрттөндү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

«Ашардын» мааракеси үчүн ашарга!

"Ашар" сүзүлдү, бирок үзүлгөн жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:47 0:00

Мындан 30 жыл илгери, 1989-жылдын 15-июлунда «Ашар» уюмун негиздөө максатында жыйын болгон. «Ашар» уюмунун мааракеси тууралуу тарыхчынын блогу.

«Ашар» коомдук бирикмеси кайра куруу доорунда Кыргызстанда кубаттуу элдик кыймылдардын кабарын таркаткан бороон кабарчысы болгон.

Бул уюмду сөз кылганда жалаң гана «Ашар» козголушу тууралуу эмес, максат-мүдөөсү аныкына шайкеш болуп, удаа уюштурулган «Үй куруучулар кыймылы», «Бишкек» жана башка бардык коомдук бирикмелердин тарыхын да камтуу абзел.

Батышта да айрым доорлордо «жер тилкесин же бош имаратты басып алуучулар» (англисче «сквоттер») социалдык кыймыл түрү катары орун алып келди, азыр да кээ бир өлкөлөрдө мындай кыймыл катталып келет.

Бирок «ашарчылар» өздөрүн «жерди басып алуучу», «баскынчы» катары айыптагандарга айыгыша каршы турушкан, анткени алар өз ата журтунда эле социалдык маселелери чечилбестен, обочодо кала берген тагдырына каршы чыгып өз укуктары үчүн күрөшкөн.

Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Жеңиш аянты. 1-апрель, 1987-жыл.
Бишкек (ал кездеги Фрунзе) шаарындагы Жеңиш аянты. 1-апрель, 1987-жыл.

Ал кездеги коммунисттик режим да Кыргызстанга сырттан келген адистерге тез арада батир берип, ал эми 40-50 жылдан бери Бишкекте батирлерди ижарага алып жашаган өз жарандарынын көйгөйлөрүн көңүлдөн чыгарып келчү. Албетте, бюрократтык кубаттуу машиненин бир аспабын чоюп же киши салып, паралап же кайсы бир ак жолтой кырдаалга кабылып батирге жеткендер деле болгон. Бирок алардын саны деңиз тамчысындай эле сейрек болчу.

Бишкекте жашап, ишкананын бир бөлмөлүү батиринде небересин үйлөнткөнгө чейин үч муундун өкүлүн батырып аргасыз байырлап келген далай кишилерди өзүбүз деле көрдүк. Алар таптакыр батири жок, улам бир көчөнү кыдырып батир издеп, кээде эптеп оңдоп-түздөлгөн тоокканага деле байырлоого даяр турган башка жердештерине салыштырмалуу «жыргап» жашагандай сезилчү, анткени алар өз бөлмөсүнө өзү кожоюн эле.

Анан «жерге катталуу» (орусча «прописка») деген нерсе да жасалма кыйнаган жагдай эле. Ушул «катталуунун» айынан далай киши көрүнгөн жерге пара сунуп жүрчү. Каттоосу жок киши борбор шаарда же башка шаарда иштей алчу эмес. Ал эми айыл-кыштактар улам көбөйгөн бала-чаканын баарын батыра албай калганы түшүнүктүү.

Бул жагдайлар жергиликтүү калайыктын оторчулукка каршы маанайын акырындап күчөтө берди.

«Ашар» жана башка ага шериктеш коомдук кыймылдар жана уюмдар ушундай маанайдагы кишилердин жер тилкесин каратып алуу жана ал жерлерди мыйзамдаштыруу үчүн уюмдашып аракеттенүү түрү болду.

Жыпар Жекше.
Жыпар Жекше.

Бирин-серин кишилер да элди ойготушу мүмкүн, а бирок ушундай кубаттуу кыймыл элди жөн гана ойготпостон, бул кыймылга жигердүү катышуу мүмкүнчүлүгүн да ачып берди.

«Ашар» кыймылына өз батири барлар да катышты, анткени алардын чакан батирине айыл-кыштактан келген жакындары толуп алгандыгынан башка да бир жагдай бар эле: ал – улам эрезеге жеткен уул-кыздарын кенен-кесири жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу болчу.

Айрымдар «ашарчылар» жалаң гана кыргыздар болгон деп жаңылышат, анткени алардын арасында жер тилкесин каратып алган орус жана башка жергиликтүү улуттардын өкүлдөрү деле жүрдү. Бирок албетте, «Ашар» сыяктуу уюмдарды колдогон калайыктын басымдуу бөлүгүн кыргыздар түздү.

Ракыя Жусупова.
Ракыя Жусупова.

Эми «Ашар» козголушунун 30 жылдыгына арналган илимий жана коомдук жыйындарды күзүндө өткөрүү тууралуу сунуштар Интернеттин коомдук тармактарында байма-бай айтылууда.

Бул кыймылга жетекчи катары да, жигердүү мүчө катары да катышкан бардык замандаштарыбыз өздөрүнүн жекече байкоолору жана салымдары тууралуу Интернетте эскерүүлөрүнөн бөлүшсө сонун болор эле.

«Ашарчылар» менен «КДКчылардын» жыйыны. 21-январь, 1991-жыл.
«Ашарчылар» менен «КДКчылардын» жыйыны. 21-январь, 1991-жыл.

Айрым «ашарчылардын» көзү өттү, аларды да татыктуу эскере кетиш керек.

Пикирибизде, «Ашардын» тарыхында кандайдыр-бир салым кошкондордун бардыгы, асыресе, сүрөтчү жана коомдук ишмер Жыпар Жекше (кийин ал «Кыргызстан» демократиялык кыймылы ыдырай баштаганда, өзүнчө КДК партиясын негиздеген), журналист жана ишкер Жумагазы Усупов (Чоң Аюу), публицисттер Сапар Мурзакул, Сабыр Муканбетов, ишкер Ракыя Жусупова (биз Ракыйла дечүбүз), ишкер Жанаалы Шабдрай Зергер, педагог Адылбек Кожобаев (ал өз учурунда «Ашарды» бийлик менен элдештирүү аркылуу жер маселесин тынч чечүү усулун колдонду), коомдук ишмер Эмил Каптагаев, ж.б. замандаштарыбыз канчалык көп эскерүү жазса, ошол учурдун жалпы сүрөтүн калыбына келтириш үчүн ошончолук көп боёкко ээ болобуз.

Жанаалы Шабдрай Зергер. 20-май, 2009-жыл.
Жанаалы Шабдрай Зергер. 20-май, 2009-жыл.

Ошондо «Ашарга» жана башка жер кестирүү кыймылдарына каршы күрөшкөн далай аткаминерлер кийин демократ болушту, алардын да ымандай сырын угуу керек. Себеби «Ашар» далай эскичил коммунисттердин да көзүн ачкан, алардын бир далайы кийин партбилетин же комсомолдук билетин ыргытып, КДК сыяктуу демократиячыл кыймылдарга кошулуп кеткен.

«Ашардын» 30 жылдыгын өткөрүүдө азыркы бийликтин да аткарчу тиешелүү ролу бар. Президенттик аппаратка караштуу «Мурас» фонду да четте калбайт деп ишенебиз.

(2015-жылы дал ушул фонд башка ыктыярдуу уюмдар жана жарандар менен шериктешип, КДКнын 25 жылдыгына арналган коомдук жыйын өткөрүп, атайын жыйнак чыгарган. Президенттик аппараттын ал кездеги жооптуу кызматкери Мира Карыбаева да бул жыйынды уюштурууга чоң көмөк көрсөткөн).

«Ашар» тууралуу мурдагы КГБнын архивинен жана башка архивдердин көмүскөдө калган жыйнактарынан да фото, аудио, видео маалыматтар алуу абзел. Калайыкта ал кезде азыркыдай уюкфондор, окуяны түз эле Интернет аркылуу дүйнөгө жайылтуу мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бирок алардын кыймылын келечекте жазалоо үчүн колдонуу максатында чагылдырган кубаттуу мекемелер тымызын иштеп жатышкан.

Эгемендик доорунда, Кыргызстан демократиялуу түзүлүшкө карай улам илгерилеген сайын, өлкө өзүнүн демократиялык жолдогу күрөшкерлеринин тарыхын ого бетер даана иликтеп, алардын тарыхый салымын баркташы зарыл экендигин эч ким четке какпайт.

Ошондуктан «Ашардын» мааракеси да - кары-жашты, ар кыл саясий күчтөрдү, карапайым кишилер менен бийликтегилерди ынтымакка, бабалар баскан изди аздектеп үйрөнүүчү ашарга чакырган бир удул.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаевдин создуккан иши

Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттарынын жаңы жагдайларга байланышкан арызын кароону Жогорку сот 21-августка жылдырды.

Аталган сот процессинде адилеттүүлүк сакталып жатабы же саясий боёгу көп болдубу? Саясий шылтоосу көп сот процесстери азыркы бийликтин тушунда да уланып жатабы, дегеле Кыргызстанда сот канткенде эркин боло алат? Бул суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов, Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова жана юрист Ахунбай Кошой катышты.

“Азаттык”: Таалайгүл айым, Текебаев менен Чотоновдун Жогорку соттогу иши эмне себептен августун 21ине жылып калды? Ага эмне негиз болду, биз аны мыйзамдуу десек болобу?

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

Таалайгүл Токтакунова: Бул иш боюнча арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 23-майда кайрылганбыз, 25-майда иш Жогорку соттун отурумуна келген.

Мыйзам боюнча мындай иштер эки ай ичинде каралышы керек, жалпы талап ошондой. Дагы бир айдан узак убакытка, 21-августка жылдыруу бир дагы мыйзамда жок.

Биз “эмне үчүн жылдырып жатасыңар?” десек, “иштин көлөмү өтө чоң, бардык материалдарды кылдат карап чыгышыбыз керек” дешти. Мыйзам боюнча ошол биз арыз берген күндөн тарта эки ай ичинде алар бардык иштер менен таанышып, окуп-талдап бүтүп, чечим чыгышы керек эле. Бирок андай болгон жок. Бул көрүнүштү кыйноо, бир чети шылдыңдоо десек болот.

Биз, адвокаттар мурда жаңы кодекстердин, мыйзамдардын негизинде жаңы ачылган жагдайлар деп арыз бергенбиз. Текебаевге тиешелүү иш эки эле том, аны менен эки ай ичинде таанышып койбогондору кызык болуп жатпайбы. Убакыт жоктугуна шылташты. Текебаевди камакка алышканда эки айда тергөө жүрүп, алты айдын ичинде бардык соттук инстанциялар ишти карап, өкүм чыгарып беришкен.

“Азаттык”: Марат мырза, Жогорку сотто ишти кайра кароодо мыйзамга караганда коомдук пикирдин таасири күч деген маалыматтарды угуп калабыз. Текебаев менен Чотоновду чыгаруу үчүн айрым эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү сотко басым жасап жатат деген пикирлер айтылууда.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: Бул иште коомдук пикирдин да таасири бар. Анткени Текебаев, Жапаров жана коомдо резонанс туудурган Бишкек ЖЭБинин оңдолушу боюнча, мурдагы президент Атамбаевге байланыштуу жагдайлар ж.б. бир топ иштер коомчулуктун көз кырында.

Иштин жүрүшүнө, бүтүшүнө коомчулук күн сайын кулак салып, күтүп жатат. Бирок коомчулуктун басымы менен эле соттук териштирүүлөр болуп жатат дегенге кошулбайм. Биз мыйзамды сыйлаган, мыйзамды аткарган мамлекет куруп жатабыз.

Текебаевди камап, иш козгогондо эле мыйзамсыз болуп жатканын айтып чыккам. Сотко талаш туудурбай турган далилдер менен барыш керек. Ал үчүн тергөө жакшы иштеши керек болчу. Акчанын өзү предмет катары көрсөтүлдүбү, кайдан, качан, ким алып келген? Миллион доллар аз акча эмес да? Бардык соттук инстанцияларда ушул ж.б. суроолордун бирине да жооп, далил табылган жок.

Мен Текебаевдин жактоочусу, партиялашы эмесмин, жакындан тааныбайм. Буга чейин мен ал кишинин саясий позициясына, кадамдарына, жасаган иштерине каршы чыгып келгем. Текебаев жазган азыркы Конституциянын көп жерине каршымын, "аны өзгөртүү керек" деген позицияны карманам.

Ошентсе да “Платон менин досум, бирок чындык баарынан кымбат” деген Аристотелдин сөзүндөй, чындыкка гана таянган мыйзам иштеши керек.

“Азаттык”: Ахунбай мырза, Текебаевдин иши боюнча сот процессинин создугуп келишин жеке адамдык факторлорго байланыштуу карагандар бар. Бир кезде азыркы президент Жээнбеков менен андагы депутат Текебаевдин парламенттеги кайым айтышы себеп болуп жатат дегендер бар...

Ахунбай Кошой.
Ахунбай Кошой.

Ахунбай Кошой: Акыркы чейрек кылымда биздин соттордо укуктук аң-сезим, мыйзам так иштеген тажрыйба болбой калды. Ошондон улам сот иштерин кароодо жеке адамдык факторлор таасир бериши мүмкүн. Азыркы соттор жогорку бийликтин кабак-кашына карап турат.

Мурдагы бийлик учурунда бирөө “Ак үйдөгү Нарынбаевсиз бир дагы иштин үтүр, чекитин кое албайм” деген. Азыркы соттордо “эгер Текебаевди актап жиберсем, эртең кызматыман айрылам же кылмыш иши ачылып калбайбы” деген чочулоо бар. Жогору жакты карап элеңдеп турат. Ошондон улам соттордо укуктук аң-сезим жок, тескерисинче жеке кызыкчылыгын көздөгөн сактануу, коргонуу сезими күчтүү деп айтаар элем…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жээнбеков Атамбаевдин гана барагын окуйт

Коллаж «макала ушул сүрөттөгү саясатчыларга гана таандык» деген ойду түшүндүрбөйт.

Социалдык тармактардагы фейктер глобалдык маселеге айланып турса да, кыргыз саясатчыларынын көбү баракчаларын верификациядан өткөрө элек.

Кыргыз өкмөтү «мамлекетти санариптештиребиз» дегени менен бийлик башындагылардын өздөрүнүн Интернеттеги аккаунттары кибер чабуулдардан корголгон эмес. Кыргызстандагы «Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсү ушундай жыйынтыктарды берди.

Кыргыз саясатчыларынын Интернеттеги аккаунттарынын коопсуздугу жөнүндө «Азаттык» радиосу 2018-жылдын августунда иликтөө жүргүзгөн. Андан бери өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Инстаграмдагы» баракчасы верификациядан өтүп, расмий макамда иштей баштады, башкалардын аккаунттарында өзгөрүү жок.

Баракчаларга байкоо

Кыргыз аткаминерлери дүйнөлүк тенденциядан артта калбай, «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер» баракчаларын ачып, иштетип келатышат. «Одноклассники», «ВКонтакте» өңдүү желелерди көп колдоно беришпейт. «Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүнө караганда, кыргызстандык аткаминерлер баракчаларын расмий каттоодон өткөрүү жаатында чет элдик саясатчылардан ат чабым артта.

Адегенде эле президент Сооронбай Жээнбековдун аккаунттарына баш багалы.

Издөө функциясына мамлекет башчынын аты-жөнүн жазсаңыз, бир канча профил чыгат. Алардын кайсынысы чындап президентке таандык экенин билиш кыйын. Анткени атайын макам алынган эмес. Адатта расмий баракчалар верификациядан өтүп, көк түстөгү тырмакча менен белгилениши керек.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүнө жана журналисттик талдообуздун жыйынтыгына ылайык, мамлекет башчынын аккаунттарына төмөнкүчө тыянак чыгардык.

Социалдык тармакты пайдаланып жүргөндөр дароо эле «Жээнбековдун аккаунтун адистер гана иштетип, өзү дээрлик карабайт» деген ойго келет. Анткени ал расмий жолугушуулардагы, жыйындардагы сүрөттөр жана маалыматтар менен толтурулган. Карапайым элге жакын фото жана видеолор чанда эле кездешет. Окурмандар менен баарлашуу жок.

«Инстаграмдагы» @sooronbai_zheenbekov_official деген баракчанын аталышы гана расмий болбосо, верификациядан өткөн эмес. Чындап өлкө башчынын профили экени суроо жараткан аккаунтка 2019-жылдын июль айындагы эсеп менен алганда, 227 миң адам жазылган. Ал эми өзү болсо басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеваныкы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики деген аккаунттарды гана окуйт.

Жээнбековдун «Фейсбуктагы» баракчасына 28 миңге жакын адам катталган. Бирок анын да верификациясы жок. Коопсуздук чаралары корголгон эмес.

Дүйнө лидерлери «Твиттерде» билдирүү жасап, кай бир окуяларга пикирин ушул платформада жайылтып келаткан заманда Кыргызстандын мамлекет башчысы «Твиттерден» баракча ачууну ойлоно да элек окшойт.

Бул маселеге байланыштуу президенттин басма сөз катчысына кайрылганыбызда, «мамлекет башчынын социалдык тармактагы барактарын басма сөз кызматы жүргүзөт, верификациядан өткөрүүгө аракет кылып жатабыз» деген жооп алдык. Бир жыл мурунку жооп деле ушундай болчу.

Президенттик аппаратта иштеген, атын атагысы келбеген адис «Азаттык» радиосуна билдиргендей, бир жолу Жээнбековдун «Инстаграмдагы» баракчасына кибер чабуул уюштурулуп, адистер анын алдын алууга жетишип калган.

Президенттин баскан-турганы тартылган видеолорду, фотолорду жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев Интернетке өзүнүн профилине чыгарып турат. Журналисттик этикадан улам маалымат каражаттары ал сүрөттөрдү жарыялаш үчүн Жээнбековдун басма сөз кызматына кайрылып, уруксат сурап коюшу зарыл. Анткени президенттин жеке сүрөтчүсүнүн аккаунту да верификациядан өткөн эмес. Бирок журналисттер «Досалиевдин өзүнүн баракчасы» деген ишенимге таянып, басма сөз кызматына кайрылып отурушпайт, колго илинген сүрөттү колдоно беришет.

«Азаттык» 2018-жылы августта бийлик башындагылардын аккаунттарынын коопсуздугу жөнүндө макала жарыялагандан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Инстаграмдагы» аккаунтуна, «Фейсбуктагы» «Кыргыз өкмөтү» деген баракчага расмий макам алынган. Буга «Азаттык» себепчи болгон деп айта албайбыз, бирок ал верификация ошол макала жарыялангандан кийинки учурга дал келет.

Баракчалардын өзүнө келсек, андагы фото жана видеолордун басымдуу бөлүгү расмий жолугушууларга, жыйындарга, иш сапарларына байланышкан. Ошондуктан мындай мазмун окурманды зериктирбесе, кызыктырары күмөн. Эл менен суроо-жооп өңдүү байланыш байкалбайт.

Өкмөт башчынын «Инстаграмдагы» @.abylgaziev_official деген аккаунтуна 2019-жылдын июль айындагы эсеп менен алганда, 31 миңден ашуун адам жазылган. «Фейсбукта» премьердин ишмердигин чагылдырган «Кыргыз өкмөтү» деген баракчага көз салып отургандар 12 миңге чамалайт. Өкмөт башчынын «Инстаграмда» эки гана аккаунтка жазылган. Бири президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердигин чагылдырган, экинчиси белгисиз «kzt» деген жабык баракча.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.
«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.

Абылгазиев башка өлкөлөрдөгү саясатчылардын, премьер-министрлердин аккаунттарына катталган эмес. Сыягы, премьер-министрди чет элдик кызматташтарынын иши кызыктырбайт. Ошондуктанбы, айтор, баракчасы Канаданын, Армениянын премьер-министрлериникиндей жандуу да, кызыктуу да эмес, супсак расмий маалыматтар толтура.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков социалдык тармактарда дээрлик көрүнбөйт. «Фейсбукта» «Дастанбек Жумабеков» деген баракча бар. Бирок верификациясы жок болгондуктан, ал спикерге таандыкпы же башка бирөө ачып койгонбу, айтыш кыйын. Парламенттин жыйындарынан тартылган видеолор жүктөлүп турат. Андай видеолордун акыркысы 2019-жылдын 19-январында жарыяланган. Баракчага 1200дөн көбүрөөк киши жазылган.

Парламенттин ишин «Фейсбукта» жана «Инстаграмда» чагылдырган «Жогорку Кеңеш» деген баракчалардын да верификациясы жок.

Президенттик аппараттын да, өкмөттүн да, парламенттин да басма сөз катчыларынын аккаунттары верификациядан өткөн эмес. Алыска барбайлы, Кыргызстандын бийлигинин басма сөз катчылары бул жагынан коңшу Өзбекстандын бийлигинин басма сөз катчыларынан артта калган.

Бишкек мэриясынын баракчалары калк менен баарлашуу, маалымат таратуу жагынан кыйла жандуу. Бирок алардын да верификациясы жок.

«Желедеги» депутаттар

Парламенттеги фракция лидерлеринин деле социалдык тармактарда баракчалары бар. Көбү өзүнүн саясий ишмердигин, жасаган жумуштарын жарыялайт. Билдирүүлөрдү жасашат. Бирок верификация жок болгондуктан чын эле алардын реалдуу аккаунттарыбы же башкабы, айта албайбыз.

Интернет желеде эл менен пикир алмашып, жарандардын суроолоруна жооп бергендери саналуу эле. Алардын катарын парламенттен Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Дастан Бекешов, Жанарбек Акаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Исмаилова, Исхак Пирматов, Элвира Сурабалдиева, Жылдыз Мусабекова, Исхак Масалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров өңдүү депутаттар толуктайт. Булардын арасынан Элвира Сурабалдиеванын гана «Фейсбуктагы» аккаунту расмий каттоодон өткөн. Депутат Бакыт Төрөбаев "Инстаграмдагы" баракчасына верификация алган.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.
«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.

Бул депутаттардын бир канчасына кайрылып, «верификация алууга аракет кылып жатабыз» деген окшош жоопторду алдык.

Кыргыз дипломаттарынан Британиядагы элчи Эдил Байсалов «Твиттердеги» аккаунтун верификациядан өткөргөн. АКШдагы мурдагы элчи Кадыр Токтогулов бардык платформадагы баракчаларына расмий макам алган.

Мурдагы президенттердин да аккаунттарын издедик, бирок верификациядан өткөн профилдерин таба албадык. Экс-премьер-министрлерден Өмүрбек Бабановдун «Фейсбуктагы», Темир Сариевдин «Твиттердеги» барактарында расмий макам бар.

Тышкы иштер министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасы верификациядан өткөргөн. Башка министрликтердин жана министрлердин баракчаларынан андай белгини көрбөдүк. Саясий партиялар да баракчаларды ачып, ишмердигин Интернетте жайылтып, үгүт иштерин да жүргүзүп жатканы менен эч кимисинде верификация жок.

Чет элдик лидерлердин үлгүсү

Верификация эмне үчүн маанилүү? Бул суроого жооп берүү үчүн башка мамлекеттердеги саясатчылардын социалдык тармактагы аккаунттарына сереп салалы.

Көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери социалдык түйүндөрдү эл менен баарлашуу, жасаган иши тууралуу отчет берүү, өз саясатын жайылтуу үчүн колдонуп жүрүшөт.

Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына күн сайын бир канча билдирүү жазат. Аны журналисттер маалымат катары илип алган учурлары же эл аралык деңгээлдеги талкууларга себеп болгондору арбын.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо жасаган ишин «Инстаграмда», «Фейсбукта» фото жана видео түрүндө чыгарып, отчет беришет. Расмий сүрөт, видеолордон тышкары, көбүрөөк эл менен аралашып жүргөн учурларын жайылтышат.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян «Фейсбуктан» түз байланышка чыгып, элдин арыз-муңун угуп турат. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ да «Инстаграмда» активдүү. Баарынын баракчалары верификациядан өткөрүлүп, коопсуздугу корголгон. Алардын аккаунттарына баш баккан кишилер баракчанын ээлери чын эле ошол саясатчылар өздөрү экенин сезишет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын саясаты да социалдык тармактарда кеңири жайылтылып келатат.

Орусиянын, Индиянын өкмөт башчылары, Ирандын президенти, тышкы иштер министри жана башкалар социалдык тармактарда расмий каттоодон өткөн баракчаларды колдонушат. «Өзүнүн аккаунтубу же жасалмабы?» деп шек санабайсыз.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин "Инстаграмда" верификациядан өткөн эки аккаунту бар. Бири мекендештери үчүн өзбекче, экинчиси чет элдиктер үчүн англисче маалыматтарды, сүрөт, видеолорду жарыялап турат.

Социалдык түйүндөргө карата кенебестик мамиле казак, тажик жана түркмөн бийлик өкүлдөрүндө кездешет. Алардын расмий макам ыйгарылган баракчаларын издеп таба албадык.

Адистердин кеңеши

Кайра кыргыз саясатчыларынын аккаунттарына кайталы. Алардын социалдык желедеги баракчаларын изилдеп чыккан «Медиа өнүктүрүү борборунун» өкүлү Нуржан Мусаева өзү байкаган жагдайларды ортого салды:

Нуржан Мусаева.
Нуржан Мусаева.

«Биздин саясатчылар социалдык тармакта шайлоолордун алдында же кай бир саясий өнөктүк учурунда «жанданышат». Бирок баракчаларында верификация жок болгондуктан ишеним жаратпайт. Эгер саясатчылар социалдык тармакта кандайдыр билдирүү жасаса, журналисттер аны тастыкташ үчүн кайра сөзсүз аларга телефон чалууга туура келет. Ансыз болбойт. Эгер верификация алса, Интернеттеги билдирүүлөр расмий деп саналат да, элге таратуу да ыкчам болот. Болбосо ал фейк билдирүү катары кабыл алынышы мүмкүн. Кыргыз саясатчылары чет элдеги кызматташтары Интернетти кандай колдонуп жатканын бир сыйра карап, изилдеп чыгышса, үйрөнүшсө жакшы болмок».

Адистер маалымат күрөшү кызыган азыркы заманда саясатчыларга социалдык медиа компаниялардан расмий макам алып иш кылууга кеңеш беришет. Ал үчүн ашыкча күч коротуунун кереги жок, болгону социалдык түйүндөгү тийиштүү суроо-талап, эрежелерди аткарып, верификация алууга өтүнүч жөнөтүлүшү зарыл.

Украинанын өз алдынча медиа кеңешинин мүчөсү, эксперт Олександр Бурмагин кыргыз саясатчыларынын социалдык тармактарды колдонууга карата мамилесине таң калганын жашырган жок:

Олександр Бурмагин.
Олександр Бурмагин.

«Бул өтө маанилүү маселе. Кызмат адамынын аккаунту жөнөкөй жарандардын аккаунттарынан айырмаланып турууга тийиш. Бул алардын жоопкерчилигин арттырат, кибер чабуулдардан сактайт. Ишмердиги жана чечимдери жөнүндө маалымат каражаттарына жарыяланган макала-баяндарды күтүп отурбай, дароо социалдык желеде таратат. Башкалар алардын атынан фейк аккаунттарды ачып алган кезде да ар кандай чагымчыл маалыматтардын жайылышынын да алдын алат».

Кыргызстандагы социалдык тармакта «гүлчөтай», азыркы тил менен айтканда «фейк» өнөкөтү да кеңири жайылган. Саясатчылардын өзү жана анын кол алдында иштегендер башка ат менен желеге катталып, жагдайга көз салып, пикир билдирип отурганы жөнүндө кеп-сөздөр бар.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөрүн эске алып, талапкерлер жана партиялар социалдык тармактагы баракчаларынын коопсуздук эрежелерине көңүл буруп коюшу керек экенин белгиледи:​

«Мен үчүн өтө таң калыштуу бир нерсе бар. Кыргыз өкмөтү соңку 3-4 жылдан бери «санариптештирүүгө өтөбүз» деп төш кагыл келатат. «Ачык өкмөт», «Ачык парламент» сыяктуу демилгелерге кошулуп жатабыз. Бирок өздөрүнүн жеке аккаунттарынын коопсуздугун коргой албай туруп, андай чоң кадамдарга баруу бир жагынан күлкүлүү, бир жагынан өкүнүчтүү».

Баянды бул жерден угуңуз:

Верификацияны кенебеген кыргыз саясатчылары
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:52 0:00

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2019-жылдын июнундагы маалыматына караганда, кыргызстандыктар арасында «Инстаграмды» колдонгондор көп жана алардын дээрлик баары жаштар. Андан кийин «Одноклассники», анын артында «Фейсбук» турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Арчанын көмүрүн сактаган уста

Арчанын көмүрүн сактаган уста
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Ажыкени эмес, илим-билимди ээрчийли

Элмурат Кочкор уулу.

Куран принциптеринен эчак эле алыс кетип калган мусулманчылыгыбыздын чылбырын кээ бир түшүнүктөргө, догмаларга, табуларга тарттырып жибергенибиз өкүндүрөт.

Адатта исламдын беш парзы деп аталган келме келтирүү, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү, ажыга баруу сыяктуу жөрөлгөлөр мусулмандар үчүн эң негизги ибадат, диний жашоосундагы эң башкы түркүктөр катары сыпатталат. Бирок салттуу диний түшүнүгүбүздө буларга ашыкча катуу басым жасалып келгендиктен, исламдын принциптери ушулардан гана түзүлгөндөй түшүнүк калтырган. Бул абал дээрлик бардык мусулман чөлкөмдөрүндө окшош. Муну сынап көрүш үчүн мечитке такай каттаган, диний насааттарды такай уккан калың катмарга сурамжылоо жүргүзүү жетиштүү болот. Менин оюмча, жарымынан көбү исламдын негизги принциптери катары жогорудагыларды айтат болуш керек.

Эң кызыгы - Куранда жогорудагы ибадаттардын парз экендиги айтылат, бирок өзгөчө бул бешөө исламдын түркүгү экендиги айтылбайт. Бул беш принцип аз. пайгамбардын бир хадисинде гана айтылган. Т.а. «ислам беш негиздин үстүнө курулган. Алар - келме келтирүү, намаз окуу, орозо тутуу, зекет берүү жана ажыга баруу» деген мааниде Бухарийдин эмгегинде айтылгандыгы үчүн ушундай принцип калыптанып калган. Бирок, аз. пайгамбардын «Ислам - бул сонун адеп-ахлак» деген да хадиси бар. Т.а. исламда жашоо - сонун адеп-ахлакка ээ болуп жашоо дегенди айтып жатат. Кызыгы, бул принцип да хадисте айтылганына карабастан исламдын негизги түркүктөрүнүн бири катары бааланган эмес. Дагы да кызыгы - мындай олуттуу принциптин исламдын эң негизги булагы болгон Куранга түздөн-түз таяндырылбаганында.

Хадистен мындай тыянак чыгаруу - бул биздин чабалдык. Аз. пайгамбардын методологиясына кыскача токтолук кетүү туура болчудай. Алсак, аз. пайгамбардын «Силердин эң пайдалууңар - Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр», «Силердин эң пайдалууңар - аялдарыңарга жакшы мамиледе болгонуңар», «Силердин эң пайдалууңар - коңшулары менен жакшы мамиледе болгонуңар» сыяктуу бир топ хадистери бар. Түз логика менен түшүнгөнгө аракет кыла турган болсок бул амалдардын ичинен бирөө гана эң пазилеттүү болуп тандалышы керек эле. Бирок бул жерде аз. пайгамбар буларды кимдерге, кайсыл убакта айтып жаткандыгын аңдасак, маселе толугу менен түшүнүктүү болот. Т.а. Куран жаттаган окуучуларга барып «... Куранды үйрөнгөндөр жана аны башкаларга үйрөткөндөр», үй-бүлөдө аялдын статусу толук сакталбаган жерде «... аялдарыңарга жакшы мамиледе болгонуңар», ал эми коңшу-колоң менен ынтымак кете баштаган жерде «.. коңшулары менен жакшы мамиледе болгонуңар» деп айтуусу толугу менен мыйзам ченемдүү, Курандын логикасына туура келген көрүнүш. Булардын баарынан бир эле сабак чыгаруу мүмкүн - дурус адам болуу! Айтайын дегеним, исламдын беш шарты деп түшүнүлүп келген жогорудагы хадис деле кудум ушундай эле логика менен, тийиштүү ибадаттарга жетиштүү маани берилбеген кишилерге карата айтылган хадис болушу толук ыктымал. Демек, бул жерден бир хадисти ала калып, Курандын алдына өткөрүп дароо исламдын шарты катары белгилөөгө күчтүү негиз жок.

Билимдүү, ой жүгүртүүсү кенен, дүйнө таанымы кең кишиге бул көрүнүш бир аз өөн учураса керек. Бир жагынан абсолюттуу даанышман, 18 миң ааламды инсан үчүн жараткан, адамга башка эч бир жандыкка берилбеген акылды берген Кудайдын атынан сөз кылынат. Экинчи тараптан бул Кудайдын буюрган дининин эң негизги принциптери -зекет берүүдөн башкасы - баары жекелик мааниге ээ буйруктар экендиги айтылат. Эмне үчүн абсолюттуу боорукер, даанышман Жараткан билимдүү болуу, адептүү болуу, адамдарга жардам берүү сыяктуу коомдук мааниге эмес, көбүнчө жекелик мааниге ээ болгон буйруктарды диндин негизги принциби катары белгиледи экен?

Мусулман дүйнөсүнүн көбүндө мынтип ой жүгүртүү ал кишиге аябай күтүлбөгөн, бир тараптан аянычтуу, бир тараптан күлкүлүү, кээде коркунучтуу жагдайларды жаратып калды. Аныгында мындай суроолорду берүү толугу менен туура жана орундуу. Ал тургай мындай аналитикалык суроолорду бере билүү Курандын жалпы логикасына да туура келет. Алсак, Куранда Ибрагим пайгамбар тууралуу 80ге жакын жерде, ал эми Муса пайгамбар тууралуу 110го жакын жерде сөз кылынат. Башка пайгамбарларга караганда бул эки пайгамбар тууралуу Куранда көп сөз кылынып калышынын себеби - бул эки пайгамбардын бир орток өзгөчөлүгүнөн улам. Ал - аналитикалык ой жүгүртө билүү өзгөчөлүгү болгон. Т.а. бул эки пайгамбар диндин табиятын туура түшүнүүгө, анын табиятын талдоого, майда электен өткөрүүгө аракет кылышкан. Курандагы бул чындыктан улам азыркы күндө «динде акылга, аналитикага орун жок, көп ойлонсоң адашасың, философия каапырдыкка алып барат» деген аң-сезимдеги мусулман бир туугандарды Курандагы максат катары сыпатталган, макталган аң-сезимге ылайыкташууга чакырам. Куран принциптеринен эчак эле алыс кетип калган мусулманчылыгыбыздын чылбырын кээ бир түшүнүктөргө, догмаларга, табуларга тарттырып жибергенибиз өкүндүрөт. Алгачкы буйругу «Оку!» деп башталган китептин өтө аз окулуп жатышы маселенин өзөгүн таамай көрсөтүп турган сыяктанат.

Кетирилген ката

Тилекке каршы, учурдагы мусулман дүйнөсүндөгү көпчүлүктүн диний аң-сезими, дүйнө таанымы Курандын жогорудагы принцибине туура келбей калды. Бул үчүн калың катмарды эмес, тарыхтан ушул күнгө чейин уланып келген аты башка, бирок заты бирдей, аларга кожо сөрөй болуп көрүнүп, аларга жол көрсөтүмүш болуп келгендерди айыптагым, сындагым, жоопко тарткым келет. Алар тарыхта калды, өлдү. Аларды кантип жоопко тартмак элек? Муну алар калтырып кеткен диний «маданиятты» дароо эле туура деп эсептеп албастан, аны суракка алуу, сынчыл көз караш менен электен өткөрүү аркылуу жүзөгө ашыруу мүмкүн.

Эркин ой жүгүртүп, ар бир адамдын адашып калышы мүмкүн экендигин, ошол себептүү бирөөнүн эмес, ар кимибиз өзүбүздүн акылыбызга ишенишибиз керек экенин айта калсам эле дароо «...алар аалым болгон, алар ошол Куранга карап сүйлөшөт, алар түшүнөт, биз түшүнө албайбыз...» деген сыяктуу, мусулманды накта капканга жетелеген нерселерди айта калышат. Тарыхтагы аалым деп аталып калган, учурдун молдокелери сагындырбай эмгектерине шилтеме жасап турган кишилер аныгында кимдер? Аалым деп кимди айтабыз өзү? Бардык мусулмандар тарабынан орток кабыл алынган «аалым» критерийлери барбы, болсо алар эмнелер? Биздин кыялыбыздагы тарыхтан азыркы күнгө чейин жашап өткөн, жашап жаткан «аалымдардын» баары бирдей китеп окуп, бирдей илим казып, бирдей ой жүгүртөбү? Албетте, жок. Анда алардын баарын аалым деп атоо, туураны көрөт жана айтат деп ишенүү канчалык илимий этикага туура келет? Алыс барбайлы. Учурда өлкөбүздө Чубак Жалилов, Абдышүкүр Нарматов, Максат Токтомушевдер үчүн жогорудагы кепилдиктерди ким бере алат? Мен бул агаларыбызды жамандагым келбейт. Бирок алар деле кадимки жана бири-биринен айырмаланган, ар кандай деңгээлге, түрдүү ой-пикирге ээ, ой жүгүртүүсү бар, пендечилик кылып адашып калышы мүмкүн болгон кадимки адам экенин аларды дээрлик пайгамбарга теңеген бурадарларга дагы бир жолу эскертким келет.

Тыянак

Демек максат - ажыкени, молдону эмес, илимди, билимди ээрчүүдө! Биз өз колубуз менен догмалаштырган, мифтештирген түшүнүктөргө келечегибизди кош колдоп көздү жуумп туруп салып берээрден мурда, жогорудагы суроолор жөнүндө терең ой жүгүртөлү, изденели.

Муну менен исламдын бул беш парзына каршы сүйлөгөн жерим жок. Бирок буларга өтө катуу басым жасоо менен андан да маанилүү принциптердин көлөкөдө калып кетип жатканы өкүндүрөт. Алсак, Курандын эң алгачкы буйругу болгон «Оку!» буйругунун бүгүн мусулман коомчулугунун жашоосундагы орду канчалык? Өтө аз, анткени «ал исламдын негизги беш буйругунан эмес» деген түшүнүк калыптанып калган. Бул парзды толук аткара албагандыгыбыздан улам караңгылыкка кептелдик. Ал эми караңгылык - балдык жамандыкты ээрчитип келе турган өзгөчөлүккө ээ.

Бүгүн канча мусулман, өзгөчө диний лидер катары таанылып калган кишилер «Эл эмне дейт?» деп кызыкчылыктары менен соодалашпастан туруп, акыйкат үчүн туура нерсени айтып коё алганга кудурети жетеби, биле албадым. «Намаз окугандан мурун китеп оку! Анткени эң негизги буйрук мына ушул!» деп өзгөчө диний жол башчы катары таанылып калган кишилер тарс этип айта салганы деле туура болчудай. Туура эмес багыттан канчалык эрте кайтып калсак, ошончолук пайда. Чындыгында билим алмайын, дүйнө тааным кеңеймейин, туура ой жүгүртүүнү үйрөнмөйүн намаз окуу, Куран окуу, ажыга баруу, кыскасы мусулман болуу пайда бербей калат. Тескерисинче, мындай өңүттөгү адамдардын жүрүм-турумунан улам далай адамдардын ислам тууралуу ой-пикири булганып бүттү. Так ушуга окшогон көрүнүштөрдү шылтоолоп бизге багытталган оор жоготууларга, каралоо өнөктүгүнө Чолпонбайчасынан көкүрөк керип туруп бергенге эле жарап калбадыкпы?

Жалпы мусулман ааламынын Куран принциптеринен чындыгында оолактап кеткени чындык. Эң оор жаралар мына ушул шалаакылыгыбыздан келип жатат. Алсак, Куранда (Кудай) акылын колдонбогон коомду азапка, шермендечиликке кириптер кылаары айтылат (Юнус сүрөөсү, 100-аят). Ушу тапта бир топ өлкө акылдуулук менен кадам таштабай келет; илим-билимге маани бербейт, маданият, технология, медицина сыяктуу аба-суудай зарыл болгон багыттарга инвестиция кылбайт, күнүмдүгүн ойлойт, өндүрүүчү эмес, керектөөчү бойдон калууну тандайт - кыскасы ушул сыяктуу адамзаттын көчүн алга тарткан эмес, ага жүк болгон маңызда жашап келет. Мына ушундай өлкөлөрдө Кудайдын жогорудагы өкүмү ишке ашып жатат деп айтууга толук негиз бар. Муну көрбөй коюш үчүн көөдөнү кошо көр болуш керек.

Өзгөрүүнү баары каалайт, бирок эч ким өзгөргөндү каалабайт, адамдын табияты балким ушундай. Бирок «Бала ыйлабаса эмчек кайда» дегендей сүйүктүү пенде болуштун да белгилүү тапшырмалары болору табигый көрүнүш. Кыскасы бекерге бейиш жок. Ошон үчүн алыс барбай өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Өзгөчө диний багытта элге аты таанылып, тили өтүп калган ага-инилерибиз, исламдын эң негизги буйругу катары окууга, билим алууга, караңгылыктан алыстоого үгүттөөгө милдеттүү.

Молдокелерибизди дагы да билимдүү, гумандуу болууга чакырат элем. Алар деле бир топ маселеде жакшы эле иш алып барышат, жаман эмес, жакшы болсун деп аракеттенишет. Бирок билимсиздиктен улам кээде жакшы менен жаманды айырмалай албай калуу толук ыктымал эмеспи! Адатта мечиттерде айтылган диний насааттарда илим деңгээлин өстүргөн, дүйнө таанымды кеңейткен, айдың мусулман жаратууга кызмат кылган Куран негиздүү принциптер өтө аз айтылат. Ал эми адамдын эркиндигин чектеген, инсандыгын өлтүргөн, тозокко түшүрө турган майда-чүйдө жөрөлгөлөр аркылуу коркуткан нерселер көп айтылат. Куран аяттары тууралуу айтылганда да дал ошол өзү араң жашап жаткан мусулманды коркуткан жерлери көп айтылат. Куранга негизделген дин тууралуу сөз болуп жатканда Куран аяттарынан «аалымдардын», шейхтердин сөздөрү, өтмүш доордогу тиешелүү идеологияга, саясатка кызмат кылган эмгектери тууралуу эселеп көп кеп кылынып калып жатканы өкүндүрөт.

Аракет бизден, ийгилик Кудайдан!

Элмурат Кочкор уулу

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Генералдын табышмактуу из жашырышы

Бусурманкул Табалдиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгышына катышы бар мурдагы жетекчилердин катарын УКМКын мурдагы төрагасы, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиев толуктады.

Ички иштер министрлиги Батукаевдин ишине байланыштуу Табалдиев кайда экени аныкталбаганы үчүн ага издөө жарыяланганын кабарлады.

Айрым маалымат каражаттары "Бусурманкул Табалдиев Түркияга чыгып кетиши мүмкүн" деп жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты Табалдиевдин жакындары ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Өткөн айдын башында "Азаттык" Батукаевдин иши боюнча Табалдиев менен байланышканда ооруканада жатканын айтуу менен гана чектелген.

Бирок бир нече жыл жалаң жооптуу кызматтарды аркалаган генералдын тергөөдөн из жашырганы көптөгөн суроолорго жем таштады.

Коомчулукту биринчи кезекте Табалдиевдин бул ишке канчалык тиешеси бар жана анын тергөөдөн из жашырышына эмне себеп болду деген суроо кызыктырууда.

Тергөө органдары азырынча УКМКнын мурдагы башчысы бул иште кандай статус менен өтүп жатканын айта элек.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Табалдиевдин өз эрки менен тергөөдөн качып жүргөнүнө ишенбейт:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Чынын айтсам, абдан таң калып жатам. Мен ал кишини жакшы билем. Абийирдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары таанычумун. Мисалы, ошол эле Өмүрбек Текебаевге маңзат салып коюшкан "Матрешка гейт" боюнча иште өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Ошондуктан, балким ал тергөөдөн жашырбай эле, кайсы бир убакыттын өтүшүн күтүп жатса керек. Азыркы камоолордун толкуну аяктап, эмоциялар бүткөн соң көрсөтмө берет деген ойдомун".

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев бул маселеде тергөө органдарынын жоопкерчилигине токтолду:

"Бир чети коррупция дейбиз, экинчи жагынан тааныш-билиштиктин фактору. Анын үстүнө мурда жогорку кызматты ээлеген адамга маалымат берип койсо керек. Бул жагынан бир нече маселени ачыкка чыгарат".

Ошол эле кезде Табалдиевдин тергөөдөн из жашырганын Батукаевдин иши боюнча маанилүү көрсөтмөнү жаап-жашыруу аракети катары баалагандар да жок эмес.

Анткени, бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, экс-президенттик макамды алуудагы жүйөлөрдүн бири болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул иште Атамбаевдин аты аталганы көп нерсени аныктайт деген пикирде:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Кримтөбөлдүн өлкөдөн жөн эле чыгып кетиши мүмкүн эмес. Албетте, Атамбаев ага буйрук берди деп айта албайм. Бирок кабары болсо керек. Акыркы жагдайлар ушул маселенин айланасында өнүгүп жатат окшойт".

Азырынча Табалдиевдин өлкөдөн чыкканы же чыкпаганы деле белгисиз. Бул боюнча Чек ара кызматы так маалымат бере элек. Бирок Кыргызстанда мамлекеттик органдардын "чек арадан өтө элек" деп маалымат бергенден кийин калпы чыккан учурлар да болгон.

Маселен, өткөн жылы мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевди тиешелүү органдар Кыргызстанда экенин айтып келишкени менен бир ай өтпөй саясатчынын дарыяны кечип, Тажикстан аркылуу АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

Негизи Кыргызстанда кайсы бир иш боюнча айып тагылып же шек жаралган учурда өлкөдөн чыгып кеткен учурлар көп эле кездешет.

Акыркы жылдары президенттик шайлоодо экинчи болгон, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиев, Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасы Эрнис Чоткараев сыяктуу адамдар өлкөдөн чыгып кеткен.

Акыркы учурда экс-президенттик макамынан ажыраган Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деген маалыматтар көп айтыла баштады.

Мындай жоромолду 15-июлда Атамбаевдин жеке иштери боюнча эки-үч күнгө четке чыгып келиши мүмкүн экенин айтканы күчөткөндөй болду.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева "мурдагы президент жакынкы күндөрү четке чыгабы?" деген суроону комментарийсиз калтырды.

Бир топ оор кылмыштарды жасаган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Андан көп узабай Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Анын алкагында мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, экс-баш прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева баш болгон бир нече адамга айып тагылган. Булардын ичинен Аида Салянова жана Онкология борборунун эки дарыгери камакта болсо, калгандары үч камагына чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Өзбекстан: аэропортто айтылган даават

Чет өлкөгө кетип жаткан мигранттарга баян окуп жаткан имам.

Өзбекстандын Наманган шаарынын аэропортунда молдолор Орусияга бараткан мигранттарга акыл айтып узатат. "Фейсбукта" тараган тасмада имам үй-жайынан алыстап бараткандарга ар кандай азгырыктан алыс болуп, түгөйүнүн көзүнө чөп салбоого чакырганын көрүүгө болот.

Наманган шаарынын аэропортунун күтүү залында алыска сапарга аттанып жаткан жүргүнчүлөр учакка күтүү залында жергиликтүү молдонун дааватына кулак салып отурушат.

"Ушул тапта чет жактарга иштегендердин көбү Интернет аркылуу ар кандай адамдардын таасирине кабылып, болбогон акчага өз динин сатып жатат. Мусулман баласына бул жарашпайт. Эгер мусулман бала кезинен Аллахка болгон сүйүүсүн билдирсе, ал өмүрүнүн аягына чейин ушул нерсени карманышы керек", - дейт имам.

Четке чыгып бараткан мекендештерине «мусулманга кайда болбосун өз мекенин, улутун сатууга жана аялынын көзүнө чөп салууга болбосун» эскертет.

«Азаттыктын» өзбек кызматына «Намангандын» аэропортунун өкүлү молдолор атайын мамлекеттик программанын негизинде жүргүнчүлөргө насаат айтарын бышыктады:

"Аэропортко кирип, жүргүнчүлөрдүн алдында туруп сүйлөгөнгө ар кимге эле уруксат берилбейт. Ал үчүн бир нече мамлекеттик мекемелерден уруксат алуу керек. Даават Орусияга чыгып жаткандар үчүн атайын Дин комитети иштеп чыккан мамлекеттик программанын негизинде айтылат. Жүргүнчүлөрдүн баарын көчөдөн чогултууга мүмкүн эмес. Ошондуктан аларды күтүү залында топтоп, кеп-кеңеш айтылып жатат".

Аэропорттун кызматкери мигранттарга дааватты Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгы айтып жатканын кошумчалады.

«Наманган» аэропорту эл аралык макамды 2013-жылы алган. Расмий маалыматтарга караганда аэробекеттен саатына 200гө жакын жүргүнчү өтөт.

Бул аба майданынан каттамдар Ташкенттен сырткары мигранттар көп каттаган Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирскиге каттайт.

Соңку кезде коңшу өлкөнүн бийлиги мигранттар арасында диний терроризмге каршы пропаганданы күчөттү.

Буга чейин «Азаттыктын» өзбек кызматы молдолордун тобу Орусиянын Свердлов облусунда иштеген мигранттарга жолугуп, акыл-насаат айтып келгенин кабарлаган. Алар Екатеринбург, Санкт-Петербург, Москва, Нижний Игил жана Орусиянын башка аймактарына да барышкан.

Адистер Орусияда Борбор Азиядан келген мигранттар «Ислам мамлекети» сыяктуу террордук уюмдарга азгырылып, Сирия жана Ирактагы согуш майданына бет алганын белгилешет. Расмий маалымат боюнча согуш талаасында жүргөн өзбекстандыктардын саны 3 миңге жакын. 30-майда өзбек бийлиги согуш жүрүп жаткан өлкөлөргө кеткен 156 жаранын мекенине алып келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаевдин иши августка калды

Текебаевдин иши августка калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

«Зайырбекмин, закымдардан адашкан...»

Зайырбек Ажыматов.

Зайырбек Ажыматовдун буга чейин үч ыр китеби чыккан. Ушу тапта төртүнчүсүн чыгаруунун камылгасын көрүп жүрөт.

Чыгармачылыкка өзгөчө катаал мамиле жасаган, буга чейинки жараткандарын жаратпай, нукура көркөм сөз камылгасында жүргөн таланттуу акын. Саратанда акындын окурмандары менен жолугушуусу өттү.

"Кайберен ырдын" түйшүгү

«Коркуп турам калемимди алуудан,
Коркуп турам келген сапты жазуудан.
Ойноок кезде оңой көрүп өзүңдү,
Оо, ыр дүйнө сага бекер кабылгам».

Ырдын соңунда акын дагы бир сырын алдыга жаят:

«Оо, ыр дүйнө, кайберен ыр кубам деп,
Кожожаштай турам бүгүн аскада...»

Акын болуу, поэзиянын сыйкыр дүйнөсүн өз алдынча ачуу оголе татаал, опурталдуу жол экенин мындан артык туюнтуш кыйын го. Мурда жазгандарын жактырбай, өзүн-өзү сындап, убакты-саатын кагаз менен каламга байлап, башын билинбеген оор түйшүккө салып алган акындар саналуу эле.

Чыгармачылыкка карата катаал мамилесин Зайырбек Ажыматов баш калаабыздагы Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана окурмандары менен жолугушуусунда жашырбай ортого салды.

"Бир жылдан бери кайра-кайра карап эле коюп коем дагы бир карайын деп. Себеп дегенде, буга чейин чыккан китептеримди жаштыктын деми менен чыгарып ийипмин. Андан кийин катасын көрүп калып, аны кай жерден жок кылышты билбей калат экенсиң. Бул поэзия кечесин Асан агай (Жакшылыков) өткөрбөйсүңбү дегенде коркуп, моюн толгоп жатып акыры макул болдум. Балдарыма, келинчегиме да айткан жокмун. Поэзия кечеси күтүлбөгөн жерден болгону жакшы деп ойлойм. Китеп жөнүндө Аида (Эгембердиева) “бир муундун өкүлүбүз” деп айтып калды. Буга чейинки чыккан китептеримди таанымал акындардын бирине да берген эмесмин. “Бул китеп эмес” деп ыргытып ийсе эмне болом деп жалтактадым. Дагы деле бийик деңгээлге качан жетем, качан ошолорго уялбай барып “мына мен китеп чыгардым, окуп коёсузбу” деп бере албамбы дейм. Жана Аида айтып кеткендей, биз башаламан, ашмалтай, калыптанышыбызга, адабий билим алышыбызга шарты жок мезгилге туш болуп калдык. Ошондуктан көпчүлүгүбүздө өзүбүзгө болгон ишеним азыраак болуп калды".

Адабий кечеде Зайырбек Ажыматов ыр сүйүүчүлөр жыйынына акындын жакындарын, урук-туугандарын топуратып толтуруп алуунун кажети жок экенин белгиледи.

Ыр кечеге акындын чыгармачылыгына калыс баа бере турган, поэзияны түшүнгөн, талабы бийик окурман келиши керек. Мурдагы заманда, өзгөчө азыркы учурда ыр жазгандардын катары аябай калыңдап кетпедиби.

Самандай сапырылган чоң кырмандан чыныгы ырдын кызылын иргеп алуу кыйын. Анын үстүнө көпчүлүк калемгерлерге ыр жаратуу тек гана күнүмдүк эрмек, көпчүлүк алдында кез-кез көрүнүп туруунун ыктуу жолуна айланып калган.

Алардын жазгандары Эл акыны Омор Султанов таамай белгилеген “совхоздун ак койлорундай” бири-бирине аябай окшош, жазмакердин колунан кансыз-сөлү жок түшүп, мезгил бүктөмүндө унутулуп кала берет.

Окшоштуктан качуу

Башаламан кезде адабиятка келгенин айтуудан тажабаган Зайырбек Ажыматовдун мууну ошол эле Омор Султанов айткан “совхоздун ак койлору” элге таратылып, социализм деген эңгезер коом урагандан кийин келди. Алар идеологиялык басым-кысым эмне экенин билбей калды. Акындын жазганынан кадалып ката издеген цензура жок, сөз эркиндигине кенен жол ачылган чакта адабиятка киришти. Макталган социализм заманында күргүштөтүп китеп чыгармай, олчойгон калем акы алмай деген чыгармачыл адамды азгырып турчу бийликтин “таттуу токочу” болоор эле. Улут адабиятынын жаңы мууну “өз киндигин” өзү кесип, өкмөт жасап берет, мамлекет шарт түзүшү зарыл деп отурбай, нукура улуттук баалуулуктарды баарынан жогору койгон көркөм сөз өнөрүн алдыга сүрөп чыкты. Бул муундун энчисине окурманды өзүнө тартуу, тапкан акчасына китеп чыгаруу абыгерчилиги тийди.

Буга чейин жаңы кыргыз поэзиясынын саналуу авторлорунун алдында турган Зайырбек Ажыматовдун үч китеби чыккан. “Жалгыздык” деген тун китеби 1996-жылы жарык көргөн. Тогуз жылдан кийин экинчиси “Мелмил” деген ат менен, анан 2011-жылы айтылуу “Нөлү көп жылдар” чыгып, улуттук поэзиябыздын абалы буга чейин айтып келаткандай, абыдан эле начар эместигин, жаңы доордун карама-каршылыктуу дүйнөсү өз деңгээлинде чагылдырылып жатканын ырастады.

Зайырбек Ажыматов жаш акын деген сыйкы сыпаттамадан эртерээк суурулуп чыгып, активдеги авторлордун катарына ыкчам кошулду.

Зайырбек Ажыматовдун жеке чыгармачыгында “Нөлү көп жылдар” деген көп маанилүү, ар кыл ыңгайда талдоого турган керемет бир ыры бар. Оболу ошону толугу менен келтирип, анан жогортон келаткан кепти улантсак. Мынакей ал ыр:

Акыл - нөл, жан дүйнө - нөл, санаам да нөл,
Сүйүү – нөл, досчулук – нөл, адам да нөл.
Жылдар – нөл, өсүү болбой тегеренген,
Ырлар - нөл, окурман – нөл, заман да нөл.

Пикет –нөл, митингдер – нөл, жалган баары,
Эл толкуду эки ирет, пайда албады.
Унаасынын номерин нөлдөн баштайт,
Президент – нөл, нөл демек калгандары.

Башым- нөл, билимим – нөл, уят кылат,
Боштуктар бирин бири улап турат.
Чөнтөк – нөл, аянычтуу андан дагы,
Намыс –нөл, тилеттирет, сураттырат.

Ишим - нөл, барым-жогум билинбеген,
Изим - нөл, таамай болуп чийилбеген.
Көңүл – нөл... ал чынында эч нерсе эмес,
Үмүт – нөл, дилгирлик жок дирилдеген.

Доор – нөл, зар-муңуңду кенебеген,
Биз – нөлбүз, ага минтип тебеленген.
Лөлүгө айландырды түптүү элди,
Нөлү көп жылдар сыртта тегеренген...

Социализмден базар экономикасына кайрылып келген Кыргызстандын ушу таптагы абалы кандайлыгын мындан артык, мындан таасирдүү, мындан ачык айтып берген авторду табыш кыйын.

Өз алдынчалыкка ээ болгондон берки кыйынчылыктар менен азап-тозокторду аркыл формада, негизинен публицистикалык ыңгайда катаал сынга алып, кемчилибизди жашырбай жарыя кылган чыгармалар улут адабиятыбызда бир топ эле. Андагы айтылгандар менен баяндалгандардын баары туура.

Жаңы кылымды эндекей тосуп, ар жерден ачылып калган жыртыктарыбызды тарыхтын араан шамалы жойлоп, айлабызды кетирип турган чакты баяндаган чыгарма. Бир сөз менен айтканда, “Нөлү көп жылдар” - кылым тогошкон чакта көнүмүштөн чыгып, жаңыга ыңгайлашуу түйшүгүн башынан кечирип аткан коомдун арыз-арманы. Мурдагы социализм жок, жаңы коом толук орун-очок ала элек, ар ким өз арбайын соккон башаламан заманга карата акындын баасы.

Боорукер кемпирдин небереси

Зайырбек Ажыматов жеке тагдырын ырга салып, аны поэтикалык тагдырга айланткан акын. Каргадай бала кезинде атасынан ажырап, таянесинин колунда өсүп, ошондон аялзатына карата сый-урматы өзгөчө. Ыр сүйүүчүлөргө акын апасына арналган ырын окуду.

-Эх, апаке, апакем ай, апам ай!

Эмгегиңе татыр эмгек жасабай.

Тентип жүрөм, жарык издеп, ыр издеп,

Тек гана бир жөн адамдай жашабай.

Тири шумдук кездер коштоп ыргагын,

Тирүүлүгүм азабым да, жыргалым.

Баарын сизге айтып туруп апаке,

Шолоктоп бир келет анан ыйлагым.

Ыйламакмын кур намыска кыйылбай,

Ыйламакмын алкымыма муунбай.

Бирок ал ый болбойт, апа, тек гана,

Бала кезде ыйлап жүргөн ыйымдай.

Болот анда сагыныч да, бук дагы,

Болот анда сиз билбеген бүт баары.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Атакемдин бул өмүрдөн учканы.

Ал көз жашым, боз тумандуу күндөрүм,

Ал көз жашым, дос туугандан күйгөнүм.

Агып турмак ар бир тамчы жаш менен,

Айтылбаган арман муңу дүйнөнүн.

Ошол ыйга көөдөн тиреп жашаган,

Жан сыздатпас сизден бөлөк жат адам.

Бардык муңум, бардык бугум арылмак,

Бала кездей сооротсоңуз эх анан.

Кийинки жылдары улут адабиятынын азыноолок жанданып, автор менен окурмандардын жолугушуулары салтка айланып баратат. Интернет заманында мындай жолугушуулар социалдык тармак аркылуу да улантылып, кимдин кандай чыгарма жазганы сыясы кургай электе окурмандын сынына коюлууда. Бирок да нукура акындын поэзия суйүүчүлөр менен жолугушуусу, апыртпай айтканда деле, маданий окуя.

“Зайырбекмин, ысымы бар өзү жок, закымдарды кууп жүрүп адашкан” дейт акын. Жаштык менен шарапка мас жылдар артта калып, акын ушу тапта заман, коом, улут тагдыры тууралу ой калчап, лирикалык изденүүнүн жаңы тепкичине чыгууда.

Зайырбек Ажыматовдун ыр майрамына келген Роза Айтматова, доорубуздун залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы, ушу тапта атасы тууралуу китеп жазып, ал жакында чыгарын айтып, акынга ыраазылык билдирди:

"Атам жөнүндө апам, карындаштары көп айтчу эле. Анан ошолордун айтуусу боюнча өз атамды идеал тутам. Ошондон кара сөз түрүндө жаздым. Ойлоп атам акын болсом Зайырбекке окшоп сонун ыр жазмакмын".

Ал эми Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова каламдашынын ийгилигине кубанып, Зайырбек Ажыматов чыгармачылыкка өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле жасарын белгиледи:

Гүлсайра Момунова.
Гүлсайра Момунова.

"Мунун өзү поэзиядагы жоопкерчилик, өзүнө катуу талап коё билгендиги ырларынан көрүнүп турат. Окуган ар бир ыры кандай таамай, курч. Таасын айтылган. Адамдын мүнөзү кандай болсо анысы чыгармасында чагылдырылат. Өзү эржүрөк, кыргыздын патриот азаматтарынан экени ырларынан көрүнүп турат. Айткан ойлорунан сезилип турат. “Кул болбо, эр Манастын тукумдары!” деген саптары эмне деген пафоско чулганган! Поэтикалык табылга деген ушул, аны асмандан издештин кажаты жок. Аны акын жан дүйнөсүнөн, жүрөгүнөн алып чыгат".

Зайырбек Ажыматов ушу тапта чыгармачылык баралына келип турган учуру. Кыргызстан бир доордон экинчисине, бир замандан башкасына өтүп аткан чакта улут адабиятынын көркөм салтын улап, жаңы доорду ырга салган акындардын бири. Аны менен чогуу келген жаңы доордун акындары ыр кечелерин уюштуруп, китептерин чыгарып, социалдык тармак аркылуу окурмандары менен “түз байланышка” чыгып, карама-каршылыктуу замандын көөнөрбөс көркөм сүрөтүн алдыга тартууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ысык-Көлдү көргүсү келген үч аял

Ысык-Көлдү көргүсү келген үч аял
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону жылдырды

Текебаевдин иши августка калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Жогорку сотто "Ата Мекен" фракциясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши каралбай калды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, соттук коллегия жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Аталган партиянын айрым мүчөлөрү Текебаевдин ишинин бир жаңсыл болбой жатышын бийликтен көрүүдө.

16-июлга белгиленген соттук отурумга Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары гана киргизилип, журналисттер менен камакта жаткан саясатчылардын айрым тарапкерлери сыртта турду.

Соттук жараяндан чыккан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов соттук коллегия ишти кароону 21-августка жылдырганын айтып, бул чечимге нааразы болду. Ал соттордо Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши менен таанышып чыгууга жетиштүү убакыт болгон деп эсептейт.

Анткен менен «Ата Мекен» фракциясынын дагы бир депутаты Каныбек Иманалиев соттун бул чечимин негиздүү деп эсептейт.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Менин пикиримде, дагы убакыт керек. Анткени иш көлөмдүү, жаңы фактылар, жаңы жагдайлар пайда болду. Андан тышкары жайында судьялардын көбү эмгек эргүүгө кетет. Алардын бүгүн келтирген жүйөлөрүндө негиз бар болуш керек».

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага апрель айында кайрылган.

Мунун алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин айткан.

2018-жылы да «Ата Мекен» партиясынын юристтери ишти ушундай эле негизде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Бул жолу башкы көзөмөл органы «иште жаңы жагдайлар бар» деп тапкандан кийин, Текебаевдин жактоочулары 23-майда ишти кайра кароо өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна, кийин 25-майда Жогорку сотко кайрылган.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева Текебаевдин ишинин бир жаңсыл болбой жатышын бийликтен көрдү.

«Иштин бүтпөй жатышынын негизиги себеби Текебаевди түрмөдөн чыгарбоо аракети болуп жатат. Анткени ал саясатта орду чоң киши. Учурдагы бийлик аны саясий атаандаш катары көрөт. Ошондуктан чыгарбай жатат».

Саясат талдоочулар Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону акыркы мүмкүнчүлүктөрдүн бири катары баалап жатышат.

Анткени жыл башында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Андан соң 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана Чотоновдун ишин 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Саясат талдоочу Турат Акимов Текебаев абактан чыкса, Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуй турганын айтып жатат.​

«Текебаевди чыгарып жиберсе, ага өкүм чыгарган сотторду да «тазалаш» керек болуп калат. «Текебаев таза экен» деп чыгарып жиберген менен Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, ишти иликтеген тергөөчүлөр жөн эле жүрө береби? Текебаев аларды да камаш керек деген талап коёт. Мунун баары чоң күрөшкө айланат. Анын жыйынтыгында мурдагы президенттин тушунда иштегендер ал тарапка ооп, күрөш курчуйт».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Текебаевдин ишинин 21-августка жылышы жана анын айланасындагы жагдайлар боюнча пикири менен бөлүштү.​

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Эгерде кандайдыр бир бүдөмүк иштер болсо, соттук отурумдар арты-артынан эле өтмөк. Азыр ишти 21-августка жылдырып коюшканы Текебаевди түрмөдө кармоого эч кандай негиз жок экенин көрсөтүп турат».

Текебаевдин жактоочулары сотко ишти беш жаңы жагдай боюнча кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Алар «Текебаевдин ишиндеги негизге күбө Леонид Маевский сотто жалган көрсөтмө берген» деп эсептешет.

Ага далил катары Маевскийдин «Текебаев менен Жогорку Кеңештин имаратында, кийин "Супара" этнокомплексинде жолукканы тууралуу көрсөтмөсү» жалган деп жатышат. Андан тышкары жолугушууда Чотоновдун да болгону боюнча көрсөтмөсүнөн шек санашууда.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова ал учурда Чотонов Ошто жүргөнүн айтып жатат. Алар Маевский ошол учурда Бишкекке келгенинен да күмөн санашууда. Токтакунова сот мына ушул жагдайларды эске алышы керек деп эсептейт.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Адамдын тагдыры чечилип жаткандыктан мыйзамдын ар бир беренесин карап, ар бир жагдайды тыкыр текшерип туруп гана өкүм чыгарыш керек. Бир эле бүдөмүк нерсе болуп калса ал айыпталуучуга каршы иштейт. Азыр баарын тастыктап, карап чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат».

Орусияда Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский өзү учурда «Альфа-банктын» кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталууда.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Эки саясатчы аларга карата сот чечимин мурдагы бийликтин саясий куугунтугу катары баалап келет.

Текебаев учурда Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборунда (эл арасындагы аты - №4 шаардык оорукана) дарыланып жатат.

"Арай көз чарай": Текебаевдин сот иши жана келечеги

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жеңил атлеттер күч сынашты

Найза ыргытуу боюнча мелдештин жеңүүчүсү Өзбекстандык жеңил атлет Наргиза Кочкарова. Бишкек. 14-июль, 2019-жыл.

Бишкекте Олимпиада оюндарынын чемпиону Татьяна Калпакованын байгесине арналган жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүп, анда беш кыргызстандык атлет - Дарья Маслова, Мария Коробицкая, Адилет Кыштакбеков, Мусулман Жоламанов жана Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болду.

Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Индия, Казакстан жана Тажикстандан келген 200гө жакын жеңил атлеттер катышты.

Бул мелдеште, 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулду. Тилекке каршы, аны утуп алууга бир дагы спортчунун чамасы жетпеди.

Бул Олимп оюндарына жолдомо ойнотулган Кыргызстандагы алгачкы мелдеш болду. Көпчүлүк жөө күлүк Дарья Масловага үмүт арткан. Ал кыз-келиндер арасында 5000 метр аралыкка жарышта марага 16 мүнөт 12 секундда келип, биринчи орунду ээледи.

Дарья Маслова.
Дарья Маслова.

Мелдештин алтын медалын тагынганына карабай Дарьяга олимпиадалык жолдомо алууга 30 секунд убакыт жетпей калды.

Виктория Палюдина, Дарья Маслова жана Гүлшанай Саттарова сыйлоо аземинде.
Виктория Палюдина, Дарья Маслова жана Гүлшанай Саттарова сыйлоо аземинде.

Ушул эле аралыкты 16 мүнөт 15 секунда чуркап өткөн Виктория Палюдина күмүш байгенин ээси болду. Коло медалды Гүлшанай Саттарова тагынды. Анын көрсөткүчү 16 мүнөт 15 секунд.

Маслова кыргызстандык жеңил атлеттердин катарынан Олимпиадага жолдомо ала турган спортчулардын бири экенин Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынын өкүлү Бактияр Бокоев билдирди.

"Дарьянын быйыл статтары көп болду. Төрт жарым марафон жана үч марафон чуркады. Азыр бир аз жетпей жатат. Бирок күзгө чейин жолдомо алат деген үмүттөбүз".

Мырзалар арасында 5000 метр аралыкка чуркоодо 14 жөө күлүктүн арасынан Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болду. Ал мерчемделген аралыкты 14 мүнөт 29 секундда чуркап өттү.

Нурсултан Кеңешбеков (оңдон биринчи) жеңишин майрамдап жатат.
Нурсултан Кеңешбеков (оңдон биринчи) жеңишин майрамдап жатат.

Экинчи орунду 14 мүнөт 46 секунд көрсөткүчү менен индиялык спортчу Ажид Кумар ээледи. 14 мүнөт 49 секунд көрсөткүчү менен дагы бир индиялык жөө күлүк Рахул Рахул коло байгенин ээси болду.

Мелдештин жүрүшүндө кыздар арасындагы жарыштарда сегиз категорияда жеңүүчүлөр аныкталды. 100 метрге чуркоодо Арчана Сусеентрана (Индия), 1500 метр аралыкта Лили Дас (Индия), тоскоолдуктар менен 100 метрге чуркоодо Айгерим Шыназбекова (Казакстан), 800 метрде Виктория Сенькина (Казакстан) жеңүүчү болду.

200 жана 400 метр аралыкка чуркоодо Гүлсумби Шарифова (Тажикстан), тоскоолдуктар менен 400 метрге чуркоодо Кристина Проженко (Тажикстан), 10 миң метрге чуркоодо Мария Коробицкая (Кыргызстан) марага биринчи келип, алтын медалдын ээси болушту.

Найза ыргытуу боюнча кыздар арасындагы мелдеште өзбекстандык Наргиза Кучкарова жакшы жыйынтык көрсөттү. Ал найзаны 58 метр 84 сантиметр аралыкка ыргытып, өздүк рекорддун жаңыртты. Мелдештен соң "Азаттыкка" маек куруп, олимпиадага даярданып жатканын айтты.

Наргиза Кучкарова.
Наргиза Кучкарова.

"Мен өзүм каалаган аралыкка ыргыттым. Андан кубанычтамын. өзүмдүн көрсөткүчүмө дагы эки метр коштум. Буюрса аракет кылам. Көрсөткүчүм 60 метр болсо, олимпиада жолдом алам", - деди Наргиза Кучкарова.

Мырзалар арасынан найза атууда индиялык Салих Салвал мелдештин рекорддун жаңыртты. Ал найзаны 78 метр 5 сантиметр аралыкка ыргытты.

Салих Салвал.
Салих Салвал.

​Мырзалар арасындагы жарыштарда 100 метр аралыкта Ильдар Ахмадиев (Тажикстан), 110 метрге тоскоолдуктар менен чуркоодо Владислав Кондратьев (Казакстан), 3 миң метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоодо Дмитрий Иванчуков (Казакстан), 200, 400, 800 метр аралыктарда индиялык спортчулар Гаянанд Бахадурбхаи, Харш Кумар, Мохаммед Афсал жеңүүчү болушту.

​1500 метр аралыкта Мусулман Жоломанов, 10 миң метрде Адилет Кыштакбеков Кыргызстандын капчыгына алтын байгелерди алып келишти.

Алтын байге уткан Адилет Кыштакбеков өз категориясында күчтүү атаандаштар аз болгонун ортого салды.

"Мурдагы жыдары 10 миң метрге чуркоодо Казакстандан, Тажикстандан көп катышуучулар келчү. Быйыл төрт эле бала чуркадык. Эмки жылы көбүрөөк болот деп ойлойм. Анткени анда олимпиадага саналуу эле күндөр калат да", - деди спортчу.

Бул мелдеште Индиялык атлеттер жакшы жыйынтык көрсөттү. Алар мелдештин 11 алтын байгесин багынтышты. Экинчиде казакстандык спортчулар. Алар мелдештин сегиз алтын байгесин алып кетишти.

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Сатыбек Чокоевдин айтымында, күн ысыганы кыргыз спортчуларына тоскоолдук жаратты.

"Абанын температурасы +37 градусту көрсөтүп турат. Мындай шартта чуркоо оңой эмес. Андан сырткары Эл аралык жеңил атлетика федерациясы олимпиадалык жолдомону алуу көрсөткүчтөрүн жогорулаткандыктан, азыр лицензия алуу кыйын. Март айына чейин алты олимпиадалык жолдомо алабыз деп пландаганбыз. Эгер эски норматив менен эсептесек, биздин үч атлетибиз жолдомонун нормативдерин аткарып коюшту, - деди башкы машыктыруучу Сатыбек Чокоев.

Башкы машыктыруучунун айтымында, жеңил атлетика боюнча Улуттук курама команда 18-июлда Беларуста өтө турган мелдешке катышат.

"Олимпиадалык жолдомону алуу үчүн биз эми эл аралык мелдештерге көбүрөөк катышып, упай топтошубуз керек. Азыр айтыш кыйын, бирок биздин атлеттер үч олимпиадалык жолдомо алат деп айта алам", - деди Сатыбек Чокоев.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ошто электрондук жол киренин үстөмдүгү

Оштогу троллейбус.

Ош шаарында муниципалдык транспортто электрондук билет албай, накталай төлөгөн жүргүнчүлөрдүн жол киреси кымбаттады. Бул айрым жүргүнчүлөрдү нааразы кылды. Мэрия муну электрондук билет системасына өткөрүү менен түшүндүрүүдө.

Ош шаарында муниципалдык автоунааларда электрондук билет системасы быйыл февраль айынан тарта киргизилген.

Андан берки беш ай ичинде болгону беш миңге жакын гана жүргүнчүнүн электрондук билет картасы сатылган. Шаардын жетекчилиги жакындан тартып жол кирени накталай төлөгөндөр үчүн аны 10 сомго көтөрүп койду.

Муниципалдык транспорт башкармалыгынын башчысы Талант Капаров мунун себебин жүргүнчүлөрдү жаңы системага көндүрүү аракети менен түшүндүрдү. Анын айтымында, электрондук билет системасы ириде коррупцияны жоёт.

«Накталай төлөм болгон учурда акча айдоочунун колуна тиет да, андан ары шаардык бюджетке канчасы кетери белгисиз. Ал эми электрондук билет системасы мындай көрүнүшкө жол бербейт. Анткени электрондук билеттердин иши автоматташтырылган система аркылуу көзөмөлдөнүп турат», - деди ал.

Ош. Коомдук транспорттогу жазуу.
Ош. Коомдук транспорттогу жазуу.

Электрондук билеттерди Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинде, автобустарда жана троллейбустардын айдоочуларынан сатып алууга болот.

Муниципалдык автоунаа мекемесинин электрондук билет сатуу бөлүмүнүн адиси Гүлмейиз Ниязбай кызы жалпы жүргүнчүлөрдүн электрондук билет картасы эч кандай документсиз эле берилерин айтты:

«Бул көк түстүү карта - жалпы жүргүнчүлөрдүн картасы. Бирдик сыяктуу эле 36 сомдон 1000 сомго чейин салып алып кете беришет. Бул картанын ээлери муниципалдык автобустарда 8 сом, троллейбустарда 6 сом төлөп жүрө алышат. Экинчиси - мектеп окуучуларынын картасы. Муну алыш үчүн балдар өзүнүн окуучулугун тастыктаган күбөлүк менен келип алат. Алар автобус, троллейбустарда бир сомдон төлөп жүрүшөт. Бул картанын баасы 100 сом, ичинде 100 бирдиги бар. Үчүнчүсү – пенсионерлердин картасы. Аларга карта ардагерлердин күбөлүгү менен гана берилет. Ош шаарында пенсияга чыккан гана пенсионерлерге берилет. Мындай карта менен пенсионерлер акысыз жүрүшөт».

Электрондук төлөм үчүн түзмөк.
Электрондук төлөм үчүн түзмөк.

Бүгүнкү күнү жалпы жүргүнчүлөрдүн жана мектеп окуучуларынын электрондук билет картасы автоунаа айдоочуларынын колуна берилген.

Пенсионерлер муниципалдык ишкананын карта сатуу бөлүмүнө гана кайрыла алышат. Шаардык пенсионер Салима Орунбаева электрондук билет системасынын артыкчылыгын белгиледи:

«Бул жаңы система мага жакты. Биз мурда автобус-троллейбустарга накталай акча төлөп келсек, эми карта менен гана төлөп калдык. Ыңгайлуу да экен».

Муниципалдык автоунаа ишканасынын башчысы Талант Капаровдун айтымында, шаардын жетекчилиги пенсионерлердин жана майып адамдардын жол киреси үчүн жылына 16 млн. сом бөлөт.

«Алар акысыз жүрүшөт, - деди Талант Капаров. - Электрондук картасын канча пенсионер колдонуп, канча акча коротулганы анык болот. Жыл аягында мэрия бизден: «Канча пенсионер ташыдың? Канча акча короду?» деп сурап, аныктайт да, үнөмдөлгөн акчаны алып коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз пенсионерлерге да кайрылат элек, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, карталарды алышсын».

Бирок бул жеңилдиктен шаардан тышкары жашаган пенсионерлер колдоно албайт.

Оштун четиндеги Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынан келген Розахан Садыкова Ош шаарындагы ишканалардын биринде иштейт. Ал жол кирени накталай төлөгөн жүргүнчүлөр дээрлик эки эсе кымбат төлөп укуктары бузулуп жатат деген оюн билдирди:

«Шаарда иштейм. Күндө келип, кетем. Кээде бир нече жолу автобус, троллейбуска түшөм. Мурда алты сомдон төлөп келсек, эми он сом кылып койду. Андай болсо бизге окшогон шаардык эмес пенсионерлерге деле акысыз кылып койсо болмок».

Ош шаарындагы муниципалдык автоунааларда электрондук билет системасы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын каржылоосундагы долбоордун алкагында ишке ашууда. Бул долбоор 2016-жылы башталган, ага 9,7 млн. евро бөлүнгөн. Долбоордун алкагында шаарга 36 автобус, 23 троллейбус сатылып алынган.

Шаар бийлиги учурда электрондук билет картасынын балансын толуктоочу терминалдарды жогорку окуу жайларында, соода борборлорунда орнотууну көздөп турат. Ошондой эле ЭЛСОМ, «Мегапей» жана башка электрондук капчыктар аркылуу балансты толуктоо мүмкүнчүлүгү да караштырылып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Борбор Азия таланттарды издейт

Долбоордун Борбор Азиянын төрт мамлекетиндеги алып баруучулары.

«Борбор Азия таланттарды издейт» деген долбоордун Кыргызстандагы алгачкы кадрлары тартылып жатат.

АКШнын NBC телеканалынын дүйнөгө таанымал «Got Talent» программасынын франшизасы болуп саналган шоу Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө таланттуу кишилерди элге алып чыгууну көздөйт. Долбоор менен ар бир республикадан бирден телеканал кызматташат. Кыргызстанда бул милдетти Коомдук телерадио корпорациясы алды.

Кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаков «Тумар» тобу менен 2016-жылы 9-майда «Британия таланттарды издейт» шоусунда өнөр көрсөткөн. Атайдан кийин «Адем» бий тобу 2017-жылы «Азия таланттарды издейт» сынагынын финалына жеткен. Өмүрзаков быйыл өз мекенине келген ал долбоорго катыша албай турганын айтып, буларды кошумчалады:

Атай Өмүрзаков.
Атай Өмүрзаков.

«Бул негизи өтө чоң долбоор. Алардын өздөрүнүн талабы күчтүү. Канча камера болушу зарыл, долбоордо канча адам иштеш керек экендиги так жазылган. Каражат өтө көп сарпталат».

«Central Asias’s Got Talent» («Борбор Азия таланттарды издейт») - АКШнын NBC телеканалынын франшизасынын бир бөлүгү. 2005-жылы негизделген бул долбоор эл аралык чоң шоуга айланып, дүйнө жүзүнө тараган. Кайсы өлкөдө уюштурулса, аталышына ошол мамлекеттин аты кошулуп, элге сунуш кылынат. Кыргызстанда аны ишке ашырууну КТРК мойнуна алды. Долбоордо төрт мамлекеттен бирден алып баруучу тандалган. Кыргызстандан Эркин Рыскулбеков алып баруучу болот.

Эркин Рыскулбеков.
Эркин Рыскулбеков.

«Долбоордун өзүнүн жакшы жери - ал негизинен эл ичинен чыккан карапайым таланттарга маани берет, - деди ал. - Биз акыркы учурларда көбүнчө элге белгилүү инсандарды тартып көнүп алганбыз да. Бул жерде андай эмес. Карапайым элдин арасындагы түрдүү таланттар элге көрсөтүлөт. Мисалы бири кашык менен барабан ойношу, бири бийлеши, бири ырдашы мүмкүн. Бири өзгөчө бий менен элди таң калтырат дегендей. Бул дүйнөнүн 78 мамлекетинде тартылат экен. Бизге Британиядан долбоорлордун авторлору келип атайын тренингдерди өтүп, таланттарды кантип тааныштыруу, кантип сунуш кылуу боюнча үйрөтүп жатышат».

«Борбор Азия таланттарды издейт» долбоору Кыргызстанда, Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда өтүп, телеберүү ар бир өлкөнүн башкы каналы аркылуу коомчулукка түз алып көрсөтүлөт. Талантын тартуулаган кишилерди төрт республикадан тандалган төрт калыс сынап отурат.

Тажикстандык катышуучулар.
Тажикстандык катышуучулар.

Сөз болуп жаткан долбоор беш этаптан турат — алар кастинг, катышуучуларды угуунун ачылышы, чейрек финал, жарым финал жана гранд финал. Ага бардык таланттуулар катышса болот. Бишкекте катышуучуларды кабыл алуу жана кастинг 27-28-июлда Коомдук телерадио корпорациясында жүрөт. Бул тууралуу «Борбор Азия таланттарды издейт» долбоорунун Кыргызстандагы продюсери Алексей Сидоров билдирди.

«Жаш курагына эч кандай чектөө коюлбайт, - деди продюсер. - Ал карыя же жаш бала болушу да мүмкүн. Эң башкысы таланты болсо болду. Талант десе жалаң эле ырдоо эмес. Цирк номери, көз боёмочулугу, айтор өзгөчө өнөрү болушу керек. Мүмкүн кимдир-бирөөнүн өзгөчө өнөр көрсөтө турган жаныбары да болушу мүмкүн. Аны менен келсе да болот. Айтор, бул - таланттуулардын шоусу. Биз Кыргызстандан, жалпы эле Борбор Азиядан таланттарды издеп жатабыз».

Уюштуруучулардын айтымында, «Борбор Азия таланттарды издейт» долбоору шоусунун бет ачары 2019-жылдын сентябрында төрт өлкөдө пландалган. Ушул тапта ар бир өлкөдө өз-өзүнчө кастинг өтүп жатат. Тандап алынгандар Алматыдагы негизги сынактарга барышат. Шоунун гранд финалы 2019-жылдын декабрында өтөт.

Долбоордун Борбор Азиянын төрт мамлекетинен тандалган калыстары.
Долбоордун Борбор Азиянын төрт мамлекетинен тандалган калыстары.

«Кыргызстандагы баш байге - бир миллион сегиз жүз миң сом. Мындан сырткары төрт өлкөнүн ар бир финалисти 35 миң сомдон алат. Кастингден кийин кимдер өтө турган болсо ал өнөрпоздор телеберүү тартыла турган Алматы шаарына барышат. Себеп дегенде жыйынтыгын тартуу боюнча демилгени Казакстан көтөргөн. Алматыга тандалып алынган өнөрпоздордун чыгымын долбоордун уюштуруучулары өздөрү төлөйт», - деди Сидоров.

Ал бул шоу Борбор Азиядагы алгачкы сезон болорун, кийинки жылы да уланышы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Борбор Азия таланттарды издейт» долбоору кошуна өлкөлөрдө апрель айынан бери жүрүп жатат. Кыргызстанда ал августтун аягында башталганы турат. Калыстар тобунда Кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова бар.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Атанын мээрими кызды көкөлөтөт

Атанын мээрими кызды көкөлөтөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:13 0:00

Токмокто жаштардын тиреши токтой элек

Токмокто жаштардын тиреши токтой элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:32 0:00

Токмоктун тегерегин чочуткан жагдай

Токмок шаардык сотунун имаратына чогулгандар.

Токмок шаарынын айланасындагы айылдардын тургундары коопсуздугуна кабатыр болуп, нааразылык акциясына чыгышты.

Токмок шаарынын айланасындагы айрым айылдардын тургундары 15-июлда шаардык соттун имаратына чогулушту. Алар укук коргоо органдары тарабынан куугунтук күчөп, жергиликтүү жаштарга негизсиз айыптар коюлуп жатканын айтышты. Чогулгандар бул басымдын артында Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев турат деп эсептеп жатышат. Парламент депутаты бул ишке анын тиешеси жок экендигин билдирүүдө.

Мээнеткеч айылы тынч эмес

Дээрлик бир жылдан бери Токмоктун Мээнеткеч айылында жаштардын тиреши басыла элек. Акыркысы мындан бир жума мурун 8-июлда катталды. Анда айылдын тургундары Талант Жамангулов менен Бакыт Токтогуловдун ортосунда чатак чыгып, Токтогулов катуу токмок жеп реанимация бөлүмүнө жатып калган.

Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына чогулган күбөлөрдүн айтымында, бул чатакты Жамангулов өзү баштап, жан-жөкөрлөрү менен бирге каршылашын сабап салган. Бирок бир нече күндөн кийин Талант Жамангулов өзү да ооруканага жаткан. Чогулгандарды милиция суракты таяк жеп жандандыруу бөлүмүндө жаткан Бакыт Токтогуловдон баштаганы ачуулантууда. Чогулгандардын арасында Токтогуловдун апасы Зууратай Токтогулова да бар.

«Мен тааныбаган бир адамдар эле менин баламды «уурдап кетти» деп арыз жазыптыр, - деди ал. - Аны эч ким уурдаган жок. Баламды ооруканадан эч ким карабай койгонунан айла жок үйгө алып келип дарылап жатам. Азыр деле баламды кайсы учурда келип сабап кетет деп коркуп жатам. Милиция биздин үстүбүздөн түшүп алды. Ал эми баламды сабаган Талант Жамангулов ооруканада жалган көрсөтмө менен эрке баладай жатат».

Тергөөчү Самат Кулжабаевдин айтымында, чатакташкан экинчи тарап Талант Жамангуловдун мээси чайкалганы тууралуу дарыгерлердин бүтүмү бар.

«Тергөө жаңы эле башталды, - дейт ал. - Эки тарапты тең сураштыра баштадык. Оорукананын берген маалыматына ылайык Бакыт Токтогулов мас абалында болгон, ал эми Талант Жамангулов мээси чайкалган. Ошентсе да бизге, милицияга арыз жазыла элек».

Токмок шаардык милициясы.
Токмок шаардык милициясы.

Бирок бул сөзгө жергиликтүү тургундар ишенбей, «Жамангулов тергөө башталганда анткорлонуп ооруканага жата калды» деп бир ооздон айтып жатышат.

Жамангуловдун жабыркаган иши

Белгилеп койчу жагдай - Талант Жамангулов Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитовдун ишинде жабыркоочу катары өтүп жүрөт. Ал бир жыл мурун Томоктогу мал базарда Жансейитов менен чатакташа кетип, бычак жеген. Бул окуядан кийин Тынай Жансейитов жети ай издөөдө жүрүп, быйыл апрель айында өзү милицияга келип, үй камагына чыккан, ал эми кылмыш иши кайра толукташ үчүн тергөөгө жөнөтүлгөн. Тынай Жансейитовдун ишинде кылмышка шектүү катары Самат Жумабеков аттуу жаран да өтүп жатат.

Тынай Жансейитов менен Самат Жумабековдун жактоочусу Дарина Тезекбаева учурда тергөө бир катар мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын айтты:

«Мисалы 11-июлда Жансейитов менен Жумабековду саат кечки бешке тергөөгө чакырып, бирок чакыруу барагын он мүнөт калганда үйүнө алып келишти. Ал эми 12-июлга бизди сотко чакырып, «бөгөт чарасы каралат» дешти эле, кечке ушул жерде жүрдүк. Бүгүн да соттун имаратынын алдында «Жансейитов менен Жумабековдун бөгөт чарасы аныкталат» дегенинен эл ушул жакка келди. Эми болсо «бүгүн санкция каралбайт» деп айтышты. Бизди мындайча айтканда ойнотуп жатышат».

Нааразылык акциясына чогулгандар.
Нааразылык акциясына чогулгандар.

Токмок шаардык сотунун имаратынын жанында чогулгандар Тынай Жансейитовду каматуу парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаев кызыкчылыгында деп эсептешет. Алардын бири, Мээнеткеч айылынын тургуну Данияр Дыйканбаев мындай дейт:

«Самаев Токмок шаардык милициясын сатып алды. Биздин үндү уккан киши жок, элдин баары нааразы. Токмок ШИИБинин башчысы Адыл Рашидович деген киши баарыбызды кууратмай болду. Бул кишини Урматбек Самаев башкарып, каалаганын кылдыртып жатат».

Жергиликтүү тургундардын айткандарына караганда Жогорку Кенештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев жогоруда аталган Жамангуловду колдоп, ал аркылуу КСДПдан жергиликтүү кеңештин депутаты Жансейитовго басым жасап жатат. Жергиликтүү байкоочулар Токмок шаарында «Кыргызстан» менен КСДПнын ортосунда башынан таасир талаш бар экенин белгилеп жүрүшөт.

Самаев: менин оппонеттерим сөз чыгарууда

Бирок депутат Урматбек Самаев өзү бул иштерге анын ысымы аралашып жатканы түшүнүксүз абалды гана жаратып жатканын айтты. Мындай көрүнүштү ал атаандаштарынын каралоо аракети катары баалап, бардык иштерди териштирүүгө даяр экенин «Азаттыкка» билдирди:

Урмат Самаев.
Урмат Самаев.

«Мен да бүгүн Интернеттен көрдүм. Мен милицияны башкаргыдай ички иштер министри болуп кетиптирминби? Эки айылдык урушуп жатса, мени кандайча ал жакка аралаштырып жатышканына түшүнбөй койдум. Ал эми шаардык кеңештин депутаты Тынай Жансейитов бир жыл мурун бычак көтөрүп, Талант Жамангуловду сайып салганы чын да. Бул иште тергөө өзү ким күнөөлүү экенин аныктап алат деп ойлойм. Мен ал экөөнү уруштурган эмесмин, бирине бычак көтөрүп барган эмесмин. Мени кандайча ал жакка кошуп жатышканы өзүм үчүн таң калыштуу».

Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына чогулгандар кийинчерээк шаардык ички иштер башкармалыгына барып, милициядан тергөөнү таза жүргүзүүнү, башкы тергөөчү Адыл Рашидов тараптан куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан келген өкүл Улан Жукенов чогулган элге тергөө иштери облустук милиция тарабынан көзөмөлдө болоруна убада берди:

«Азыр иш жаңы эле тергеле баштаптыр. Сиздер тараптан айтылган жүйөлөрдүн баарын биз текшерип, салыштырабыз. Өзүбүзчө кызматтык иликтөө жүргүзөбүз. Ошондой эле биздин ишибизде мыйзам бузуу бар десеңер сөзсүз прокуратурага да кайрылгыла. Биз, облустук милиция, бүт жагынан сиздерге жардам беребиз».

Натыйжада облустук милициянын жообу чогулгандарды канааттандырып, тарап кетишти. Токмоктун бул ишке тынчсызданган тургундары бул саам акыйкат табылбаса, жогорку бийликке арызданууга чейин барарын, айыл ичиндеги ынтымакты ыдыраткандарды жоопко тарттырарын айтышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикетке эмес, китепке кел

Пикетке эмес, китепке кел
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:49 0:00

Кенекеев: ката аттестаттардан мамлекет зыян тарткан жок

Кенекеев: ката аттестаттардан мамлекет зыян тарткан жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:19 0:00

Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Бусурманкул Табалдиев.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы азыр кайда экени белгисиз.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

- ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, - деди Аманкулова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 8-июлда 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан.

«Азаттыктын» Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Буга чейин «Азаттык» бул тууралуу расмий органдарга кайрылганда алар муну төгүндөшкөн да, ырасташкан да эмес.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.

Бусурманкул Табалдиев эмгек жолун Талас облусунун Киров районундагы автобазанын механиги болуп баштаган. 1971-1978-жылдары СССРдин КГБсында иштеген соң Кыргыз ССРинин мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген. 1989-1991-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болгон жана башка жетекчи кызматтарды аркалаган. Кыргызстандын коопсуздук органдарын эки жолу – 2006-жылы жана 2013-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген. Биографиясында аты ачык айтылбаган бир катар акционерлик коомдордун директорлор кеңешин башкарган. Акыркы кызматы – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында кеңешчи болгон.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Бул Кыргызстандагы жогорку даражалуу аткаминерлер өлкөдөн чыгып кеткенин журналисттер кабарлап, кийин гана расмий органдар моюнга алган биринчи учур эмес. Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин да адегенде журналисттер жазып чыгып, андан соң бир нече күн өткөн соң күч түзүмдөрү бул маалыматты тастыктап, издөө жарыялашкан. Кийин ал мүлкүнүн бир топ бөлүгүн сатып жибергенге үлгүргөнүн да билдиришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Ууруну урган каракчыдан пайда жок

Кечээки соттоочулар бүгүн соттолуп жатат. Кечээки «кесилгендер» бүгүн акталып жатат.

Кечээ баары мыйзам боюнча чечилет деп купшуңдагандар бүгүн сот адилеттигине ишенбестигин айтууда. Деги Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгү орношу мүмкүнбү, орнотуу колубуздан келеби?..

Ууруну каракчы урса, сүйүнүш керекпи?

Утурумдук пайда, пас кумар, арамза мүдөө азгырыгы далайларды чүлүктөп алган азыркы кезде ак менен кара, чын менен жалган айырмаланбай (айырмаланышы барган сайын кыйындап), оор кеселге чалдыккан коомдун каны-жини аралашып калгансыйт. Айрыкча эң ири кылмышкерлерди сот актап жиберген же дегеле сурап койбогон шартта маанай мындан башкача болушу мүмкүнбү?..

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт. Ууруну каракчы урса, каракчыны дагы бир канкор өлтүрсө, ырас эле болду деп табалап койсок болчудай. Бирок каракчы уурдалган мүлктү ээсине кайтарып берейин деп ойлобойт, аны өлтүргөн желдет дегеле адилеттикти жактабайт. Ошондуктан уурулук азайбайт; каракчылык тыйылбайт; канкорлор кээде гана өз ара кырылышып, көбүнчө ууру-каракчылар менен биргелешип элдин канын соро берет.

Ырас, булардын арасынан мындай жагдай түбөлүк улантыла бериши мүмкүн эместигин, эртеби, кечпи, акыр түбү ар бир кылмышкер жазаланарын, өзү жыргап-куунап өтсө да, укум-тукуму каргышка каларын ойлоп, тобо келтиргендер болор (бирок канчалык каалаганы менен, кылмыш дүйнөсүнүн оп тарткан айлампасынан биротоло суурулуп чыга албай кала бергендер да жок эмес).

Ошол эле учурда бул дүйнөдө арам байлыкка тойбостордун тиги дүйнө тозогунан дегеле коркпостугу да нечен ирет далилденип келет. Анүстүнө кудайдын атын саткан айрым диний «аптарыйкаттар» бул жарыкта канчалык оор азап тартсаңар, бейишке барар жолуңар ошончолук кеңейет деп карапайым калайыкты ишендирип, ошол эле учурда желмогуздарга күнөөсүн дүңүнөн кечириштин опоңой жолдорун таап берип, аларды ого бетер кутуртуп жаткан жокпу?..

Төө жиниксе, ээсин тебелейт

Кыргыздын исламга чейинки «ак» менен «кара» түшүнүгү кийин диний адабияттардан этикага өтүп, мазмуну кеңейтилген «жакшылык» жана «жамандык» (добро и зло) деген түпкүлүктүү терминдерге туура келет. Ушул өзөк дөөлөттү ар ким өз пайдасына бурмалаган учурларга таасын мисал болгудай «готентот ыйманы» деген баян бар.

Готентот аттуу жапайы уруунун кишиси жакшылык менен жамандыкты кандай түшүнөсүңөр деген суроого минтип жооп берген экен:

- Эгер мен башкалардын катындарын тартып алып, мал-мүлкүн карактасам, бул жакшы. Менин катынымды жана мал-мүлкүмдү башкалар тартып алса, бул жаман.

Мына кечээ эле соттордун саясий чечим чыгарганына маашырлангандар бүгүн сот тутумунун адилеттигине ишенбестигин айтууда. Мыйзамды буйлалаган төөдөй пайдаланганда, ал кара күчтүн, зомбулуктун, залимдиктин гана куралы болуп, акыры мындай «төө» мурунку жетелегичин да эки чайнап, бир бүркүп салган ажыдаарга окшоп каларын азыркы бийлик башындагылар эле эмес, кечээки өзү казган орго бүгүн түшүп калгандар да түшүнбөй, түшүнгүсү келбей турат.

«Төөнүн» ээси – эл, бирок буйласы аны каалагандай пайдаланган утурумдук төбөлдөр менен байлардын колунда…

Ачыган «каймак», быкшыган кумалак…

Сүт иригендиктен, каймак ачып жатат, б.а. эл кандай болсо, башчылар да ошондой деп актанышат биздин «жакшылар». Эки жаат болгон «мыктылар» мыйзамды да, адеп ченемдерин да өз пайдасына гана иштеткиси келет. Бирок алар бурмаланган мыйзам менен адеп ички маңызынан айрылып, теңирден тескери нукта «иштеп» каларын ойлобой, көбүнчө муну билип туруп эле көнүмүш адатына салып жатышат. Чындыгында жалпы элди эмес, элдин атынан сүйлөгөн саясатчыларды көбүрөөк айыптоо керек.

Чалкыган көлдөй элдин ичинде мителер көп, айрыкча соңку жоопкерсиздик жылдарында бул катмар калыңдап кеткенсийт. Бирок баары бир жалпы катышта ак эмгеги менен тиричилик кылгандардын пайызы бир нече эсе чоңдук кылат. Чындыгында элибиз ошончо калың «каймактын», ичкериден быкшыган «кумалактардын» таасирине туруштук берип, такыр эле ирип кетпей, негизинен коом катары кристаллдык түзүмүн сактап келатат. Бирок тазарууга аракеттенбесек, айрыкча ачып-кычыган «каймактарды» калпып салбасак (тазаруу, б.а. люстрация жараянын жүргүзбөсөк), акыры калк насилин бузган жосундар кеңири жайылып отуруп, улуттун өзөгүн биротоло бүлдүрүшү толук ыктымал.

Ырас, тууганчыл, жердешчил маанайга ашыкча берилип, бүтүндөй мамлекеттин, өлкөнүн кызыкчылыгын, келечегин унутуп койгон, ар кайсы «аптарыйкаттардын» айткан-дегенин акыркы чындыктай кабылдашка көнүп калган баёолор көп. (Шайлоодо добушун миң сомго саткандар мындан да көп). Алардын «пири» кадимки эле бетпак, карөзгөй мүдөөсүн дүңгүрөк сөзгө ороп чыга калган учурларда, кооз калпты ашкерелегендерди көпчүлүк жактырбайт. Бирок, бактыга жараша, бара-бара бул адат деле үстөмдүк кыла албай калчудай. Жүйөлүү кепке конок бергендер, өзүнүкүнө дал келбеген ой-пикирди сабырдуулук менен уккандар, түшүнүүгө аракеттенгендер көбөйүп бараткандай туюлат.

Албетте, «төмөн жактан» өзгөрүүлөр дээрлик байкалбагыдай өтө жай темп менен жүрүүдө. «Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз атпайт», – деген экен залкар акын Жоомарт Бөкөнбаев. Астрономиялык мезгилди эч ким тездете албайт – отуз күндүк он эки ай өтмөйүнчө жыл жаңырбайт. Бирок рухий жетилүү мезгилин эл өзү ылдамдата аларын чечкиндүү жасалган, көздөгөн максаты айкын революциялар менен ырааттуу жүргүзүлгөн реформалар далай ирет тарыхтан тастыктап келет. Тескерисинче, эл ойгонбосо, айлар алмашып, жылдар агылганы менен, баары мурункудай кайталана бериши толук ыктымал…

Биримдикти калыстык гана бекемдейт

Кыргыз элинин эгемендиги үчүн күрөшкө өмүрүн арнап койгон Азамат Алтай соңку маектеринин биринде биздеги жердешчилик, тууганчылдык ж.б. жаатташуудан кантип арылып, жалпы улуттун биримдигин кантип бекемдесе болот деген суроого ушундай жооп берген: «Адилеттик гана биримдикке өбөлгө түзөт».

Президентпи же бүтүндөй мамлекеттин учурдагы абалын эле эмес, келечегин да ойлоп, көч баштап чыгууга жарагыдай башка лидерби, эгер бүгүнкү бытырандылыкты жойгусу келсе, саясий чайкоочулардын таасирин азайткысы келсе, ал биринчи кезекте калыс болууга умтулушу зарыл. Калыс киши кызматтарга татыктуу адистерди коёт, башкаруу тутуму элге иштеши үчүн аны ашка жүк, башка жүк түзүмдөрдөн арылтат, мителерди толугу менен кетирет.

Мамлекеттүүлүктүн негизи – мыйзамга гана баш ийген, үй-бүлөсүн бакканга кенен жеткидей айлык акы алып, таза иштеген сот бийлиги. Ага аткаруу бийлиги да, мыйзам чыгаруу бийлиги (парламент) да үстөмдүк кылбашы керек. Мыйзам бузгандар, биринчи кезекте мыйзамсыз чечим чыгарган соттор токтоосуз түрдө кызматынан айдалып, ашынган карөзгөйлөрү ири өлчөмдөгү айыпка жыгылышы, бейкүнөө адамдардын тагдырын сындыргандар, кылмышкерлерди актагандар түрмөгө отурушу керек.

Ушул зарылдыкты аңдап билмейинче, тазарууга карай чындап чечкиндүү кадам таштамайынча, «коррупцияга каршы күрөштөн» эч майнап чыкпайт – ууруну каракчы ура берет. Баягы эле «готентот ыйманы» менен жашап, «аптарыйкаттарга» мыйзам «буйлаланып», чындык бурмаланып, өзүбүз наадан «элитага» чүлүктөлүп жүрө беребиз.

Жолдош Турдубаев, публицист

Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG