Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

«Ачуу - душман, акыл - дос»


Ош шаары 11-июнь, 2010-жыл
Ош шаары 11-июнь, 2010-жыл

Оштогу чатактын басылышы кыйынга турууда. Убактылуу өкмөт Орусиядан аскер жардам сурады. "Азаттыктын" бүгүнкү бетме-бет талкуусу Кыргызстан туш келген оор жагдайдан кантип чыгууга арналат.

Талкууга экс-спикер Алмамбет Матубраимов, Кыргызстан элдери ассамблеясынын өзбек маданий борборунун жетекчиси Жалалиддин Салахутдинов катышат.

- “Ачуу – душман, акыл дос” дейт кыргыз. Алмамбет мырза, азыркы шартта эки эл эмне кылышы керек?

Алмамбет Матубраимов:
- Эки элдин ортосуна түшүш керек болчу. Убактылуу өкмөт болсо жагдай көзөмөлдө деп келишти. Алар бир нерсени - элде курал бар экенин эсепке алышкан жок. Эки жактан тең курал колдонуп жатышат. Биз саясий дымактарыбызды басып, өзүнчө бир саясий кеңешме түзүшүбүз керек эле. Жаңжал күчөп кетти. Мына уюлдук телефондордон эмне дегенди гана айтпай атышат, сүрөттөрдү тартып жөнөтүп атышат. Буулуккан элди токтотуу абдан кыйын. Биз, саясатчылар баарын жыйыштырып Ошко баралы дегенбиз. Убактылуу өкмөт болсо үчүнчү күч пайда болду, референдумду өткөрбөй коюунун аракетин көрүп жатат дей баштады. Саясатчылар куралы жок элдин ортосуна түшүп, керек болсо үйүнө чейин кирип чыгалы дегенбиз. Бүгүн эртең менен учуп баралы десек, билет баасы асманга чыгып кетиптир. Билетибиз бар туруп эле учалбай кайра келдик. Баарыбыз биргелешип жаңжалды басууга аракет кылсак жакшы болмок. Жаңжал тереңге кетсе кайра биригүү кыйын болуп калат.

- Жалалиддин мырза, жаңжалды басыш үчүн эки эл эмне кылышы керек?

Жалалиддин Салахутдинов: - Менин азыр үчүнчү күчтү Орусиянын аскерин киргизбесе эртең мененкиге чейин эмне болот айта албайм. Баарын таштап, үйүн таштап 100 миң, 150 миң киши чек ара постунда турушат. Азыр орус аскерин киргизбесе болбойт. Адамдарды жай-жайына коюш керек. Убактылуу өкмөттүн колунан келбей калды. Бүттү.

- Алмамбет мырза, Убактылуу өкмөт сырттан аскерий жардам сурап жатат. Ал келгенге чейин кандай иштер жасалышы керек?

Алмамбет Матубраимов: - Биз бейөкмөт уюмдар менен биригип, чогуу аракеттенели деп чечтик. Анан А.Бекназаровдун чакырыгы жөнүндө айта кетейин. Биздин аскердик каттообуз Коргоо министрлигинде турат. Ошол маалыматты пайдаланып, бардык күчтү пайдаланып, элге кошулуп жаңжалды жөнгө салууга аракет кылышыбыз керек. Анан гуманитардык жардам жагын да ойлонуш зарыл. Көпчүлүгү өрттөнүп кетти. Тамак-аш жетпейт. Биздикилер Орусиядан ОДКБ жагынан жардам сурап кайрылып атышат. ОДКБ азырынча толук куралып бүтө элек. Алардан аскер келип калса кандай иштейт, бирди-жарымы набыт болуп калса кантет? Иши кылып суроолор көп. Алар эки жакка тең тартпашы керек. Азыр кызматты таштап ал жерге барып жаңжалды токтотуш керек, ошого чакырышы зарыл.

- Жалалиддин мырза, сырт күчтөрдүн келишине убакыт керек…

Жалалиддин Салахутдинов: - Кечирип коесуз, азыр аскер кирбесе эртеге чейин шаар эмне болот? Кечээ кечте башталган нерсе канчага созулуп кетти. Азыр эмне дешти да билбей турам. Азыр биринчи кезекте атышууну токтотуш керек. Аскер келип атышууларды токтотпосо аксакалдарбы, башкаларбы, эч кимисинин сөзү өтпөйт.

- Алмамбет мырза, мындай шартта элдик дипломатиянын натыйжасы болушу мүмкүнбү?

Алмамбет Матубраимов: - Элдик дипломатияга да азыр кыйыныраак. Ортого чыгып айтып, ага көнбөсө учактар аркылуу барактар таркатып, токтогула деш керек. Эгер ким токтобосо ага каршы курал колдонулушу керек. Бир-эки окуядан соң тынчтыкка келишибиз мүмкүн. Жоготуу азыраак болушу мүмкүн. Азыр ортого чоң күч салбасак эки жак тирешкен бойдон тура берет. Кандай болсо да аракет жасаш керек деген ойдомун. Анан бул иш боюнча элдик комиссия түзүш керек. Бизде ар кандай окуялар болуп атат. 90-жылдардагы окуя да чечилбей калган. Бир жакты күнөөлүү кылбаш керек. Ким күнөөлүү болсо анын кимдигине карабай жоопко тартылышы керек. Мына 20 жылдан бери бизде эч ким эч кандай жооп бере элек. Текшерүүнүн аягына эч чыга элек. Аксынын жообу деле бериле элек. Мынабу күрт туугандар менен болгон окуя, андан кийин Жалал-Абаддагы, Оштогу окуялар, эч кандай натыйжа чыгарган жокпуз. Римдиктер империя куласа куласын, бирок мыйзам калсын дешет. Күч көрсөтүлбөсө элди токтотуш кыйын. Бирөө бир тууганын жоготту. Бирөө жакынын жоготту.

- Жалалиддин мырза, чатактын чыгышына эмне себеп болду?

Жалалиддин Салахутдинов: - Бул ойлонулган иш болчу. Өзүнөн-өзү мындай окуя болбойт, бул окуя пландаштырылган. Ким болот десек бийлик талашкандар болот дейт элем. Бирөөлөр берилип кеткен бийликти бузса кайтып келет деп ойлошсо керек. Үчүнчү күч бийликти алыш үчүн Кыргызстанда туруктуулукту бузуу аракетин көрүп жатат. Муну бузса бийликке кайрылып келебиз деп ойлоп жатышса керек. Туруктуулукту бузуу аракетинен жакшы натыйжа чыкпагандан кийин кыргыз-өзбек чатагын чыгарып жаман ниетине эми жетишти.

- Алмамбет мырза, чатактын чыгыш себеби тереңдеби?

Алмамбет Матубраимов: - Эми мунун себебин айтыш кыйын. Казино эмес тойдо деле мушташ болуп жүргөн. Бу жаңжал саясатчылардын дымагынан чыгып кеттиби деген ойдомун. Жалал-Абаддагы окуядан соң канча айттык карагыла деп. Жардам берели десек, өзүбүз чечели дешкен. Бул ишке тиешелүүлөрдү кызматына, кадырына карабай жоопко тартсак гана биздин эл эсине келеби деген ойдомун.

- «Бетме-бет» талкуусунун материалы эфирге дарядалып жаткан чакта Убактылуу өкмөт жетекчиси Р.Отунбаеванын билдирүүсү чыкты.

Роза Отунбаева: - Мен бүгүн президент Д.Медведевге кат жолдодум. Өкмөттүн жыйыны болду эле чечтик. Орусияга кайрылдык президент Д.Медведевдин атына. Бизге ушундай жардам берсеңиздер деп. Биз ушундай күчкө муктаж болуп калдык. Күч аракеттерге. Мен сиздерге айтат элем, Ошто ар кандай ушактар көп болуп жатат. Мен айтат элем, биздин бийлик, жергиликтүү бийлик толук иштеп атат.

- Анда ушуну менен талкууну жыйынтыктасак.

XS
SM
MD
LG