Бириккен элдик кыймыл мүчөлөрүнүн ырасташынча, президент К.Бакиев жарыя кылган жаңы багыттагы идея-сунуштардын кыйласын оппозиция көптөн бери айтып келатышкан.
- Аны биз жазып концепция түрүндө сунуштап келе жатабыз. Эгерде К.Бакиев алмаштырганга ниети болсо 4 жылда алмаштырат эле. Былтыр референдум өткөргөндө ал эмнени өзгөрттү? Ушул кезге чейин 2-3 Конституцияга кол койду, эмнени өзгөрттү? Кыргызда сөз бар, “ууру” ууруну карма”, деп баарынан катуу кыйкырат” деп. Шайлоо алдында оппозициянын популярдуу, элге өтүмдүү ураанын уурдап алып, ошону айтыш. Ошол жерде оппозиция айтып жүргөн көп сөздөр бар,- деп айтты “Атамекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.
Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева шайлоого катышарын озунуп жарыя кылган К.Бакиевдин саламаттыгы түкшүмөл суроолорду жаратып жатканына токтолду.
- Анын Алмас Турдумаматов айткан тамак оорусунан башка дарты бардыгы жөнүндө маалымат айтылууда. Менин сөзүмө жооп кылып сылык-сыпаа баш ийкегилеп коюшту. Анын кандай оорусу бар экенин биз билебиз. Ал оору анын экинчи мөөнөткө барышына чоң жолтоо болушу мүмкүн.
Президенттик пресс-кызматтын жетекчиси Алмас Турдумаматов мындай маалыматты четке кагып, мамлекет башчысы сак-саламат ишин аткарып отурганын кабарлады:
- Президенттин ден соолугу чың. Ал азыр күндөгүдөй эле жумушта иштеп жатат. Өзүнүн графиги боюнча. Графиги абдан жыш.
Бириккен элдик кыймылдын штаб жетекчиси Азимбек Бекназаровдун болжолунда, жай саратандагы шайлоодо К.Бакиевдин ордуна бийлик атынан башка талапкердин чыгып калышы ыктымал.
- Мунун командасы өзүн бардырганга аракет кылып жатат. Бирок Кыргызстанда түзүлүп калган жагдай, төрт жылдан бери анын жүргүзгөн саясаты, мамлекеттик саясаты президентке кайрадан 23-июлдагы шайлоого барууга мүмкүнчүлүк бербейт. Ошондуктан мен ойлойм, дагы деле менин ички туюмум, президент шайлоого бара албайт.
Бириккен элдик кыймыл мүчөсү Эмил Каптагаев президенттин шайлоо алдындагы жаңы багыты анын буга чейинки иш-аракетине анча коошпой калганын белгилеп, анын себеп-жөнүн мындайча мүнөздөйт:
- Ар бир сөздү ошол өзүнүн жүрөгү менен, өзүнүн ички туюму менен аңдаган, ичнен кайнап чыккан сөздөр болушу керек. Өзүнүн түшүнүгү, ишеними ошондой болгондо айтыш керек. А бул киши ооз учунан айтып жатат. Элдин баары көрүп турат. Ындыны өчүп, бирөө атайын жазып берип коркутуп аткандай окуп берип жатат. Мындай сөздөр эл үчүн жаңы багыт болуп бербейт.
27-марттын шылтоосу менен жарыя кылынган президенттин жаңы багыты, мамлекет башчынын 4 жылдык ишин таразалачу жыйындар кандай өтөрү, канча киши катышары ушу тапта аркыл божомол-жоромолдорго “жем” таштоодо.
- Өтө аз сандагы гана үркөрдөй болгон топтор чогулбаса андай бир массалык түрдө оппозиция атйып аткандай киши чогулбайт. Биздин үч депутаттын жолугушуусунда митинг тууралуу такыр сөз болгон жок,- деп билдирди ушу тапта Аксыда шайлоочулар менен жолугушуп жүргөн депутат, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуев.
Оппозиция өкүлдөрү болсо бийлик тарабынан бут тосуулар жасалып жатканын, жарандардын конституциялык укугу басмырланганына нааразы экенин айтышып, ага карабай көпчүлүк катышкан жыйындар жер-жерлерде өтөрүн билдиришүүдө.