Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

Көптү үйрөнгөн Басилда


Атайын үйрөтүлгөн иттер коопсуздук кызматкерлеринин ишин бир кыйла жеңилдетет.
Атайын үйрөтүлгөн иттер коопсуздук кызматкерлеринин ишин бир кыйла жеңилдетет.

Кечээ Бишкекте болгон окуя элди кооптондуруп койду. Улуттук коопсуздук кызматы 30дан ашык жардыруу пландалганын айтып чыкты.

Ушундай кырдаалдарда кызматчы иттердин жардамы тууралуу ИИМдин кинологдор борборунун инспекторлору Кубанычбек Купешов жана Канатбек Саркаров айтып берди.

- Бул кызматкер иттин аты Басилда экен. Бул ат эмнени түшүндүрөт?

Кубанычбек Купешов: Өзүм койгом. Мага ушул ат жакчу. Ошондуктан ушундай ат бергем.

- Бүгүн Басилданы ээрчитип келипсиз. Аны башкаларга караганда жакшы көрөт окшойсуз?

Кубанычбек Купешов: Ооба, мен аны кичинесинен өзүм багып үйрөттүм эле.

- Кайдан алдыңыз эле? Кантип тандап алдыңыздар? Сиздердин кызмат үчүн бир өзгөчө мүнөздөгү иттер тандалса керек?

Кубанычбек Купешов: Клубдан тандап, сатып алганбыз. Таза кандуу. Басилда лабрадор тукумунан. Буларды тандаганыбыздын себеби- бул иттер эч нерседен коркпойт. Адамдарга эч качан кол салбайт. Психикалык жактан өтө тынч болушат.



Канатбек Саркаров: Эми булар тандалып алынгандан кийин булар деле адамдар сыяктуу эле темпераментине жараша холерик, сангвиник, флегматик деген сыяктуу болуп бөлүнөт. Ар бири кандай ишке жөндөмдүүлүгүнө жараша тандалат. Шариктер же дагы башка ыкмалар менен ойнотуп көрүп, мүнөзүн байкайбыз.

- Мына кечээ Бишкекте жарылуу болду. Ушундай кырдаалда булардын жардамы кандай?

Канатбек Саркаров: Жардам аябай чоң. Буларды үйрөтүп алып кызматка чыгабыз. Үйрөтүлбөсө албетте пайдасы болбойт. Иттердин жыт билүү сезими күчтүү болот. Ошондо да ар бир иттин ар кандай өзгөчөлүгү болот.

- Кээде ээнбаштык кылып укпай койсо кантип ийге келтиресиздер? Кайсы учурда ээнбаштык кылат?

Кубанычбек Купешов: Анда алдайбыз, таттуу нерселерди берип, ойнотобуз. Негизи ээнбаштык деле кылбайт. Биз буларды катуу тартипте кармайбыз. Бирок дааратканага барам дей турган болсо "мени эшикке чыгарып кой" деп айтканыңды аткарбай туруп алат. Чоочун жерге барганда баарын жыттап байкап чыккандан кийин көнүп, өзүн кадимкидей сезип жүрө берет.

- Канчалык катуу кармаган менен баары бир эркелетесиздер да?
Мисалы, бир тапшырманы ийгиликтүү аткарганы үчүн буларды кантип сыйлайсыздар?


Канатбек Саркаров: Булардын көңүлүн көтөрүү үчүн үйдөн момпосуй ала келебиз. Аны берип мактап, “азамат, жакшы” деп эркелетип коебуз. Булар тамактын баарын эле жей беришпейт. Бизде булардын атайы ашпозчусу бар. Эттен даярдалган тамактарды, өзгөчө буламыктарды жасап берет. Капуста өңдүү пайдалуу жашылчаларды кошуп тамак жасап берет. Көрүнгөн тамакты жешпейт.

- Анда сиздерге баладай эле болуп калат экен да? Үйгө кеткенде сагынасыздарбы?

Канатбек Саркаров: Сагынуу болот. Дайыма жаныңда жүргөндөн кийин булар ишенимдүү жолдошуң да. Сагынабыз.

- Булар да ИИМдин кызматкерлери болуп эсептелет да. Кызматтык сыйлыктар берилеби?

Канатбек Саркаров: Мурда Союз учурунда кадимкидей атайын диплом, грамоталар берилчү. Анан Союз тарагандан кийин андай нерселер берилбей, унутулуп калды.

- Рахмат.

Көптү үйрөнгөн Басилда
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:04 0:00
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG