Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Жаштар министрлигинин жетекчилери дайындалды


Алиясбек Алымкулов 7-апрелдеги окуялар учурунда. (ортодо)
Алиясбек Алымкулов 7-апрелдеги окуялар учурунда. (ортодо)

Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги окуяларга активдүү катышкан 39 жаштагы Алиясбек Алымкуловду жаштар иштери боюнча министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады. Буга чейин жаштар иштери боюнча министрдин орун басарлыгына Лариса Сосницкая дайындалган. Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу комиссия курамына кирген айрым жаштар Сосницкаянын дайындалышына нааразылык билдиришүүдө.

Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу комиссия өз ишин баштады. Комиссия курамына кирген айрым жаштар убактылуу өкмөт мүчөлөрү түптөлө элек министрликтин жетекчи кызматтарына адамдарды жең ичинен дайындоодо деп нааразылык билдирип жатышат. Ал тургай алардын айрымдары жумушчу топтон чыгуу ниеттерин билдирүүдө.

Жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын “Азаттыкка” билдиришинче, жаштар иштери боюнча министрдин орун басарлыгына Лариса Сосницкаянын дайындалышы комиссия курмына кирген жаштардын көбү үчүн түшүнүксүз чечим болду:

- “Атамбаевдин “кишиси” экен, ошон үчүн койду” деп атышат. Атамбаев жаштардын ой-пикирин сурабай, өзү эле эч ким тааныбаган кишини коюп койгону аябай таң калычтуу. Бүгүнкү күндө Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракеттери бири-бирине каршы келип атат. Биринчи “жаштар менен иштеш керек, жаштар саясатын көтөрүү керек” дейт да, экинчичи жагынан ушундай “көшөгө артындагы" дайындоолорду жүргүзүп атышат.

Жаштар иштери боюнча министрликти түптөө боюнча жумушчу комиссияга “Ак ниет”, “Ак шумкар-Кут”, “Кебел”, Кыргызстан жаштарынын кеңеши жана Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын "Жаштык" долбоорунан өкүлдөр киришкен.

“Кебел” жаштар уюмунун мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, Убактылуу өкмөт тарабынан демилге көтөрүлүп, түптөлүп жаткан министрлик убактылуу гана максатты көздөгөн өңдүү. Комиссиянын бүгүнкү жыйынында деле алгылыктуу ойлор ортого салынбай техникалык гана маселер көтөрүлгөнүн белгилеген Абдрахматова министрликтен майнап чыгаарына ишенбейт:

- Учурдагы дайындоолор жана комиссиянын иштери менен майнап чыкпайт. Себеби министрлик эмне үчүн керек? Анын максаты эмнеде? Кандай иштерди алып барыш керек? Бул суроолорго жооп жок эле министрлик болду. Министр жок эле анын орун басары дайындалды. Эми министр дайындалып атат... Анан түзүмүн эле талкуулап атышат. “Министрлик мынча кишиден туруш керек, министрдин орун басары болуш керек, анысы болушу керек, мунусу болушу керек” болуп эле. Эски эле бюрократиялык жол менен баратат.

Комиссия төрагасы Нурила Жолдошеванын билдиришинче, бүгүнкү күнгө комиссия беш-алты жолу жыйналып, жаштар уюмдарынан министрликтин жобосу, түзүмү боюнча долбоор сунуштар түшүүдө. Комиссия 24-майда бул сунуштардын негизинде орток долбоорду талкууга коет.

- Жалпылап айтканда беш-алты уюм “министрлик кандай иштеш керек?” дегенге сунуштарын берген, ошонун негизинде24-майдаиштелип чыккан бир вариантты көрөсүздөр.

Жолдошева кызматтык дайындоолор боюнча жаштар тарабынан чыгып аткан нааразылыктар боюнча эч комментарий бере албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG